Загрузка документа…
КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ 119 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
№ 1 тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 268 Указы менен бекитилген |
2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик тилин өнүктүрүүнүн программасы
Кыргыз Республикасында "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндөгү" Мыйзамына (1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган) жана колдонуудагы Конституцияга (5-ст.) ылайык мамлекеттик тил - калктын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн жергиликтүү улуттун жана зор маданий дөөлөттөр жаратылган кыргыз тили болуп эсептелет.
"Мамлекеттик тил жөнүндөгү" Мыйзамдын кабыл алынышы менен кыргыз тилинин мындан аркы өнүгүшүнө зор салым жасалды, кыргыз элинин улуттук аң-сезиминин өсүшүнө, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө, башка калктардын арасында мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө болду.
"Мамлекеттик тил жөнүндөгү" Мыйзамды ишке ашыруу максатын көздөө менен ал кабыл алынгандын алгачкы жылдары республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден кыйла каражаттар бөлүнгөн. Мамлекеттик администрациялык органдарда тийиштүү бөлүмдөр түзүлүп, мекеме, уюм, ишканаларда кызмат орундары киргизилип, эмгек жамааттары тарабынан мамлекеттик тилди үйрөнүү күчөгөн. Кыргыз тилин окуткан мугалимдерге айлык акысына 15% үстөк акы төлөнгөн. Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнүн маселелери жалпыга маалымдоо каражаттарында дайыма чагылдырылып турган.
Бирок, убакыт өткөн сайын мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө карата бөлүнүүчү каражаттар азайып, бөлүмдөр жана кызмат орундары кыскартылган. Борборлоштурулган координациялоочу жана пландуу иштин жоктугу тил курулушунун маселелеринин өз бетинче калышына өбөлгө түзгөн.
Мындай кубулуштардын орун алышынын негизги себептери катары төмөнкүлөрдү атоого болот: республиканын экономикалык абалынын оордугу; мамлекеттик тилдин өнүгүшүнүн стратегиясынын туура эмес тандалып алынышынан улам бөлүнгөн каражаттардын максатка ылайыксыз пайдаланылышы, башкача айтканда, каражаттар топтолуп мамлекеттик тилдин өнүгүшүнүн пайдубалын түптөбөстөн, башка тилди алып жүрүүчүлөрдү окутууга жумшалган; мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө бөлүнгөн каражаттардын борборлоштуруп бөлүнбөгөндүгү жана алардын пайдаланылышы тууралу конкреттүү маалыматтардын жоктугу; Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга карата атуулдук мамиленин жана тийиштүү контролдоочу органдын жоктугу жана башкалар.
Буга байланыштуу 1998-жылдын 20-январында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин мындан аркы өнүгүшү жөнүндөгү" № 21 Указы кабыл алынган жана ага ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин өнүгүшүнүн концепциясы кабыл алынып, анын стратегиясы жана өнүгүү артыкчылыктары аныкталган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия түзүлгөн (мындан ары Улуттук комиссия).
Улуттук комиссиянын түзүлүшү менен "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" Мыйзамдын аткарылышында олуттуу жылыштар байкалды, кандайдыр-бир деңгээлде каржылоо көбөйдү, бюджеттен тышкаркы каражаттар тартылды, конкреттүү иш-чаралар планы иштелип чыгып, жүзөгө ашырылууга даярдалууда.
Ошону менен бирге кечиктирилбестен чечиле турган бир катар маселелер бар:
- колубузда бардык шарттардын болушуна карабастан Президенттин Администрациясынын, Өкмөттүн Аппаратынын, министрликтердин жыйналыштары, Жогорку Кеңештин талкуулары, пресс-конференциялар жана башкалар мамлекеттик тилде өткөрүлбөйт;
- мыйзамдар, токтомдор, буйруктар ж. б. орус тилинде даярдалып, кыргыз тилинде котормосу гана тиркелет; кыргыз тилине которулган документтер котормочу тарабынан гана каралып, башка адамдар аны карабайт жана кол коюлбайт; кыргыз тилдүү калк басымдуу кылган область, райондордо ушуга чейин иш жүргүзүү кагаздары, эреже катары, орус тилинде жазылат;
- рекламалык иштерди жүргүзүүдө мамлекеттик тил жол берилгис түрдө одоно бузулат, көп варианттуу диалекттерге жол берилет; өзгөчө Бишкек шаарында маселенин өтө курч экендигине карабастан, кабыл алынган "Реклама жөнүндөгү" жана "Бишкек шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамдарда бул маселелерге Улуттук комиссиянын кийлигишүүсү каралган эмес;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан аркы өнүктүрүү жөнүндөгү" Указдын (1998-жылдын 20-январы) 4-пунктунда "Эгерде мыйзамдарда башка каралбаса, Улуттук комиссиянын мамлекеттик тилди колдонууга жана өнүктүрүүгө тиешелүү чечимдерин Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары, уюмдары жана жалпыга маалымдоо каражаттары аткарууга милдеттүү" деп белгиленгендигине карабастан, Улуттук комиссия тарабынан иштелип чыккан терминдер мамлекеттик органдар тарабынан көбүнесе элес алынбайт;
- Улуттук комиссия окуу китептеринин даярдалышына жана алардын өркүндөтүлүшүнө карата контролду жетиштүү өлчөмдө жүргүзбөйт.
Тийиштүү мыйзам базасынын жоктугу, "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" Мыйзамдын ишке ашырылышындагы кемчиликтерди четтетүүнүн кечиктирилгис милдеттери мамлекеттик тилдин узак мезгилдеги өнүгүшүнүн комплекстүү Программасын (мындан ары - Программа) иштеп чыгуу зарылчылыгын пайда кылды.
Бул Программа Мамлекеттик тилдин 2000-2010-жылдардагы өнүгүшүнүн артыкчылыктуу багыттарынын жана стратегиясынын концепциясын эске алуу менен иштелип чыкты.
Программанын максаты - мамлекеттик тилдин деңгээлин өзүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарышын камсыз кылуучу деңгээлге көтөрүү. Мында негизги көңүл кыргыз тилинин ички дараметин пайдаланылышы жана анын коомдук иш-аракеттердин бардык чөйрөсүндө кеңири колдонулушу боюнча иш-чараларга бурулду. Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнүн эки баскычка топтолгон он негизги багыттары аныкталды.
Биринчи баскыч - 2000-2005-жылдарга. Бул этапта мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана пайдалануунун негизги базасын чыңдоо ишке ашырылат, башкача айтканда мамлекеттик тилдин улуттук негиздерине дем берүү, азыркы талаптарга жооп берүүчү окуу китептеринин жаңы муунун түзүүнүн жана мамлекеттик тилди окутуу методикасынын системасын калыптандыруу, кыргыз тилинде иш жүзгүзүүнү жана терминдерди унификациялоо, котормолордун сапатын жакшыртуу, илимий изилдөөлөрдө мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча иш-чаралар комплекси көрүлөт.
Программаны ишке ашыруунун бул баскычында бардык областтарда жана Бишкек шаарында иш кагаздарын жүргүзүүнү (анын ичинде буйрук, токтомдорду ж.б.) мамлекеттик тилге которуу белгиленген.
Экинчи баскыч - 2006-2010-жылдар. Биринчи баскычтын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү - мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн мезгилдин талабына жооп берүүчү технологияларын жайылтуу, окуу китептерин жакшыртуу, илим тармактары боюнча терминдерди бекитүү, расмий котормочулук ишти кесиптик деңгээлге көтөрүү, иш кагаздарын жана бланктарды унификациялоо, башка улуттун өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөтүүнү ургаалдаштыруу жана мезгил талабына жараша башка комплекстүү иш-чараларды өткөрүүнү камтыйт.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн негизги багыттары
1. Мамлекеттик тилдин конституциялык статусун жогорулатуу. Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнүн укуктук негизин чыңдоо, аларды тийиштүү мыйзамдарда чагылдыруу.
2. Окуу предмети катары мамлекеттик тилди окутууну өркүндөтүү жана башка окуу сабактарын мамлекеттик тилде окутуу.
3. Мамлекеттик тилде окуу китептеринин бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык келген жаңы муундарын иштеп чыгуу жана басып чыгаруу.
4. Мамлекеттик тилде жүргүзүлүүчү илимий изилдөөлөргө дем берүү.
5. Терминологияны өнүктүрүү. Терминологиялык сөздүктөрдү (тармактык) басып чыгаруу.
6. Иш жүргүзүүнү мамлекеттик тилге которуу.
7. Котормо материалдарынын сапатын жогорулатуу котормочуларды даярдоо.
8. Мамлекеттик тилди пропагандалоо, эне тилге кызыгууну жана аны сыйлоону өркүндөтүү боюнча методикаларды иштеп чыгуу.
9. Жарандык коомду курууда мамлекеттик тилдин ролун көтөрүү.
10. Мамлекеттик тилде жарыкка чыгуучу басылмаларды колдоого алуу.
I. Мамлекеттик тилдин конституциялык
статусун көтөрүү. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн
укуктук негиздерин бекемдөө, анын тийиштүү
мыйзамдарда чагылдырылышы
-----------------------------------------------------------------------
|к-р| Иш-чаралар |Аткаруу мөөнөтү| Аткаруучулар |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|1. |"Мамлекеттик тил жөнүндөгү" Кыр-|2000-жылдын | Улуттук |
| |гыз Республикасынын Мыйзамына|үчүнчү кварталы| комиссия |
| |өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Мый-| | |
| |зам долбоорун даярдоо жана аны| | |
| |Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн| | |
| |КРнын Өкмөтүнө берүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|2. |Кыргыз Республикасынын мамлекет-| 2000-жылдын | Улуттук |
| |тик тил жөнүндөгү нормативдик|декабрына чейин| комиссия |
| |укуктук актыларынын жыйнагын да-| | |
| |ярдоо жана басып чыгаруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|3. |"Кыргыз Республикасынын мамлекет-| 2001-жылдын | Өкмөт, |
| |тик тили жөнүндөгү" Мыйзамын| ичинде | Улуттук |
| |жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун| | комиссия |
| |иштеп чыгуу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|4. |Бардык министрликтерде, мамлекет-| дайыма | Өкмөт, |
| |тик комитеттерде, администрация-| | Улуттук |
| |лык ведомстволордо, башка мамле-| | комиссия, |
| |кеттик органдарда, мекемелерде,| | мамлекеттик |
| |окуу жайларында иш кагаздарын| | органардын |
| |мамлекеттик тилде жүргүзүү, кыз-| | жетекчилери |
| |маткерлерге мамлекеттик тилди| | |
| |үйрөтүү боюнча иш-чараларды иштеп| | |
| |чыгуу жана аны ишке ашыруу| | |
| |мөөнөтүн аныктоо | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|5. |Бардык деңгээлдеги жетекчилер жа-| 2000-2003-жыл-| Улуттук |
| |на кызматкерлер ишинин| дары | комиссия, |
| |өзгөчөлүгүнө жараша билүүгө тийиш| | Өкмөт |
| |болгон тил минимумун аныктоо. Ти-| | |
| |йиштүү окуу куралдарынын басып| | |
| |чыгарылышын камсыз кылуу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|6. |Иши калк менен алакаларга кирүүгө| 2001-жылдан | Улуттук |
| |байланыштуу мамлекеттик бийлик,| баштап | комиссия, |
| |башкаруу жана өз алдынча башкаруу| | Өкмөт |
| |органдарынын жетекчилеринин,| | |
| |ошондой эле кызматкерлердин мам-| | |
| |лекеттик тилди билишин жана| | |
| |өздөштүрүшүн мезгил-мезгили менен| | |
| |аттестациялоо боюнча жобону иштеп| | |
| |чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|7. |Кыргыз Республикасы тарабынан| дайыма |Президентин Ад-|
| |жүргүзүлүүчү эл аралык| |министрациясы, |
| |сүйлөшүүлөрдүн жана жолугушуулар-| |Өкмөттүн Аппа-|
| |дын мамлекеттик тилде өткөрүлүшү| |раты, Улуттук|
| |үчүн зарыл шарттарды түзүү, ошон-| |комиссия |
| |дой эле Кыргыз Республикасы тара-| | |
| |бынан даярдалып жаткан документ-| | |
| |терди мамлекеттик тилде жазуу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|8. |Окуу жайларына лицензия берүүнүн|2001-жылдын ян-| Өкмөт, |
| |талаптарын аларда мамлекеттик|варына чейин | Улуттук |
| |тилди жана башка сабактарды мам-| | комиссия |
| |лекеттик тилде окутуунун шартта-| | |
| |рын белгилөө жана Улуттук комис-| | |
| |сиянын макулдугун алуу боюнча| | |
| |өзгөртүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|9. |Кыргыз тилинин грамматикасынын|2000-жылдын | Улуттук |
| |жаңы редакциясынын актысынын дол-|үчүнчү кварталы| комиссия |
| |боорун иштеп чыгуу жана аны Пре-| | |
| |зиденттин Администрациясынын ка-| | |
| |роосуна киргизүү | | |
-----------------------------------------------------------------------
