Бишкек шаары2009-жылдын 23-июну КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик
кодексинин 73-беренесинин4-бөлүгүн жекече даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чыгарылгананыктама даттанууга жатпайт деп көрсөтүлгөн бөлүгүндө Конституциягаылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 13-беренеси-нин 3-пунктуна, 21-беренесинин 5 жана 6-пункттарына, 86-беренесинин3-пунктуна жана 88-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы келет деп табуужөнүндө жарандар Исаков Исмаил Исаковичтин жана Каптагаев Эмилбек Са-ламатовичтин өтүнүчтөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С.К.Сыдыкова,Төраганын орунбасары А.А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров, С.Н.Де-мин, Ч.Ж.Курбанова, Ө.Ж.Мамыров, Ч.А.Мусабекова жана К.Э.Эсенкановдор-дун курамында, соттук жыйналыштын катчысы А.А.Мамбеткадыровдун, тараптар: жаранИсаков Исмаил Исаковичтин, 2009-жылдын 24-апрелиндеги ишеним каттын не-гизинде аракеттенген жаран Каптагаев Эмилбек Саламатовичтин өкүлү -Чолпонбаев Мукар Шалтаковичтин, 2009-жылдын 27-апрелиндеги жана 22-ма-йындагы ишеним каттардын негизинде аракеттенген Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин өкүлү Жусупов Медер Кенешовичтин катышуулары менен,Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесин, "Кыргыз Республи-касынын Конституциялык соту жөнүндө"
Мыйзамдын 13-беренесин жана "Кыр-гыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө"
Мыйзамдын11-беренесин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республи-касынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүн жекечедаттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чыгарылган аныктама даттануугажатпайт деп көрсөтүлгөн бөлүгүндө Конституцияга ылайык эмес жана КыргызРеспубликасынын
Конституциясынын 13-беренесинин 3-пунктуна, 21-берене-синин 5 жана 6-пункттарына, 86-берененин 3-пунктуна жана 88-беренесинин3-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндө жарандар И.И.Исаковдунжана Э.С.Каптагаевдин өтүнүчтөрүн карады. Судья Ч.Ж.Курбанованын баяндамасын, жаран И.И.Исаковдун, жаранЭ.С.Каптагаевдин өкүлү - М.Ш. Чолпонбаевдин жана Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин өкүлү М.К.Жусуповдун сөздөрүн угуп жана иштин матери-алдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тап-ты: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 20-апре-линде жана 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодек-синин 73-беренесинин 4-бөлүгүн жекече даттанууну кароонун жыйынтыктарыбоюнча чыгарылган аныктама даттанууга жатпайт деп көрсөтүлгөн бөлүгүндөКонституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын13-беренесинин 3-пунктуна, 21-беренесинин 5 жана 6-пункттарына, 86-бе-ренесинин 3-пунктуна жана 88-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы келетдеп табуу жөнүндө жаран И.И.Исаковдун өтүнүчү келип түшкөн. 2009-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик ко-дексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн "Жекече даттанууну кароонун жыйын-тыктары боюнча чыгарылган аныктама даттанууга жатпайт" деген ченеминКонституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын13-беренесинин 3-пунктуна, 21-беренесинин 5 жана 6-пункттарына 86-бере-несинин 3-пунктуна жана 88-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы келетдеп табуу жөнүндө жаран Э.С.Каптагаевдин өтүнүчү келип түшкөн. Жогоруда көрсөтүлгөн өтүнүчтөр бирдей талаптарды камтыгандыктанжана өз ара байланыштуу болгондуктан судьянын 2009-жылдын 22-майындагыаныктамасы менен бир конституциялык сот өндүрүшүнө бириктирилген. Талаптарды негиздөөгө төмөндөгүдөй жүйөөлөр келтирилет. Бишкекгарнизондук Аскер сотунун 2009-жылдын 28-мартындагы токтому менен жаранИ.И.Исаковдун жактоочулары А.А.Бекназаровдун жана М.Ш.Чолпонбаевдинсудьядан баш тартуу арызы четке кагылган. Кыргыз Республикасынын Аскерсотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 13-апре-линдеги аныктамасы менен Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун токтомуөзгөртүүсүз калтырылган. Каракол шаардык сотунун 2009-жылдын 16-апре-линдеги токтому менен жаран Э.С.Каптагаевдин адвокаты М.Ш.Чолпонбаевдиниш боюнча төрагалык кылуучудан баш тартуу өтүнүчү четке кагылып, алЫсык-Көл облустук сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузууиштери боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 7-майындагы аныктамасыменен күчүндө калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик ко-дексинин 73-беренесинин 4-пунктунда жекече даттанууну кароонун жыйын-тыктары боюнча чыгарылган аныктама даттанууга жатпайт деп белгиленген.Бул ченем, бардык адамдар мыйзам жана сот алдында бирдейлигин, мыйзам-дар бардык жарандарга бирдей колдонулууга жана сот аркылуу корголуусунакепилдигин Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 13-беренесинин3-пунктунда, 21-беренесинин 5 жана 6-пункттарында, 86-беренесинин3-пунктунда жана 88-беренесинин 3-пунктунда караган конституциялыкукуктарын бузат деп эсептейт. Соттук жыйналышта жаран И.И.Исаков жана жаран Э.С.Каптагаевдинөкүлү - М.Ш.Чолпонбаев өтүнүчтөрдүн талаптарын колдошту жана аларды ка-нааттандырууну сурашты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү М.К.Жусуповөтүнүчтөрдүн жүйөөлөрү менен макул болду. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүнталкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, жарандар И.И.Исаков-дун жана Э.С.Каптагаевдин өтүнүчтөрү төмөнкү негиздер боюнча канааттан-дырылууга жатат деп эсептейт. Берилген материалдарга караганда, жарандар И.И.Исаков жана Э.С.Каптагаев Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик
кодексинин 339-бере-несине ылайык судьялардан баш тартуу өтүнүчтөрүн канааттандыруусуз кал-тыруу жөнүндөгү судьялардын токтомдоруна даттанышкан. Кыргыз Республи-касынын Аскер сотунун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясынын2009-жылдын 13-апрелиндеги жана Ысык-Көл облустук сотунун кылмыш иштерижана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясынын2009-жылдын 7-майындагы аныктамалары менен даттанылган токтомдорөзгөртүүсүз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодек-синин 73-беренесинин 4-пунктунун ченемине ылайык жекече даттанууну ка-роонун жыйынтыктары боюнча чыгарылган аныктама даттанууга жатпагандыгы-на байланыштуу кайрылган тараптар үчүн көрсөтүлгөн соттук аныктамаларгадаттануу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, алар ушул талап менен кайрылыш-кан. Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 15-беренесинин 4-пунктунажана 21-беренесинин 5-пунктуна ылайык ар бир адамга анын эркиндигин жа-на укуктарын соттук коргоого кепилдик берилген жана кандай гана жагдай-ларда болбосун, мындай соттук коргоодон баш тартууга жол берилбейт. Ан-дан тышкары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин1-пунктуна ылайык, жергиликтүү соттордун ишине алардын актыларын кайракароо формасында көзөмөлдүк жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Жогоркусотуна сот процессинин катышуучуларына кайрылуу укугу кепилденген. Та-лашка коюлган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-бе-ренесинин 4-бөлүгүнүн жоболору жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык та-лаптарга жооп бербейт. Судьядан баш тартуу маселеси боюнча токтомдунмыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүнүн мыйзам тарабынан мындайбелгилениши апелляциялык инстанциянын чыгарылган аныктамасы менен чек-телип, аны өзүнчө, ошондой эле өкүмдү чыгаруудан кийин көзөмөл иретиндетекшерүү мүмкүнчүлүгү четке кагылган. Мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси-нин 339-беренесинин 2-бөлүгүндө апелляция эрежеси боюнча даттануугажатпаган, анын ичинде процесстин катышуучуларынын өтүнүчтөрүнө тиешелүүортодогу токтомдорду тизмелеген. Ошону менен бирге, Кыргыз Республика-сынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүндө КыргызРеспубликасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин эрежеси бо-юнча судьядан баш тартуу жөнүндөгү токтомуна өзүнчө даттанууну жанаушул эле даттануу боюнча арыздануунун андан ары мүмкүн эместигин белги-леп мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин339-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ортодогу токтомдордун тизмеси-нен чыгарып салган. Муну менен чыгарылган өкүмдүн же иш боюнча башкажыйынтык чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү менен бир-ге аны соттук текшерүү мүмкүнчүлүгү алынып ташталган. Биринчи инстанци-ядагы соттук сот адилеттигин көз карандысыз ишке ашыруусун камсыз кылуумаксатында соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган судьянын ортодогучечимдеринин, алардын катарына кирген судьянын андан баш тартуужөнүндөгү токтомунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү соттунжогорку инстанциялары тарабынан иш боюнча судья чыгарган өкүмдүн жебашка жыйынтыктоочу чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүменен бир мезгилде ишке ашырууга болот. Мындай жагдайларда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуКыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин4-бөлүгүн жекече даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чыгарылгананыктама даттанууга жатпайт деп көрсөтүлгөн бөлүгүндө Кыргыз Республи-касынын Конституциясынын 15-беренесинин 4-пунктунда жана 21-беренесинин5-пунктунда кепилденген жарандардын, анын ичинде жарандар И.И.Исаковжана Э.С.Каптагаевдин соттук коргоого болгон укугун чектейт. Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-ясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-беренелерин, "КыргызРеспубликасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,13, 14, 23, 24, 25, 29 жана 30-беренелерин жетекчиликке алып, КыргызРеспубликасынын Конституциялык соту чечти: 1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик
кодексинин 73-беренеси-нин 4-бөлүгүн жекече даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чыгарылгананыктама даттанууга жатпайт деп көрсөтүлгөн бөлүгүндө Конституциягаылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 15-беренесинин4-пунктуна, 21-беренесинин 5-пунктуна карама-каршы келет деп табылсынжана анын аракети жокко чыгарылсын. Жарандар Исаков Исмаил Исаковичтин жана Каптагаев Эмилбек Салама-товичтин өтүнүчтөрү канааттандырылсын. 2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүүтүрдө аткарылууга тийиш. 3. Чечим "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосторуна","Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттерине жарыялан-сын. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы С.Сыдыкова Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Секретары О.Мамыров