КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 248 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 22-декабры № 706 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы № 610 "Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык жана үн сигналдарын, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларды орнотуунун жана колдонуунун тартиби, ошондой эле айырмалоочу белгилердин, жазуулардын, атайын жана жарык сигналдардын нускамасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Банк чөйрөсүндөгү уюмдардын иштериндеги тоскоолдуктарды жоюу мак-сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы №610 "Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарыкжана үн сигналдарын, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларды орнотуу-нун жана колдонуунун тартиби, ошондой эле айырмалоочу белгилердин, жа-зуулардын, атайын жана жарык сигналдардын нускамасын бекитүү жөнүндө"
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: - токтомдун мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкүдөй редакцияда ба-яндалсын: "Атайын арналыштагы автомобилдерге жана мотоциклдерге атайынүн жана жарык сигналдарын орнотуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндөжобону, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларга, айырмалоочу белгилер-ге, жазууларга, атайын жана үн сигналдарга стандарттарды бекитүүжөнүндө"; - аталган токтом менен бекитилген Атайын арналыштагы автомобилдер-ге жана мотоциклдерге атайын үн жана жарык сигналдарын орнотуунун жанаколдонуунун тартиби жөнүндө
жободо: Жобонун аталышындагы "аларды" деген сөз алып салынсын; - аталган
токтом менен бекитилген Түстүү-графикалык схемаларга,айырмалоочу белгилерге, жазууларга, атайын жана үн сигналдарга стан-дарттарда: 1-таблицада: - "Түшкөн акчаны инкассациялоо жана баалуу жүктөрдү ташуу" дегенпозиция "Түшкөн акчаны инкассациялоо жана баалуу жүктөрдү ташуу(3)" де-ген позицияга алмаштырылсын; - "авариялык кызматтардын" деген сөздөрдөн кийинки "(3)" сноска ",ошондой эле жасаган заводдо акча жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн арнал-ган атайын инкассациялык машиналар" сөздөр менен толукталсын. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдарбөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов