КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү1999-жылдын 5-октябры № 539 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" № 108 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-декабрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин аталыштары,өзгөртүп аталышы, географиялык аталыштардын эсепке алынышы жана катта-лышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагыN 108 токтому менен бекитилген Жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 2-пункту алынып ташталуу менен 3-16-пункттары ирети боюнча2-15-пункттар катары эсептелинсин; - 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:"Сунуштарда төмөнкүлөр аталууга тийиш:- обьекттин турган орду; - тийиштүү администрациялык борборго, жакын турган темир жол стан-циясына жана почта бөлүмчөсүнө чейинки аралык; - аталыштын, өзгөртүп атоонун же аталышты жоюунун себептери; - укук белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтер; - калктуу конуш үчүн - калктын саны жана куруу планы."; - экинчи-бешинчи абзацтар ирети боюнча үчүнчү-алтынчы абзацтар ка-тары эсептелинсин; - 11 жана 12-пункттар төмөнкүдөй жазылсын: "11. Аймагы укук белгилөөчү документ менен, ал эми аталышы - мый-зам менен аныкталган калктуу конуштар катталат жана эсепке алынат. Ка-роосуз калган калктуу конуштар эсептен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн токтому менен, ал эми башкалар менен бириктирилген калктуу сунуштар- мыйзамдын негизинде чыгарылат. 12. Администрация-аймак бирдиктеринин жана калктуу конуштардынаталыштарынын катталган өзгөрүүлөрү жана жоюлгандыгы жөнүндөгү маалыматКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктардыкаттоо боюнча мамлекеттик агентство тарабынан Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик статистика комитетине жиберилет". 2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-декабрындагы N760 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 3. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-декабрындагы N760 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 4. "Кыргыз Республикасынын администрация-аймак түзүлүшүнүн маселе-лерин чечүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоо-руна макулдук берилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна жиберилсин. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккөукуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун директору Т.Э.Өмүрали-ев аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининпалаталарында каралып жатканда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмийөкүлү болуп дайындалсын. 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-майындагы "Кыр-гыз Республикасындагы географиялык обьекттердин аталыштары, өзгөртүпаталышы, географиялык аталыштардын эсепке алынышы жана катталышыжөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы "Кыр-гыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" N 108 токтому менен бе-китилген Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө" N 291 токтомдун соњку абзацыкүчүн жоготту деп табылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Муралиев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын администрация-аймак түзүлүшүнүн маселелерин чечүү тартиби жөнүндө 1-статья. Областтарды, райондорду, шаарлардагы райондорду, жергиликтүү өзалдынча башкарууга караштуу аймактарды түзүү жана жоюу, администра-ция-аймак түзүлүштөрүнүн борборлорун белгилөө жана көчүрүү, ошондой элеалардын чектерин белгилөө жана өзгөртүү Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн сунушунун жана тийиштүү жергиликтүү кењештерин өтүнүчүнүн не-гизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан жүргүзүлөт. 2-статья. Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык калктуу конуштар шаарларжана айылдар болуп бөлүнүшөт. 3-статья. Республикага, областка, районго караштуу шаарлар жана шаартүрүндөгү поселкалар шаар айыл конуштары болуп саналышат, Калган калк-туу конуштар айылдарга кирет. 4-статья. Калктуу конуштардын тийиштүү категорияларга киргизилиши, шаарлар-дын жана шаар түрүндөгү поселкалардын чектерин белгилөө жана өзгөртүү,ошондой эле администрация-аймак түзүлүштөрүн бириктирүү жана алардынкараштуулугун өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушунун жанатийиштүү жергиликтүү кењештерин өтүнүчүнүн негизинде Кыргыз Республика-сынын мыйзамы тарабынан жүргүзүлөт. 5-статья. Калкынын саны 300 мињден кем болбогон, өнүккөн өнөр жайлуу, шаарчарбасынын бардык бөлүктөрү өнүккөн инфраструктурасы бар жана республи-калык маанидеги экономикалык жана маданий борборлор болуп саналган,Кыргыз Республикасынын республикалык бийлик органдары тарабынан жетек-чилик кылуу максатка ылайык болгон калктуу конуштар республикага караш-туу шаарлардын категориясына кириши мүмкүн. 6-статья. Калкынын саны 30 мињ адамдан кем болбогон, өнөр жай жана транспорттүйүндөрү болуп саналган, жетишээрлик коммуналдык чарбасы бар жанаөнүккөн экономикалык жана маданий борборлор болуп саналган, Кыргыз Рес-публикасынын областтык бийлик органдары тарабынан жетекчилик кылуу мак-сатка ылайык болгон калктуу конуштар областка караштуу шаарлардын кате-гориясына кириши мүмкүн. 7-статья. Өнөр жай ишканалары, коммуналдык чарбасы, өнүккөн окуу, мада-ний-агартуу, дарылоо жана соода мекемелери бар, калкынын саны 10 мињадамдан кем болбогон калктуу конуштар районго караштуу шаарлардын кате-гориясына кириши мүмкүн. 8-статья. Аймагында экономикалык маанилүү обьекттер (өнөр жай ишканалары,курулуштар, темир жол станциялары жана башкалар) жайгашкан, ошондой эледарылоо мааниси бар жерлерде турган, эгерде көрктөндүрүүдө анык бирдењгээлге жетишсе, калкынын саны эки мињден кем болбогон калктуу конуш-тар шаар түрүндөгү поселкалардын категориясына кириши мүмкүн. 9-статья. Калкынын саны аз, бирок экономикалык жана маданий борборлор болупсаналган жана келечекте андан ары экономикалык өнүгүү жана калкынын са-нынын өсүш мүмкүнчүлүктөрү бар калктуу конуштар айрым учурларда ти-йиштүү караштуулуктагы шаарлардын же шаар түрүндөгү поселкалардын кате-гориясына киргизилиши мүмкүн. 10-статья. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1981-жылдын 22-сентяб-рындагы "Кыргыз ССРинин администрациялык-аймактык түзүлүш маселелеринчечүү тартиби жөнүндө" N 1808-Х Указы (Кыргыз ССР Жогорку Советинин ве-домосттору, 1981-жыл, N5 18,151-ст.) күчүн жоготту деп табылсын. 11-статья. Бул Мыйзам ал расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирсин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укук актыларынушул Мыйзамга ылайыктасын. Кыргыз Республикасынын Президенти