Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-сентябрындагы № 529 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 281, 2013-жылдын 5-августундагы № 445 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фонду (мындан ары - Фонд) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 1998-жылдын 24-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын 1999-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү тууралуу" № 961-1-15 токтомуна ылайык түзүлүүдө.
2. Фонд Кыргыз Республикасынын аскер бөлүктөрүнүн, мекемелеринин жана аскер комиссарлыктарынын кадимкидей иштешине, алардагы кызматкерлерди өз ишинин натыйжасына материалдык кызыктыруу, аларга анык бир социалдык гарантияларды камсыз кылуу максатында түзүлөт.
II. Фондду түзүү булактары жана тартиби
3. Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фонду Кыргыз Республикасынан аскер комиссариаттарынын алыш-бериш эсебине түшүүчү мамлекеттик чек араларды кайтаруу жана коргоо маселелерин алып баруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине которулуучу 20 пайыз акча каражатын кошпогондо, альтернативалуу кызмат өтөөгө чакырылган жарандардан түшүүчү акча каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен ишканалардын (уюмдардын) ортосунда эки тараптуу негизде түзүлгөн келишимдерге (контракттарга) ылайык продукцияларды кабыл алуу боюнча аткарылган иштер үчүн ишканалар жана уюмдар тарабынан которулуучу акча каражаттарынын эсебинен түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 281, 2013-жылдын 5-августундагы № 445 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Альтернативалуу кызмат өтөөгө чакырылган жарандардан түшкөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен ишканалардын (уюмдардын) ортосунда эки тараптуу негизде түзүлгөн келишимдерге (контракттарга) ылайык продукцияларды кабыл алуу боюнча аткарылган иштер үчүн ишканалар менен уюмдар тарабынан которулуучу акча каражаттары атайын каражаттар боюнча учурдагы эсептерге топтоштурулат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 281, 2013-жылдын 5-августундагы № 445 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Фондду пайдалануу тартиби
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фонду төмөнкүлөргө пайдаланылат жана жумшалат:
- Кыргыз Республикасынын аскер бөлүктөрүнүн, мекемелеринин жана аскер комиссарлыктарынын материалдык-техникалык негизин өнүктүрүү жана чындоо боюнча борбордошкон иш чараларын (автотранспорт, компьютер жана эсептөө техникасын, байланыш каражаттарын, кызматтык жайларды жана кызматкерлер үчүн турак-жай сатып алууга жана курууга, оңдоого) жүргүзүүгө;
- областтык, шаардык жана райондук аскер комиссарлыктарына граждандарды анык аскер кызматына жана атаандаш кызматка чакырууда финансы жардамын берүүгө;
- атаандаш кызмат өтөгөндөрдүн машыгуу жыйындарын, юбилей күндөрүнө байланышкан социалдык-маданий иш чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө, ошондой эле башка мамлекеттерге тажрыйба алмашуу боюнча командировка чыгымдарына;
- окладдарга нормадан тышкары эмгеги жана иштин чымырканган тартиптеги иши үчүн кошуп төлөөгө;
- кызмат маянасына сыйлык үстөктөрүн жана кошумча төлөөлөрдү белгилөөгө, ошондой эле иштин натыйжалары боюнча аскердик өкүлчүлүктөрдүн кызматчыларын сыйлоого;
- аскер кызматчыларына, аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон же оор жаракат алган аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө, Коргоо министрлигинин кызматчыларына, пенсионерлерине жана согуш ардагерлерине эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга, дарылоо жана башка максаттар үчүн материалдык жардам көрсөтүүгө;
- аскер кызматчылары жана кызматкерлер курман болгондо акчалай ордун толтуруунун бир бөлүгүн төлөөгө;
- тамактануусунун жана шаардын, райондун чегинде коомдук транспортто кызмат иштери боюнча жүрүүсүнүн бир бөлүгүн ордун толтуруп төлөөгө;
- аскердик эсепке алуу документтерин даярдоого.
- турак жай сатып алууга, анын ичинде үлүштүк курулушка катышуу жолу менен жеке турак жай курууга зайым (ссуда) берүү. Зайымды (ссудаларды) алуу жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын коргоо министри тарабынан бекитилген Нускама менен аныкталат;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу мамлекеттик ишканаларды, көмөкчү чарбаларды колдоо жана өнүктүрүү максатында финансылык жардам көрсөтүү үчүн зайымдык каражаттарды бөлүү.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 281, 2013-жылдын 5-августундагы № 445 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Фонддон материалдык колдоо, материалдык колдоо тартиби жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги бекиткен Жобого ылайык жүргүзүлөт.
7. Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондунун каражаттары белгиленген тартипте бекитилүүчү кирешелер жана чыгымдар сметаларынын негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)