II. Окуу предмети катары мамлекеттик
тилди окутууну өркүндөтүү жана башка
сабактарды мамлекеттик тилде окутуу
-----------------------------------------------------------------------
| 1 | 2 | 3 | 4 |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|1. |Мамлекеттик тил боюнча окутуучу-| 2001-жылдан | БИжММ, |
| |ларды даярдоонун сапатына конт-| тартып | Улуттук |
| |ролду ишке ашыруу | | комиссия |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|2. |Кыргыз тилин латын графикасы ме-| 2000-жылдын | БИжММ, |
| |нен окутуу программасын иштеп чы-| сентябрынан | Улуттук |
| |гуу, зарылчылыгына жараша аны| тартып | комиссия |
| |мектептерде, атайын орто жана жо-| | |
| |горку окуу жайларында, квалифика-| | |
| |цияны жогорулатуу жана кайрадан| | |
| |даярдоо курстарында киргизүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|3. |Республикалык газеталардын ("Кут-| дайыма |Улуттук комис-|
| |билим", "Эркин Тоо", "Кыргыз Туу-| |сия, "Кутби-|
| |су") беттеринде латын графикасын| |лим", "Эркин|
| |үйрөнүү үчүн тилкелерди бөлүү | |Тоо", "Кыргыз|
| | | |Туусу" газета-|
| | | |ларынын редак-|
| | | |циялары |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|4. |Бардык деңгээлдеги окуу жайларына| 2001-жылдан | Улуттук |
| |кирүүдө жана бүтүрүүдө мамлекет-| тартып | комиссия, |
| |тик тилден экзамен берүү тажрыйа-| | Өкмөт |
| |сын киргизүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|5. |Аймактарда жана республикалык| дайыма | БИжММ, |
| |деңгээлде окуу предмети катары| | Улуттук |
| |мамлекеттик тилди жана башка са-| | комиссия |
| |бактарды мамлекеттик тилде окутуу| | |
| |боюнча илимий-практикалык конфе-| | |
| |ренцияларды жана семинарларды| | |
| |өткөрүү. Алардын материалдарын| | |
| |басып чыгаруу жана таркатуу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|6. |Адабий тил жана окуу предмети ка-| 2002-жылга | БИжММ, |
| |тары Мамлекеттик тилди окуу кон-| чейин | Улуттук |
| |цепциясын иштеп чыгуу жана КРнын| | комиссия |
| |Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|7. |Жогорку окуу жайларынын багыты| 2002-жылдын |БИжММ, Улуттук|
| |боюнча мамлекеттик тилди| сентябрынан |комиссиясы, |
| |өнүктүрүү маселелерин чечүү боюн-| баштап |ЖОЖдор, акаде-|
| |ча илимий-методикалык бирикмелер-| |миялар |
| |ди уюштуруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|8. |Окутуу мамлекеттик тилде| дайыма | БИжММ, |
| |жүргүзүлгөн бала бакчаларда, мек-| | Улуттук |
| |тептерде, атайын орто жана жогор-| | комиссия |
| |ку окуу жайларында, квалификация-| | |
| |ны жогорулатуу жана кайрадан да-| | |
| |ярдоо курстарында мамлекеттик| | |
| |тилде сабак берүүнүн сапатын| | |
| |контролдоо | | |
-----------------------------------------------------------------------
III. Бүгүнкү күндүн талаптарына жооп
берүүчү мамлекеттик тилдеги окуу куралдарынын
жаңы муунун иштеп чыгуу жана басып чыгаруу
-----------------------------------------------------------------------
|1. |Балдар мекемелеринде жана бардык| 2001-жылдан | БИжММ, |
| |окуу жайларында кыргыз тили жана| тартып | Улуттук |
| |адабияты боюнча окуу программала-| | комиссия |
| |рынын, кыргыз тилиндеги дидакти-| | |
| |калык окуу куралдарынын, кошумча| | |
| |аудио-, көрмө материалдардын көп| | |
| |варианттуулугуна жана альтернати-| | |
| |валуулугуна жетишүү. Аларды кон-| | |
| |курстук жана тендердик негизде| | |
| |иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|2. |Мыкты окуу программаларынын, окуу| дайыма | БИжММ, |
| |китептеринин жана куралдарынын| | Улуттук |
| |авторлорун материалдык жана мо-| | комиссия |
| |ралдык жагынан колдоо тутумун| | |
| |өнүктүрүү, автордук укукту коргоо| | |
| |боюнча контролду ишке ашыруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|3. |Мамлекеттик тил жана окутуу мам-| дайыма | БИжММ, |
| |лекеттик тилде жүргүзүлгөн сабак-| | Улуттук |
| |тар боюнча окуу китептерин, ку-| | комиссия, |
| |ралдарын, окуу программаларын иш-| | ЖОЖдор |
| |теп чыгуу, рецензиялоо жана басып| | |
| |чыгаруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|4. |Илимий көз караштан алганда мам-| 2001-жылдан | УИА, Улуттук |
| |лекеттик тилдин өнүгүү негизин| тартып | комиссия, |
| |аныктаган төмөнкүдөй окуу курал-| | БИжММ |
| |дарын чыгаруу: | | |
| |а) Кыргыз тилинин академиялык| | |
| |грамматикасы, 2 томдук; | | |
| |б) Кыргыз тилинин орфографиялык| | |
| |сөздүгү; | | |
| |в) Кыргыз тилинин орфоэпиялык| | |
| |сөздүгү; | | |
| |г) Кыргыз тилинин салыштырма-| | |
| |луу-тарыхый грамматикасы (фонети-| | |
| |ка, лексика, морфология, синтак-| | |
| |сис); | | |
| |д) Азыркы кыргыз тилинин сүйлөө| | |
| |маданияты, 2 томдук; | | |
| |е) Кыргыз тилинин диалектология-| | |
| |лык атласы; | | |
| |ж) Кыргыз тилинин түшүндүрмө| | |
| |сөздүгү (бир томдук); | | |
| |з) Кыргыз тилинин фразеологиялык| | |
| |сөздүгү; | | |
| |и) Кыргыз тилинин топонимикасы| | |
| |жана ономастикасы; | | |
| |к) Кыргыз тилинин фунционалдык| | |
| |жана структуралык стилистикасы; | | |
| |л) Кыргыз тилинде иш жүргүзүү ж.| | |
| |б. | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|5. |Кыргыз Республикасынын аймагында| дайыма | БИжММ, |
| |жашаган өзбектер, тажиктер, дун-| | Улуттук |
| |гандар, уйгурлар, казактар ж. б.| | комиссия, |
| |калктар үчүн кыргыз тили жана| | Улуттук |
| |адабияты боюнча адабий хрестома-| | маданий |
| |тияларды, окуу куралдарын жана| | борборлор |
| |программаларын штеп чыгып, басып| | |
| |чыгаруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|6. |Сөздүктөрдү, сүйлөшмөлөрдү (анг-| дайыма | Улуттук |
| |лисче-, орусча-, немецче-, фран-| | комиссия |
| |цузча- ж. д. у. с. - кыргызча жа-| | |
| |на тескерисинче) иштеп чыгуу жана| | |
| |басып чыгаруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|7. |Кыргыз балдар адабияты боюнча ки-| 2001-жылдан | Улуттук |
| |тептердин чыгарылышын контролдоо| тартып | комиссия, |
| |жана ага олуттуу жардам көрсөтүү.| | Жазуучулар |
| |Антология жана хрестоматия| | союзу |
| |түрүндө балдар акын-жазуучулары-| | |
| |нын чыгармаларын өзүнчө китеп кы-| | |
| |лып чыгаруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|8. |Чечендикке, риторикага байланыш-| дайыма | БИжММ, |
| |туу китептерди иштеп чыгуу жана| | Улуттук |
| |басып чыгаруу | | комиссия |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|9. |Кыргыз, орус, англис тилдеринде| 2001-жылдан | БИжММ, |
| |балдар үчүн ыр жыйнактарынын чы-| тартып | Улуттук |
| |гышына колдоо көрсөтүү | | комиссия, |
| | | | Композиторлор |
| | | | союзу |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|10.|Тармактар боюнча терминологиялык| 2000-жылдан | БИжММ, |
| |үйлөшмөлөрдү-сөздүктөрдү иштеп| тартып | Улуттук |
| |чыгуу жана басып чыгаруу: | | комиссия, |
| |а) саясат; | | министрликтер,|
| |б) укук таануу; | | УИА |
| |в) илим (коомдук-гуманитардык,| | |
| |илимий-техникалык, педагогикалык| | |
| |ж. б.); | | |
| |г) маданият; | | |
| |д) саламаттыкты сактоо; | | |
| |е) тейлөө жана керектөө; | | |
| |ж) транспорт жана байланыш; | | |
| |з) рынок экономикасы ж. б. | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|11.|Жаңы окуу куралдарын иштеп чыгуу| 2000-жылдан | БИжММ, |
| |жана колдо болгондорун өркүндөтүү| тартып | Улуттук |
| |боюнча илимий-практикалык конфе-| | комиссия |
| |ренцияларды, семинарларды| | |
