Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2016-жылдын 16-январы № 10
токтомуна ылайык кγчγн
жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 16-сентябрындагы № 440
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып
алуудагы чектик суммаларды бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008-жылдын
№302 Токтомунун редакциясында)
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 1-статьясына ылайык, мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу
жана сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Бюджеттик уюмдар, мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн
уюмдар, ошондой эле уставдык капиталы 100,0 млн. сомго
чейин, акцияларынын 51 проценттен кем эмесин мамлекет ээлеген
мамлекеттик ишканалар жана акционердик коомдор учун чектик суммалардын
өлчөмдөрү төмөнкүдөй бекитилсин:
а) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга:
- эњ аз чектик сумма - 500 000 сом;
- эњ көп чектик сумма - 1 500 000 сом;
б) жумуштарды сатып алууга;
- эњ аз чектик сумма- 500 000 сом;
- эњ көп чектик сумма - 2 000 000 сом.
2. уставдык капиталы 100,0 млн. сомдон ашык, акцияларынын 51
проценттен кем эмесин мамлекет ээлеген мамлекеттик ишканаларда жана
акционердик коомдордо чектик суммалардын өлчөмдөрү төмөнкүдөй
бекитилсин:
а) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга:
- эњ аз чектик сумма - 2 000 000 сом;
- эњ көп чектик сумма - 10 000 000 сом.
(Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008-жылдын
№302 Токтомунун редакциясында)
3. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды
ишке ашыруунун тиркелгеп тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилсин.
4. Бюджеттик уюмдар, мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн
уюмдар жана фонддор, мамлекеттик үлүшү акциялардын 51 проценттен кем
эмесин түзгөн мамлекеттик ишканалар жана акционердик коомдор
товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү «Мамлекеттик сатып
алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Тартипке
ылайык сатып алышаары белгиленсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- «Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда чектик суммаларды
бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-
июлундагы № 327 токтомунун 1 жана 2-пункттары;
- «Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда чектик суммаларды
бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-
июлундагы № 327 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-мартындагы № 130 токтому;
- «Кыргыз темир жол башкармалыгы үчүн мамлекеттик сатып алууларды
ишке ашырууда чектик суммаларды жана номенклатуралык тизмени бекитүү
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-сентябрындагы
№ 714 токтому;
- «Жылуулук жана электр энергия чыгаруучу, жиберүүчү жана
бөлүштүрүүчү уюмдар жана «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому үчүн
мамлекетгик сатып алууларды ишке ашыруудагы чектик суммаларды бекитүү
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы
№ 960 токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода
башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов