Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1998-жылдын 20-январы ПЖ №21
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 23-ноябрындагы ПУ № 299 Указынын, 2000-жылдын 20-сентябрындагы ПУ № 268 Указынын, 2001-жылдын 31-январындагы ПУ № 46 Указынын, 2004-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 295 Жарлыгынын, 2005-жылдын 6-июнундагы ПЖ № 221 Жарлыгынын, 2006-жылдын 16-ноябрындагы ПЖ № 559 Жарлыгынын, 2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 365 редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик тилди андан ары өнүктүрүү жана аны мамлекеттин күндөлүк турмушунда колдонуу боюнча бирдиктүү саясатты жүргүзүү, мамлекеттик тил маселелери боюнча мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ишин координациялоо максатында жана Кыргыз Республикасынын граждандарынын көп сандаган сунуштарын жана каалоолорун эске алуу менен токтом кылам:
1. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү концепциясы жактырылсын (тиркелет).
2. (КР Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) 3. (КР Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) 4. (КР Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) 5. (КР Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) 6. (КР Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бир айлык мөөнөттө "1998-жылга республикалык бюджет жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1998-жылдын республикалык бюджетинде мамлекеттик тилдин муктаждыктарына жана аны өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттарды Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондуна өткөрүп берүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- 1999-жылдан тартып мамлекеттик бюджет жөнүндөгү мыйзам долбоорлорунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн каражаттарды карасын;
- эки айлык мөөнөттө ушул Указ менен бекитилген №4 тиркемеге ылайык Улуттук комиссиянын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондун түзүүнүн уюштуруу-материалдык маселелерин чечсин;
8. Областтык жана райондук мамлекеттик администрация, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчылары 1999-жылдан баштап жергиликтүү бюджеттин долбоорлорунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн каражаттарды карасын.
9. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
10. Указ кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Акаев |
| 3-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 21 Указы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-ноябрындагы ПЖ № 559 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Жумагулов Ташбоо - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Рахманбердиевич Мамлекеттик тил боюнча улуттук комис-
сиянын төрагасы;
Ибраимов Азимжан - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Жаманакович Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы;
Өтөбаев Шамшыбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
Тагаевич нистрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана
экспертиза бөлүмүнүн экономикалык жана со-
циалдык экспертиза секторунун башчысы;
Абдиева Марипа - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Төлөмүшевна Аппаратынын социалдык жана маданий
өнүктүрүү башкармасынын начальнигинин орунбасары;
Акматалиев Абдылдажан - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
Амантурович академиясынын "Манас таануу жана көркөм
маданият" улуттук борборунун деректири,
филология илимдеринин доктору, профессор;
Абдесов Нургалый - Бишкек шаарындагы № 66 орто мектептин кыргыз
тили мугалими, Кыргыз Республикасынын
эмгек сиңирген мугалими;
Андашев Дилдебек - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Бектурсунович Мамлекеттик тил боюнча улуттук комис-
сиянын алдындагы Мамлекеттик тил жана
энциклопедия борборунун башкы редакторунун
биринчи орунбасары;
Бакаев Ашырбек - Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ички аскер-
Бакаевич леринин колбашчысы, генерал-майор;
Биялиев Кутманбек - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян
Абакович университетинин кыргыз тили кафедрасынын
башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент;
Дүйшеев Шайлообек - Кыргыз Республикасынын эл акыны, журналист;
Жапарова Бегайым - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Бакасовна Мамлекеттик тил боюнча улуттук комис-
сиянын окуу-усулдук борборунун деректири,
филология илимдеринин кандидаты, доцент;
Жээналиев Мейманжан - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлигинин мамлекеттик тил боюнча ко-
ординатору;
Ибрагимов Сүйүнткан - Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын
Ибрагимович кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор;
Ишекеев Назаркул - Кыргыз Улуттук университеттин филология
Ишекеевич факультетинин деканы, педагогика илимдеринин доктору, профессор;
Кайыпов Марат - Кыргыз Республикасынын Адилет министри
Таштанович (макулдашуу боюнча);
Конкобаев Кадыралы - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
Конкобаевич академиясынын Тил таануу институтунун деректири,
филология илимдеринин кандидаты, доцент;
Култаева Үмүт - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик уни-
Баймуратовна верситетине караштуу Мамлекеттик тил жана
маданият институтунун деректири, филология
илимдеринин кандидаты, доцент;
Кыдыршаев Нурлан - "Кыргыз тили" коомунун президентинин мил-
Токтогулович детин аткаруучу;
Маразыков Турусбек - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук уни-
Сейдакматович верситеттин профессору, филология илимдеринин доктору;
Осмонов Өскөн - Кыргыз Агрардык университеттин профессору,
Жусупбекович тарых илимдеринин доктору;
Өмүралиева Сүйүмкан - Бишкек гуманитардык университеттин профес-
Өмүралиевна сору, филология илимдеринин доктору;
Рысбаев Сулайман - Кыргыз билим берүү академиясынын мамлекеттик
Казыбаевич тил кафедрасынын башчысы, педагогика
илимдеринин доктору;
Саалаев Жедигер - "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору.
Ибраимович
| 4-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 21 Указы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын алдында түзүлүүчү Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун, башка структуралардын кызматкерлерин материалдык- турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу
Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын алдында түзүлүүчү Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору, башка структуралардын жетекчилери эмгек акысынын өлчөмү, социалдык-турмуш-тиричилик жана медициналык жактан камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратындагы структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилерине теңештирилет.
Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын алдында түзүлүүчү Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун, башка структуралардын кызматкерлери - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын жооптуу кызматкерлерине теңештирилет.
2. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондуна Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Премьер-министринин Аппаратынын Иш башкармасындагы автоишканадан жеңил автомобиль бекитип берилет.