Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 108 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-январы № 10
Товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ сатып алуудагы босоголук суммаларды бекитγγ жѳнγндѳ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 225 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик сатып алуулар жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекет жана (же) жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары акцияларынын 50 жана андан ашык пайыздарына биргеликте же ѳз-ѳзγнчѳ ээлик кылган мамлекеттик (муниципалдык) мекемелер, ишканалар, акционердик коомдор жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен тγзγлгѳн. 100,0 млн сомго чейинки уставдык капиталы бар башка чарба жγргγзγγчγ субъекттер γчγн товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ сатып алууга жумшалуучу босоголук суммалардын тѳмѳнкγ ѳлчѳмдѳрγ бекитилсин:
- минималдуу босоголук сумма – 1 000 000 сом;
- максималдуу босоголук сумма - 3 000 000 сом.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 225 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекет акцияларынын 50 жана андан ашык пайыздарына ээлик кылган, 100,0 млн сомдон ашык уставдык капиталы бар мамлекеттик (муниципалдык) ишканалар жана акционердик коомдор γчγн товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ сатып алууга жумшалуучу босоголук суммалардын тѳмѳнкγ ѳлчѳмдѳрγ бекитилсин:
- минималдуу босоголук сумма - 3 000 000 сом;
- максималдуу босоголук сумма - 15 000 000 сом.
3. Тѳмѳнкγлѳр кγчγн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2005-жылдын 16-сентябрындагы № 440 "Товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ сатып алуудагы чектик суммаларды бекитγγ жѳнγндѳ" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2008-жылдын 13-июнундагы № 302 "Товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ сатып алуудагы чектик суммаларды бекитγγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2005-жылдын 16-сентябрындагы № 440 токтомуна ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу" токтому.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |