Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН
ЧЕЧИМИ
2006-жылдын 19-январы
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрага Ч.Т.Баекова, Төраганын орун басары А.А.Суталинов, судьялар - П.Н.Дрыжак, А.С.Кененсариев, Ж.Ж.Тогойбаев, К.Э.Эсеналиев жана К.Э.Эсенкановдордун курамында:
соттук жыйналыштын катчысы С.Умаралиевдин, тараптар:
8-июнь 2005-жылдагы ишеним каттын негизинде аракеттенген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Артыкбаев Осмонбек Мамбеткановичтин өкүлү Майчиев Шамарал Юсуповичтин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кол койгон, 20-декабрь 2005-жылдагы ишеним каттын негизинде аракеттенген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Шерикулов Анарбек Суюнкуловичтин, 20-апрель 2005-жылдагы ишеним каттын негизинде аракеттенген, кызыкчылыгы бар тарап "Кыргызпатенттин" өкүлү Усеналиева Назира Сагындыковнанын катышуулары менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 82-статьясынын 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамынын 13-статьясын, "Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамынын 11-статьясын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" 19-февраль 2001-жылдагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 5-пункту жана 7 статьясынын 7 жана 8-бөлүктөрү (31-март 2005-жылдагы редакциясында) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 14-статьясынын 1 жана 2-пункттарына, 15-статьясынын 3-пунктуна, 16-статьясынын 9, 16, 17, 19-пункттарына, 17-статьясынын 1-пунктуна жана 40-статьясына ылайык эмес деп табуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М.Артыкбаевдин сунушун карады.
Судья К.Э.Эсенкановдун баяндамасын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М.Артыкбаевдин өкүлү Ш.Ю.Майчиевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү А.С.Шерикуловдун, "Кыргызпатенттин" өкүлү Н.С.Усеналиеванын сөздөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тапты:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 10-июнь 2005-жылы "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" 19-февраль 2001-жылдагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 5-пункту жана 7-статьясынын 7 жана 8-бөлүктөрү (31-март 2005-жылдагы редакциясында) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 14-статьясынын 1-жана 2-пункттарына, 15-статьясынын 3-пунктуна, 16-статьясынын 9, 16, 17, 19-пункттарына, 17-статьясынын 1-пунктуна жана 40-статьясына ылайык эмес деп табуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М.Артыкбаевдин сунушу келип түшкөн.
Сунушта төмөндөгү жүйөөлөр келтирилген. Аталган Мыйзамдын 5-статьясынын 5-пункту жана 7-статьясынын 7, 8-бөлүктөрү 31-март 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан өзгөртүлүп, патенттик ишеним берилгендерге мамлекеттик тилди өз милдеттерин толук аткарууга керектүү деңгээлде билүү милдети жүктөлгөн жана ошондой эле, алар ар беш жылда бир жолудан кем эмес, интеллектуалдык менчик аймагындагы мамлекеттик орган тарабынан аттестациялоону жүргүзүү иретинде жүргүзүлөөрү белгиленген.
Аталган Мыйзамдын 5-статьясынын 5-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясынын 2-пунктунда аныкталган Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили пайдаланылат жана ушул эле статьянын 4-пунктунда белгиленген, мамлекеттик же расмий тилдерди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол берилбестиги тууралуу жоболорго карама-каршы келет, себеби "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Мыйзамдын 4-статьясы патенттик ишеним берилгендер өз профессионалдык иш-аракеттерин жекече ишкер катары, өз алдынча же юридикалык жакты түзүү менен, ошондой эле жалданып иштөө менен да жүргүзөөрүн, алардын иш-аракети ишкердик аракет деп бекиткен. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-статьясынын 19-пункту бекиткен ар бир адам эмгектенүү эркиндигин, ошондой эмгектенүүгө өз жөндөмүн пайдалануу, кесибин жана ишинин түрүп тандоо укугун, 17-статьянын 1-пункту кепилдеген адам укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же алардын маанисин төмөндөтүүчү мыйзамдар чыгарылууга тийиш эместиги тууралуу жобону, 15-статьясынын 3-пунктунда белгиленген, эч ким улуту, тили... жана диний ынанымдары же жеке коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка жагдайлар боюнча ыдык көрүп, укугу жана эркиндиги кысымга алынбашы тууралу жобону, ар бир адамдын өзүнүн менчигине, өзүнүн интеллекттик, чыгармачылык ишинин натыйжаларына ээлик кылууга, аларды пайдаланууга жана тескөөгө укугун аныктаган 16-статьясынын 17-пунктун, ар бир жаран өзүнүн жарандыгына ылайык укуктарга ээ жана тийиштүү милдеттерди аткарат деп белгилеген 14-статьясынын 1-пунктун, ар бир жаранга жетик юридикалык жардам жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденүүчү укуктарды жана эркиндиктерди коргоону камсыз кылган 40-статьясынын 1-пунктун, ар бир адамга адабий, көркөм, илимий жана техникалык чыгармачылык эркиндиги, интеллекттик менчикти коргоону кепилдикке алган 16-статьясынын 16-пунктун бузат.
"Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Мыйзамдын 7-статьясынын 7, 8-бөлүктөрү патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү кайра аттестациялоо беш жылда бир жолудан кем эмес интеллектуалдык менчик аймагындагы атайын мамлекеттик орган тарабынан аттестациялоону жүргүзүү иретинде жүргүзүлөт деп белгилеген. Ал эми атайын мамлекеттик орган болуп Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентство "Кыргызпатент" эсептелинет. Мыйзамдын 4-статьясы патенттик ишеним берилгендер жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын интеллектуалдык менчик аймагындагы атайын мамлекеттик органдын алдында көрсөтөт жана коргойт деп аныктаган. Демек, патенттик ишеним берилгендер өнөр жай менчик ээлеринин кызыкчылыгын аларды аттестациялоочу, кайра аттестациялоочу органдын аддында оппонент катары коргоого тийиш. Жыйынтыгында Кыргызстандык жана чет өлкөлүк өнөр жай менчик ээлеринин көз карамдысыз жардам алуу укугу жокко эсе болуп калды.
Мындай жагдайда, Мыйзамдын 7-статьясынын 8-бөлүгү адам укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же алардын маанисин төмөндөтүүчү мыйзамдар чыгарылууга тийиш эместигин белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17-статьясынын 1-пунктун, ар бир жаранга жетик юридикалык жардам жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденүүчү укуктарды жана эркиндиктерди коргоо камсыз кылынаарын аныктаган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-статьясына карама-каршы келет, ошондой эле Конституциянын 14-статьясынын 2-пункту кепилдикке алган чет өлкөлүктөрдүн укуктарын бузат.
Соттук жыйналышта депутат О.М.Артыкбаевдин өкүлү Ш.Ю.Майчиев сунушту колдоп, аны канааттандырууну сурайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү А.С.Шерикулов жана "Кыргызпатенттин" өкүлү Н.С.Усеналиева сунуштун жүйөөлөрү менен макул болбостон, аны канааттандырууга жатпайт деп эсептешет.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүн талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, сунуш төмөндөгү негиздер боюнча жарым-жартылай канааттандырылууга жатат деп эсептейт.
"Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндөгү" 19-февраль 2001-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн кесиптик иштерин жекече ишкер катары өз алдынча же юридикалык жакты түзүү менен, ошондой эле жалданып иштөө менен да жүргүзөт. Мындан тышкары, ушул эле Мыйзамдын 12-статьясынын 4-бөлүгүнө ылайык патенттик ишенимдүү өкүл мамлекеттик органда иштеген мезгилинде өзүнүн кесиптик ишин токтотууга милдеттүү.
Ал эми бул иш мамлекеттик кызмат болбогондуктан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык патенттик ишенимдүү өкүл тапшырманы орундатуу боюнча же ушундай эле мазмунда өзү менен келишим түзгөн ар кандай жактын кызыкчылыгын коргоо аркылуу ишин жүргүзөт. Кардар өз кызыкчылыгын корготуу милдетин патенттик ишенимдүү өкүлдү өзү тандоо аркылуу жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 28-статьясынын 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны, бардык түрдөгү жана жагдайдагы эмгегинин корголушуна укуктуу, демек, патенттик ишенимдүү өкүлгө мамлекеттик тилди сөзсүз түрдө билүү милдетинин жүктөлүшү - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясынын 4-пунктунун мамлекеттик же расмий тилдерди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол бербеген талаптарын бузат.
Ошондой эле, мамлекеттик тилди жеке ишкердик жүргүзгөн патенттик ишенимдүү өкүлгө милдеттүү түрдө билүүнү талап кылган мыйзам жобосу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-статьясынын 17-пунктунда белгилеген ар бир адам өзүнүн менчигине, өзүнүн патенттик, чыгармачылык ишинин натыйжаларына ээлик кылууга, аларды пайдаланууга жана тескөөгө болгон укуктарын да бузат.
Аталган Мыйзамдын 7-статьясынын 7-пункту патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү кайрадан аттестациялоо интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан беш жылда кеминде бир жолу аттестациялоо учурундагыдай эле тартипте өткөрүлөөрүн белгилеген.
Жеке ишкердик жүргүзгөн патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн аракетине мезгилдик чектөө коюу менен кайрадан аттестациялоо жүргүзүү талабы, кызыкчылыгын аларга корготууга муктаж болгон жарандардын, юридикалык жактардын жана чет өлкөлүктөрдүн укуктарынын көз карандысыз корголушуна шарт түзбөгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17-статьясынын 1-пунктунда каралган Кыргыз Республикасында адам укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же алардын маанисин төмөндөтүүчү мыйзамдар чыгарылуусуна тыюу салынган жобого карама-каршы келет.
Мындан тышкары, патенттик ишенимдүү өкүл кардарлардын укуктарын жактоону ишке ашыруу мезгилинде ал "Кыргызпатенттин" аракеттерине макул болбостон сотко кайрылууга мажбур болгон учурларда карама-каршы тарап болуп калышы мүмкүн. Ушундай учурларда кайра аттестациялоого байланыштуу иштердин калыс болуусу күмөн туудурат жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн көз карандысыздыгына шек келтирет.
Ал эми, Мыйзамдын 7-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттонун тартиби интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталышы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына карама-каршы келбейт.
Көрсөтүлгөн жагдайларда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндөгү" 19-февраль 2001-жылдагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 5-пункту, 7-статьясынын 7-бөлүгү (31-март 2005-жылдагы редакциясында) Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясынын 4-пунктуна, 16-статьясынын 17-пунктуна,17-статьясынын 1-пунктуна жана 28-статьясынын 1-пунктуна карама-каршы келет деп эсептейт.
Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 82-статьясынын 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамынын 13 жана 14-статьяларын, "Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамынын 10, 11, 13, 14, 24, 25, 29 жана 30-статьяларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту чечти:
1. "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" 19-февраль 2001-жылдагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 5-пункту жана 7-статьясынын 7-бөлүгү (31-март 2005-жылдагы редакциясында) Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясынын 4-пунктуна, 16-статьясынын 17-пунктуна, 17-статьясынын 1-пунктуна жана 28-статьясынын 1-пунктуна карама-каршы келет деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Артыкбаев Осмонбек Мамбеткановичтин сунушу жарым-жартылай канааттандырылсын.
2. "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" 19-февраль 2001-жылдагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 5-пункту жана 7-статьясынын 7-бөлүгү (31-март 2005-жылдагы редакциясында) жокко чыгарылсын.
3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
4. Чечим "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомостторуна", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" жана "Эркин Тоо" гезиттерине жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун секретары |
Ч.Т.Баекова
А.С. Кененсариев |