Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-августу № 445
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Аскер кызматчылардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, аскер кызматчыларын социалдык-укуктук коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "(аскердик эмес)" деген сөздөр алып салынсын;
3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фонду Кыргыз Республикасынан аскер комиссариаттарынын алыш-бериш эсебине түшүүчү мамлекеттик чек араларды кайтаруу жана коргоо маселелерин алып баруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине которулуучу 20 пайыз акча каражатын кошпогондо, альтернативалуу кызмат өтөөгө чакырылган жарандардан түшүүчү акча каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен ишканалардын (уюмдардын) ортосунда эки тараптуу негизде түзүлгөн келишимдерге (контракттарга) ылайык продукцияларды кабыл алуу боюнча аткарылган иштер үчүн ишканалар жана уюмдар тарабынан которулуучу акча каражаттарынын эсебинен түзүлөт.";
- 4-пункттагы "Альтернативалуу (аскерден тышкары) кызматтын кызматчыларынын эмгек акысынан чегерүүлөрдөн" деген сөздөр "альтернативалуу кызмат өтөөгө чакырылган жарандардан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
экинчи абзацы "сатып алууга жана" деген сөздөрдөн кийин "курууга" деген сөз менен толукталсын;
жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- аскер кызматчыларына, аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон же оор жаракат алган аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө, Коргоо министрлигинин кызматчыларына, пенсионерлерине жана согуш ардагерлерине эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга, дарылоо жана башка максаттар үчүн материалдык жардам көрсөтүүгө;";
төмөнкү мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"- турак жай сатып алууга, анын ичинде үлүштүк курулушка катышуу жолу менен жеке турак жай курууга зайым (ссуда) берүү. Зайымды (ссудаларды) алуу жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын коргоо министри тарабынан бекитилген Нускама менен аныкталат;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу мамлекеттик ишканаларды, көмөкчү чарбаларды колдоо жана өнүктүрүү максатында финансылык жардам көрсөтүү үчүн зайымдык каражаттарды бөлүү.";
- 7-пункттагы "чыгымдоо сметаларынын" деген сөздөр "кирешелер жана чыгымдар сметаларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |