КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 248 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 22-декабры № 706 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы № 610 "Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык жана үн сигналдарын, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларды орнотуунун жана колдонуунун тартиби, ошондой эле айырмалоочу белгилердин, жазуулардын, атайын жана жарык сигналдардын нускамасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-декабрындагы № 706 токтомунун редакциясына ылайык) Банк чөйрөсүндөгү уюмдардын иштериндеги тоскоолдуктарды жоюу мак-сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы №610 "Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарыкжана үн сигналдарын, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларды орнотуу-нун жана колдонуунун тартиби, ошондой эле айырмалоочу белгилердин, жа-зуулардын, атайын жана жарык сигналдардын нускамасын бекитүү жөнүндө"токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: - токтомдун мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкүдөй редакцияда ба-яндалсын: "Атайын арналыштагы автомобилдерге жана мотоциклдерге атайынүн жана жарык сигналдарын орнотуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндөжобону, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларга, айырмалоочу белгилер-ге, жазууларга, атайын жана үн сигналдарга стандарттарды бекитүүжөнүндө"; - аталган токтом менен бекитилген Атайын арналыштагы автомобилдер-ге жана мотоциклдерге атайын үн жана жарык сигналдарын орнотуунун жанаколдонуунун тартиби жөнүндө жободо: Жобонун аталышындагы "аларды" деген сөз алып салынсын; - аталган токтом менен бекитилген Түстүү-графикалык схемаларга,айырмалоочу белгилерге, жазууларга, атайын жана үн сигналдарга стан-дарттарда: 1-таблицада: - "Түшкөн акчаны инкассациялоо жана баалуу жүктөрдү ташуу" дегенпозиция "Түшкөн акчаны инкассациялоо жана баалуу жүктөрдү ташуу(3)" де-ген позицияга алмаштырылсын; - "авариялык кызматтардын" деген сөздөрдөн кийинки "(3)" сноска ",ошондой эле жасаган заводдо акча жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн арнал-ган атайын инкассациялык машиналар" сөздөр менен толукталсын. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдарбөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов