Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 токтому менен бекитилген
|
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Баалоо ишмердигин өнүктүрүү боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) ишинин тартибин жана берилген ыйгарым укугун аныктайт.
2. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетине (мындан ары Маммүлкком) караштуу ведомстволор аралык координациялык жана кеңеш берүүчү орган жана баалоонун ченемдик-методикалык камсыздоо иштерин координациялоону жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында баалоо ишмердигин жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясат жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдоо максатында уюшулган.
3. Кеңеш өз ишинде ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
II. Кеңештин негизги иштери
4. Кенеш аткара турган негизги иштер төмөнкүлөр:
- баалоо ишинин маселелери боюнча аткаруучу бийликтин органдарынын, илимий уюмдардын жана иштеп жаткан баалоочулардын өз ара байланышта иштөөсүн камсыз кылуу;
- баалоого жана баалоо ишине, ишкерликтин жана салык салуунун ар кандай жагдайларына тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү;
- баалоо ишинин маселелери боюнча мыйзамдык актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо;
- өз компетенциясынын чегинде ченемдик укук актылардын долбоорлорун Маммүлккомдун кароосуна сунуш кылуу;
- баалоо ишинин маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө демилге көтөрүү;
- баалоочуларды окутуунун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун программаларын жана методикаларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- чет өлкөлүктөрдүн окшош структуралары жана тиешелүү эл аралык уюмдар менен кызматташууну ишке ашыруу;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды, түшүндүрүүлөрдү жана корутундуларды даярдоо;
- айрым ченемдик методикалык документтерди иштеп чыгуу жана экспертиза кылуу үчүн жумушчу топторду түзүү;
- Кеңештин компетенциясына кирген, Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүү боюнча уюштуруу-методикалык иштерде пайда болгон башка маселелерди чечүү.
III. Кеңештин укуктары
5. Кеңеш төмөндөгү ыйгарым укуктарга ээ:
- ченемдик укук актылардын долбоорлорун иштеп чыгып, Кеңеш жактырган долбоорлорду Маммүлкомдун бекитүүсүнө сунуш кылууга;
- аткаруучу бийликтин органдарынан жана уюмдардан баалоо ишинин маселелери боюнча маалыматтарды, документтерди жана материалдарды суроого;
- аткаруучу бийликтин органдарына баалоо ишине контролдук кылууга жана жөнгө салууга тоскоол болгон, ал органдар кабыл алган чечимдерди токтотуу же болбосо жоюу жөнүндө тикеден-тике сунуштар менен кайрылууга;
- зарыл болсо баалоо ишинин маселесине тиешелүү мыйзамдык жана ченем актыларын иштеп чыгууга жана экспертизалоого көз каранды эмес баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын катышуусун камсыз кылууга;
- мүлктүн наркын баалоо жагында тажрыйба алмашуу жана адистерди окутуу максатында эл аралык байланыштарды өнүктүрүүгө;
- баалоо ишин өнүктүрүүнүн жана башкаруунун айрым маселелерин чечүү үчүн убактылуу жана туруктуу жумушчу топторду түзүүгө;
- Кеңештин иштерин аткарууга багытталган башка аракеттерди ишке ашырууга.
IV. Кеңештин курамы
6. Кеңештин курамы баалоо иши жагындагы компетенттүү адамдардан түзүлөт жана Маммүлкомдун буйругу менен бекитилет. Кеңешти Маммүлкомдун төрагасы жетектейт.
7. Кеңештин курамына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, мамлекеттик комиссиялардын, администрациялык ведомстволордун, кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле чет өлкөлүк адистер кирет.
8. Кеңештин мүчөлөрү өз иштерин өндүрүштүк ишин токтотпостон коомдук негизде ишке ашырат.
9. Кеңештин мүчөлөрү өз милдеттерин аткарганда өз кызматтарын ишке ашырууга жана уюштурууга тиешелүү бардык зарыл болгон документтер менен маалыматтарды алууга укуктуу.
10. Кеңеш өз ишин Кеңештин төрагасы бекиткен план боюнча ишке ашырат. Кеңештин заседаниесин зарыл болгон учурда, бирок кварталына бир жолудан кем эмес Кеңештин төрагасы же анын орунбасары өткөрөт.
Кеңештин заседаниеси, ага Кеңештин мүчөлөрүнүн 2/3 катышса өттү деп эсептелинет.
Кеңештин чечими Кеңешке катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана тиешелүү протокол менен таризделип, Кеңештин төрагасы, ал жок болгон учурда орунбасары кол коет. Добуштар бирдей болуп калганда төраганын добушу чечүүчү добуш болот. Кеңештин чечими тиешелүү мамлекеттик органдарга жана кызыкдар өкүлдөргө, көз каранды эмес баалоочуларга (баалоочу уюмдарга) жана алардын коомдук бирикмелерине жөнөтүлөт.
11. Кеңештин Төрагасы Кеңештин ишин жетектейт жана Кеңештин иштеринин тийиштүү аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот. Кеңештин ишинин жылдык жана кварталдык пландарын бекитет.
Кеңештин талкуулоосуна сунуш кылынган проблемаларды изилдөө үчүн Кеңештин чечими менен окумуштуулардан жана адистерден турган убактылуу жумушчу топтор, ошондой эле такай иштөөнү талап кылган айрым функцияларды аткаруу үчүн туруктуу иштөөчү комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
12. Кеңештин Төрагасы, ал жок болгондо анын орунбасары алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кеңештин атынан жиберилүүчү документтерге кол коюуга укуктуу.
13. Кеңештин жумушчу органынын ишин Маммүлкомдун ыйгарым укук берилген бөлүмү ишке ашырат.
14. Кеңештин ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу Маммүлкомдун каражаттарынын, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардардын Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүүгө багытталган максаттуу түшкөн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.