Редакцияот 12.05.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН                        КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН                                 ЧЕЧИМИ                                   «Кыргыз  Республикасындагы  оюн-зоок  иши  жөнүндө»  Мыйзамдын 11-статьясынын  4  жана  5-пункттарын Конституцияга  ылайык  эмес  жанаКыргыз  Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын  3-пунктуна,16-статьясынын  18  жана  19-пункттарына, 17-статьясынын  1-пунктунажана   22-статьясынын  1-пунктуна  карама-каршы  келет   деп   табуужөнүндөгү  «Мэри-клуб»  жоопкерчилиги  чектелген  коомдун  аткаруучудиректору И.Э.Мамазаированын өтүнүчү боюнча     12-май 2006-жыл                               Бишкек шаары Кыргыз  Республикасынын  Конституциялык  соту:  Төрага  Ч.Т.Баекова,Төраганын   орун  басары  А.А.Суталинов,  судьялар   -   П.Н.Дрыжак,А.С.Кененсариев,       Ж.Ж.Тогойбаев,       К.Э.Эсеналиев       жанаК.Э.Эсенкановдордун курамында,соттук  жыйналыштын  катчысы Ж.М.Абдылдаеванын, тараптар:  18-апрель2006-жылдагы  ишеним  каттын  негизинде  аракеттенишкен  «Мэри-клуб»жоопкерчилиги   чектелген   коомдун   өкүлдөрү,   Инаят    ЭркиновнаМамазаированын жана Абдырахман Исакович Сыдыковдун, 20-апрель  2006-жылдагы  ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз РеспубликасынынЖогорку    Кењешинин   өкүлү   Анарбек   Сүйүнкулович   Шерикуловдункатышуулары  менен,  Кыргыз  Республикасынын  Конституциясынын 82-статьясынын   3-пунктунун   1-пунктчасын,  "Кыргыз   РеспубликасынынКонституциялык  соту  жөнүндө" Мыйзамдын 13-статьясын жана "КыргызРеспубликасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө"  Мыйзамдын  11-статьясын   жетекчиликке  алып,  ачык  соттук   жыйналышта   «КыргызРеспубликасындагы  оюн-зоок  иши жөнүндө»  Мыйзамдын 11-статьясынын4жана   5-пункттарын   Конституцияга   ылайык  эмес жана КыргызРеспубликасынын  Конституциясынын  15-статьясынын  3-пунктуна,  16-статьясынын  18 жана 19-пункттарына, 17-статьясынын 1-пунктуна  жана22-статьясынын  1-пунктуна "карама-каршы келет деп  табуу  жөнүндөгү«Мэри-клуб»  жоопкерчилиги  чектелген  коомдун  аткаруучу  директоруИ.Э.Мамазаированын өтүнүчүн карады.Судья   А.А.Суталиновдун   баяндамасын,  «Мэри-клуб»   жоопкерчилигичектелген   коомдун  өкүлдөрү  И.Э.Мамазаированын,   А.И.Сыдыковдун,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү А.С.Шерикуловдун жанаКыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Финансылык  көзөмөл  жанаотчеттуулук     боюнча     мамлекеттик     агенттиктин     директоруЮ.Ж.Тойчубековдун сөздөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп  чыгып,Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту                                             ТАПТЫ:               Кыргыз  Республикасынын  Конституциялык сотуна  10-апрель  2006-жылы«Кыргыз  Республикасындагы  оюн-зоок  иши  жөнүндө»  Мыйзамдын   11-статьясынын  4  жана  5-пункттарын Конституцияга  ылайык  эмес  жана Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын  3-пунк-туна,16-статья сынын  18  жана  19-пункттарына, 17-статьясынын 1-пун-ктуна жана   22-статьясынын  1-пунктуна  карама-каршы келет деп табуу жөнүндөгү  «Мэри-клуб»  жоопкерчилиги  чектелген  коомдун  аткаруучудиректору И.Э.Мамазаированын өтүнүчү келип түшкөн.Өтүнүчтү   негиздөөгө   төмөндөгү   жүйөөлөр   келтирилет.   «КыргызРеспубликасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамдын 11-статьясынын  4жана  5-пункттарына  ылайык аймактык принциптерди  эске  алуу  мененказинолорду жайгаштырууга квоталар белгиленген же Бишкек шаарында онказино,  Ош  шаарында  үч  казино, Ысыккөл областында  төрт  казино,калган  областтык борборлордо бирден казино жайгаштыруу белгиленген.Аталган Мыйзамдын бул ченемдеринин негизинде, Кыргыз РеспубликасынынКаржы   министрлиги  «Мэри-клуб»  жоопкерчилиги  чектелген   коомдуналдындагы казинолорго лицензия берүүдөн баш тарткан.Ошондуктан, аталган Мыйзамдын 11-статьясынын 4 жана 5-пункт-тары менен белгиленген  квоталар  мыйзам алдында бардык адамдар бир-дей  деген Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын  3-пунктунунталабын   бузат,  анткени  бул  квотаны  аныктоо  менен  «Мэри-клуб»жоопкерчилиги  чектелген  коомун ишкердик менен  алектенүү  укугунанажыратып,   Кыргыз  Республикасынын  Каржы  министрлиги  казинолордуиштетүүгө  лицензия берүүдө тандап мамиле жасады. Мунун  кесепетиненалар  лицензиясыз калып Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-статьясынын  18  жана  19-пункттарына  ылайык  мыйзам   менен   тыюусалынбаган экономикалык эркиндик, экономикалык ар кандай ишмердүүлүкүчүн  өз мүмкүнчүлүктөрүн жана мүлкүн эркин пайдалануу, эркин  иштөөукугунан   ажырады.  Ошондой  эле,  аталган  мыйзам  ченеми   КыргызРеспубликасында  адам  укугун  жана  эркиндигин  жокко  чыгарган  жекемсинткен   мыйзамдар  чыгарылбаш  керек  жана   мыйзамдар   бардыкадамдарга    карата   бирдей   колдонулушу   керек   деген    КыргызРеспубликасынын Конституциясынын 17-статьясынын 1-пунктунун жана 22- статьясынын 1-пунктунун талаптарын бузат.Соттук   жыйналышта  «Мэри-клуб»  жоопкерчилиги  чектелген   коомдунөкүлдөрү  И.Э.Мамазаирова жана А.И.Сыдыков  өтүнүчтү  колдошуп,  аныканааттандырууну сурашат.Кыргыз   Республикасынын  Жогорку  Кењешинин   өкүлү   А.С.Шерикуловөтүнүчтүн  жүйөөлөрү  менен  макул  болду  жана  аны  Конституциянынчегинде чечүүгө жатат деп эсептейт.Кыргыз  Республикасынын  Конституциялык  соту,  иштин  материалдарынкарап  чыгып  жана  тараптардын түшүнүктөрүн угуп, өтүнүч  төмөндөгүнегиздер боюнча канааттандырылууга жатат деп эсептейт.«Кыргыз  Республикасындагы  оюн-зоок  иши  жөнүндө»  Мыйзамдын 11-статьясынын  4-пункту  менен аймактык принципке  негизденип,  КыргызРеспубликасынын   калктуу  конуштарындагы  айрым   администрациялык-аймактык   бирдиктеринде  казинолорду  жайгаштыруунун   гөмөндөгүдөйквоталары  аныкталган-Бишкек шаарында  он  казино,  Ош  шаарында  үчказино,  ал эми Ысыккөл областы үчүн 5-пункту менен квота, областтынреспубликалык маанидеги ден соолукту чыњдоочу жай экенин эске  алып,төртказино аныкталган. Калган областтык борборлордо бирден  казиногоквота аныкталган.Мыйзамдын  ушул  ченемдерине  ылайык  Кыргыз  Республикасынын  Каржыминистрлиги  26-апрель жана 15-сентябрь 2005-жылдагы  каттары  мененБишкек   шаарында   он   казиного  лицензия   берилип   кеткендигинебайланыштуу  «Мэри-клуб»  жоопкерчилиги  чектелген  коомуна   казиноачууга лицензия берүүдөн баш тарткан.Соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылыкжана    отчеттуулук   боюнча   мамлекеттик   агенттиктин   директоруЮ.Ж.Тойчубеков- чынында эле лицензия «Кыргыз Республикасындагы  оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам күчүнө киргенден кийин бир айдын и-чинде эле Кыргыз  Республикасынын Каржы министрлиги  тарабынан   он  казиного берилип,  калган   талапкерлердин  кайрылуулары  канааттан-дырылбаган.Лицензия  берүүнүн  алдында тандоо тендери  же  конкурс  жарыяланганэмес,  анткени  мыйзамдын өзүндө квотаны чектөө шарттары  аныкталбайкалган.  Бүгүнкү күндө миллиондогон киреше алып жаткан казинолор  онжылдык  мөөнөткө алган лицензиясы үчүн 300 сом бир жолу гана төлөсө,ошондой  эле 300 сомду ар бир айда патент үчүн токоч жапкан ишкерлерда  төлөйт.  «Мэри-клуб»  жоопкерчилиги чектелген  коомдун  лицензияалбай  калуусу  менен  анын  конституциялык укуктары  бузулган  депкөрсөттү.Кыргыз Республиканын Конституциясында жана мыйзамдарында казино оюн-зоок  иштерин  уюштуруу жана жургүзүү ишаракеттерине  тыюу  салынганэмес.  Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 21-статьясынын  1  -пунктунда  Кыргыз Республикасынын жарандарына, алардын бирикмелеринеКыргыз  Республикасынын  Конституциясында жана  мыйзамдарында  тыюусалынгандардан,  чектөө  коюлгандардан  башка  бардык  ишаракеттердижүргүзүүгө  уруксат берилет деп көрсөтүлгөн, ал эми  каралып  жатканмыйзам   ченемдери  чектөөнүн  экономикалык  шарттарын  аныктабастанказинолордун  санын  гана  чектеши  Конституциянын бул  талаптарынакарама-каршы келет.Ошондой  эле,  мыйзам тарабынан казино ачууга чектелген  жарандардын белгилуу санына уруксат берилип, калгандарынын мындай мүмкүнчүлүктөнажыратылышы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын 3-пунктунда  Кыргыз  Республикасында  мыйзам  алдында  бардык  адамдарбирдей,  эч  ким коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка шарттар  жанажагдайлар  боюнча ыдык көруп, укугу жана эркиндиги кысымга  алынбайтдеген принципке карама-каршы келет.Мындан  тышкары,  «Кыргыз Республикасындагы  оюн-зоок  иши  жөнүндө»Мыйзамдын 11-статьясынын 4 жана 5 пункттары Кыргыз  РеспубликасынынКонституциясынын 22-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн  жарандардынукуктары   менен   милдеттери   жөнүндөгү   Кыргыз   Республикасынынмыйзамдары бардык жарандарга карата бирдей колдонулууга жана  КыргызРеспубликасынын Конституциясында, жарандарды социалдык жактан коргоомыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, алардын  бирине  да  эчкандай  артыкчылык жана жењилдик берилбөөгө тийиш деген талабына  дакарама-каршы келет.Ошондой эле, аталган мыйзам ченемдери, казинолорду жайгаштыруу саныначектөө  коюу  менен казино ачыш үчүн лицензия алууга  аракет  кылганжарандардын,  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-статьясынын18-пункту  кепилдикке  алган, ар бир адам  экономикалык  эркиндикке,мыйзамда  тыюу  салынбаган ар кандай экономикалык  ишаракеттер  үчүнжөндөмүн жана мүлкүн эркин пайдаланууга болгон конституциялык укугунбузат.Жогорудагылардын     негизинде    жана    Кыргыз     РеспубликасынынКонституциясынын 82-статьясынын 3-пунктунун  1-пунктчасын,  "КыргызРеспубликасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13  жана  14-статьяларын,  "Кыргыз  Республикасынын конституциялык  сот  өндүрүшүжөнүндө"  Мыйзамдын 10, 11, 13, 14, 24, 25, 29 жана  30-статьяларынжетекчиликке алып. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту                                 ЧЕЧТИ:                                   1.  «Кыргыз  Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамдын 11-статьясынын 4 жана 5-пункттары Конституцияга ылайык эмес жана КыргызРеспубликасынын  Конституциясынын 15-статьясынын  3-пунктуна,   21-статьясынын   1-пунктуна  жана  22-статьясынын   1-пунктуна  карама-каршы келет деп табылсын.«Мэри-клуб»     жоопкерчилиги     чектелген     коомдун      өтүнүчүканааттандырылсын.2.«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамдын 11-статьясынын 4 жана 5-пункттарынын аракети жокко чыгарылсын.3.Чечим  акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык  мамлекеттикоргандар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуугатийиш.4.Чечим  "Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомостторуна","Кыргыз  Туусу",  "Слово Кыргызстана" жана "Эркин  Тоо"  гезиттеринежарыялансын.      Кыргыз Республикасынын    Конституциялык сотунун    Торагасы                                Ч.Т.Баекова        Кыргыз Республикасынын    Конституциялык сотунун    Секретары                               А.С.Кененсариев