Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-октябры № 560
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасын бекитүү жөнүндө
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоо программасын ишке ашыруу жана мындан ары натыйжалуу координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун жекече программаларын иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана координациялоо тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмөлөрүн бекитсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 7-сентябрындагы № 486 "Майыптарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасы жөнүндө жана майыптарды реабилитациялоонун жекече программасы жөнүндө жоболорду бекитүү тууралу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-июлундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы № 583 "2004-2007-жылдарга майыптарды интеграциялоо жана реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасын жана 2004-2007-жылдарга майыптарды интеграциялоо жана реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |