Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2003-жылдын 21-августу № 537
Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622, 2012-жылдын 3-декабрындагы № 807 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында баалоо ишмердигин өнүктүрүү жана жөнгө салуу боюнча ченемдик-методологиялык база түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында баалоо ишмердигин өнүктүрүү жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укук берилген орган деп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622, 2012-жылдын 3-декабрындагы № 807 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелери;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Баалоо ишмердигин өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622, 2012-жылдын 3-декабрындагы № 807 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 807 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 17-мартындагы № 147 "Кыргыз Республикасында мүлктү көз карандысыз баалоочулардын иш-аракеттерин өнүктүрүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-июлундагы № 482 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 4-августундагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу Мүлктүн наркын баалоо боюнча кеңештин курамы жөнүндө" токтому;
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, иивестициялар жана мамлекеттик менчик башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр
| Н.Танаев |