Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 29-майындагы № 288

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2001-жылдын 23-июлу № 367

Мамлекеттик компьютердик тармакта мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеринин Регламентин бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик компьютердик тармакты түзүү жөнүндө" 2001-жылдын 3-майындагы Указына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик компьютердик тармакта мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеринин тиркелген Регламенти (мындан ары - Регламент) бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка аткаруу бийлик органдары Мамлекеттик компьютердик тармактагы иштердин абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бир айлык мөөнөттө отчет беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Мамлекеттик компьютердик тармактын иштешин техникалык жактан камсыз кылуу маселелеринде Регламентти аткарууга алышсын.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Премьер-министри

К.Бакиев