Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1999-жылдын 7-апрели № 195
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүүнүн маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-февралындагы № 42 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" Указы менен жактырылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүнүн Концепциясын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда материалдык жана кадрдык база түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганынын 10 жылдыгына арналган иш чаралардын тиркелген программасы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана маданият министрлиги:
- "Эне тил ордосу" окуу борборунун окуу жана көрсөтмө куралдарын, техникалык каражаттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик тил жана энциклопедия борборуна өткөрүп берсин;
- республиканын мектептеринде, техникумдарында, окуу жайларында жана жогорку окуу жайларында мамлекеттик тил боюнча бүтүрүү жана кирүү экзамендерин берүүнүн системасын өркүндөтсүн.
3. Областтык, шаардык жана райондук мамлекеттик администрациялардын, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчылары, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор:
- мамлекеттик тилди үйрөнүү жана колдонуу боюнча иштердин уюштурулушун жана координацияланышын өркүндөтүү максатында мурда киргизилген мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкердин жана котормочулардын кызмат орундарын өз каражаттарынын эсебинен сакташсын;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик тилди үгүттөө жана өнүктүрүү үчүн бюджеттик каражаттарды жыл сайын өзүнчө сап менен бөлүүнү караштырышсын;
- иш кагаздарын стандартташтыруу жана адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү үчүн 1999-жылдын экинчи жарымынан баштап 2000-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга иш кагаздарынын мамлекеттик тилдеги үлгүлөрүн (арыздар, протоколдор, бланктар ж.б.) сунушташсын.
- Кыргыз Республикасынын "Реклама жөнүндө" мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы көрнөктөрдүн, рекламалык такталардын, таблолордун жана башка жарыя рекламалардын тексттерин даярдоо боюнча кошумча чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен бирдикте эки айдын ичинде "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдасын жана аны андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешине жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясы:
- мамлекеттик тилдин проблемаларына арналган жума сайынкы туруктуу берүү уюштурсун;
- чет өлкөлөрдүн балдар жана жаштар үчүн Фильмдерин Кыргыз тилине которуу боюнча ишти өркүндөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга телемарафондорду, телеконкурстарды өткөрүүгө көмөктөшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-февралындагы № 42 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү департаментине тапшырылсын.
Премьер-министри |
Б.Силаев |