Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 19-октябрындагы N 736,
2011-жылдын 23-августундагы N 479
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жалпы жоболор
1. Бул жобо илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик илимий-техникалык экспертиза уюштуруу жана жүргүзүү тартибин аныктайт. Алар тапшырма же айрым илимий-техникалык долбоорлор катары мамлекеттик илимий-техникалык программалардын курамында республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашырылууга сунуш кылынат.
2. Мамлекеттик илимий-техникалык экспертиза илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин долбоорлорун анализдөө, баалоо жана алар боюнча көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашырууну республикалык бюджет каражатынын эсебинен жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алуу максатында негиздүү бүтүмдөрдү даярдоо боюнча иш-аракеттердин системасы түрүндө болот.
3. Мамлекеттик илимий-техникалык экспертизаны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн мамлекеттик эксперттик кеңештер (мындан ары - Кеңештер) жүргүзөт. Бул экспертизаны жүргүзүүгө келишим (контракт) негизинде жетектөөчү илимий мекемелер, окумуштуулардын коомдук уюмдары, ошондой эле мамлекеттик эксперттер катары айрым жогорку квалификациялуу адистер жана окумуштуулар (алардын ичинде чет элдик) тартылат.
Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен Мамлекеттик экспертизалык кеңеш жөнүндө жобону жетекчиликке алат.
4. Финансы министрлиги жана мамлекеттик башкаруу органы жыл сайын мамлекеттик эксперттердин эмгек акысын төлөөгө жана мамлекеттик илимийтехникалык экспертиза жүргүзүү менен байланышкан башка чыгымдарды жабууга каражат карайт. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү болжолунда мамлекеттик илимий-техникалык программаларды жана айрым илимий-техникалык долбоорлорду аткарууга каралган каражаттар ушул максатка пайдаланылат.
Аталган каражаттарды пайдалануу тартибин мамлекеттик башкаруу органы Финансы министрлигинин макулдугу менен аныктайт.
5. Мамлекеттик илимий-техникалык экспертиза жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды жарым-жартылай жабуу үчүн мамлекеттик илимий-техникалык программага сунушталган же илимий-техникалык долбоору өзүнчө кабыл алынган өтүнүч ээси мамлекеттик башкаруу органына долбоордун болжолдуу баасынын 0,5% өлчөмүндө, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу республиканын жогорку окуу жайларын жана илимий-изилдөө мекемелерин кошпогондо" насыя акы которот. Өтүнүч ээси аталган насыя акыны которуудан баш тарткан учурда сунуш кылынган долбоор каралбашы мүмкүн. Ап тууралу тиешелүү министрлик өтүнүч ээсине билдирүүгө милдеттүү.
Эгерде экспертизанын жана конкурстун жыйынтыктары боюнча киргизилген долбоордун ээлери аны ишке ашыруу үчүн акча каражатын алышса, алдын-ала төлөнгөн насыя акы тиешелүү чыгымдардын суммасына кошулат. Четке кагылган долбоор үчүн төлөнгөн насыя акы кайтарылып берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы N 479 токтомунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик илимий-техникалык экспертизаны
жүргүзүү тартиби
6. Мамлекеттик илимий-техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн тиешелүү мамлекеттик илимий-техникалык программанын же өзүнчө илимий-техникалык долбоорлордун мамлекеттик заказчысы мамлекеттик башкаруу органына сунуш кылынуучу илимий-техникалык долбоорду, ошондой эле ушул заказчы уюштурган алдын ала конкурстук тандоодон өткөн өзүнчө илимий-техникалык долбоорду тапшырат.
7. Мамлекеттик башкаруу органы кеңешке тиешелүү илимий-техникалык багыт боюнча заказчылар сунуш кылган долбоорлорго мамлекеттик илимий-техникалык экспертиза жүргүзүүнү тапшырат. Бул учурда, ар бир долбоорду каржылоо көлөмүнө жана булактарына талдоо жүргүзүлөт, долбоорлорду продукциянын сунуш кылынган өндүрүүчүлөрү менен макулдашуу республикалык бюджеттен каржыланып жаткан бекитилген илимий-техникалык программаларда айрым илимий-техникалык долбоорлорду же тапшырмаларды мүмкүн болгон кайталоодон четтетүү маселелери такталат.
Мамлекеттик илимий-техникалык программанын курамына сунуш кылынган ар бир долбоорго же өзүнчө илимий-техникалык долбоорго экспертиза жүргүзүү үчүн кеңеш тиешелүү илимий-техникалык багыттагы адистерден экиден кем эмес мамлекеттик экспертти тартат.
8. Мамлекеттик эксперттер бүтүм даярдайт. Мында өзүнчө илимий-техникалык долбоорду ишке ашыруунун же аны мамлекеттик илимий-техникалык программанын курамына кошуунун максатка ылайыктуулугу жана анын мамлекеттик башкаруу органы белгилеген талаптарга туура келгени жөнүндөгү бир жактуу натыйжалар камтылышы керек.
Мамлекеттик эксперт колдонулуучу мыйзамдарга ылайык өз учурунда жана сапаттуу экспертиза жүргүзүү жоопкерчилигин өз мойнуна алат.
9. Мамлекеттик эксперттердин илимий-техникалык долбоорду мамлекеттик илимий-техникалык программанын курамына кошуу же өзүнчө илимий-техникалык долбоорлорду ишке ашыруу максатка ылайык экендиги жөнүндөгү бүтүмү кеңештин заседаниесинде каралат.
Долбоорду толук жеткире иштеп чыгуу максатында аны кеңештин заседаниесинде каралаарда кеңештин атайын түзүлгөн секциясынын заседаниесинде алдын ала талкууланышы мүмкүн (кеңештин бир нече мүчөлөрү жана тартылган эксперттер менен).
Долбоор боюнча эки мамлекеттик эксперт терс бүтүм чыгарган учурда ал мамлекеттик кеңештин заседаниесинде каралбайт. Эксперттердин карама-каршылыктуу (оң жана, терс) же оң баасын алган долбоорлор белгиленген тартипте каралат.
10. Кеңештин заседаниеси анын 2/Зден кем эмес мүчөлөрү катышкан учурда укуктуу деп эсептелет.
Каралып жаткан илимий-техникалык долбоор боюнча кеңештин чечими эгер ага катышкан кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү аны жактап добуш берсе кабыл алынды деп эсептелет. Бул учурда долбоордун заказчысы болгон кеңештин мүчөлөрү уюмдун кызматкерлери болсо добуш берүүгө катышпайт.
11. Долбоорлорду мамлекеттик илимий-техникалык экспертизадан өткөрүү мөөнөтү кеңешке келип түшкөн күндөн тартып эки айдан ашпашы керек.
12. Кеңештин төрагасы кол койгон мамлекеттик илимий-техникалык экспертизанын натыйжалары жөнүндөгү бүтүм мамлекеттик башкаруу органына жиберилет. Бул учурда долбоорду экинчи экспертизага жибериши же аны кароо үчүн атайын комиссия түзүшү мүмкүн.
Эксперттердин иштөө тартиптери
13. Мамлекеттик эксперттердин эмгегине акы төлөө тийиштүү кеңештин чечиминин негизинде саатына 40 сом өлчөмүндө мамлекеттик башкаруу органы тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-октябрындагы N 736, 2011-жылдын 23-августундагы N 479 токтомдорунун редакцияларына ылайык)