КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 560 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 1999-жылдын 7-сентябры N 486
Майыптарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасы жөнүндө жана майыптарды реабилитациялоонун жекече программасы жөнүндө жоболорду бекитүү тууралу
"Кыргыз Республикасында майыптарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 3-мартындагы токтомун турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:
- Майыптарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасы жөнүндө жобо;
- Майыптарды реабилитациялоонун жекече программасы жөнүндө жобо.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги Майыптарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасы жөнүндө жана Майыптарды реабилитациялоонун жекече программасы жөнүндө жоболордун ишке ашырылышын жана колдонулушун контролдукту камсыз кылсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| А.Муралиев |