| |өткөрүү. Алардын материалдарын| | |
| |өзүнчө китеп кылып чыгаруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|12.|Жаңы муундагы окуу китептерин иш-| дайыма | БИжММ, |
| |теп чыгуу жана түзүү боюнча тео-| | Улуттук |
| |риялык маселелерди иликтөөгө,| | комиссия |
| |аларды республиканын аймагында| | |
| |сынактан өткөрүү менен, контроль| | |
| |жүргүзүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|13.|Тексттерди компьютердик которуу-| 2000-жылдын | БИжММ, |
| |ну, электрондук сөздүктөрдү (кыр-| сентябрынан | Улуттук |
| |гызча-орусча-англисче ж.б.) даяр-| тартып | комиссия |
| |доо боюнча долбоорлорду турмушка| | |
| |ашыруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|14.|Хрестоматияларды чыгарууну бел-| 2001-жылдан | БИжММ, |
| |гилөө менен окуу куралдарын латын| тартып | Улуттук |
| |алфавитиндеги жаңы редакцияда чы-| | комиссия, |
| |гаруу жана аларды өркүндөтүү | | "Акыл" |
| | | | "Полиграфист"|
| | | | АКлары |
-----------------------------------------------------------------------
IV. Мамлекеттик тилде жүргүзүлүүчү
илимий изилдөөлөргө дем берүү
-----------------------------------------------------------------------
| 1 | 2 | 3 | 4 |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|1. |Кыргыз тилин, адабиятын окутуу| 2001-жылдан |Улуттук аттес-|
| |методикасы, кыргыз тарыхы, этног-| тартып |тациялоо комис-|
| |рафиясы боюнча кандидаттык, док-| |сиясы (УАК),|
| |тордук диссертацияларды коргоо| |Улуттук комис-|
| |боюнча диссертациялык кеңештерди| |сия, БИжММ |
| |түзүүгө колдоо көрсөтүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|2. |Мамлекеттик тилде жогорку деңгэ-| дайыма | УАК, |
| |элде корголгон диссертациялардын| | Улуттук |
| |авторлоруна моралдык жана матери-| | комиссия |
| |алдык жардам көрсөтүү боюнча иш| | |
| |жүргүзүү. Мыкты эмгектерди басып| | |
| |чыгаруу. Айрым материалдарды жал-| | |
| |пыга маалымдоо каражаттарында жа-| | |
| |рыялоо | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|3. |Кыргыз тилин терең изилдөөгө, ал| дайыма | Улуттук |
| |боюнча аспирантура, докторантура-| | комиссия, |
| |ларды түзүүгө колдоо көрсөтүү | | БИжММ |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|4. |Жогорку окуу жайларында кыргыз| дайыма | БИжММ, |
| |тилин окутуунун сапатына контроль| | Улуттук |
| |жүргүзүү | | комиссия |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|5. |Кыргыз филологиясы, социолингвис-| дайыма | УИА, БИжММ |
| |тика жагында салыштырмалуу| | |
| |изилдөөлөрдү кеңейтүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|6. |Илимий эмгектерди координациялоо,| дайыма | БИжММ, |
| |талкуулоо жана маалымат алмашуу| | Улуттук |
| |максатында республикалык конфе-| | комиссия |
| |ренцияларды уюштуруу, алардын ма-| | |
| |териалдарын жарыялоо | | |
-----------------------------------------------------------------------
V. Терминологияны өнүктүрүү.
Терминологиялык сөздүктөрдү түзүү
-----------------------------------------------------------------------
| 1 | 2 | 3 | 4 |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|1. |Коомдук-саясий, укук, экономика-| 2000-жылдан | Улуттук |
| |лык-рыноктук, ишкердик ж. б. бо-| тартып | комиссия |
| |юнча терминдерди, сөздөрдү, сөз| | |
| |айкалыштарын тактоо жана которуу| | |
| |боюнча Редакциялык бюрону түзүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|2. |Академияларда, жогорку окуу жай-| 2000-жылдан | БИжММ, |
| |ларында илим жана өндүрүш тармак-| тартып | Улуттук |
| |тары боюнча терминологиялык ко-| | комиссия, |
| |миссияларды, топторду түзүү| | академиялар, |
| |(мис., техникалык терминдер боюн-| | ЖОЖдор |
| |ча - КТУда, медициналык - КММАда,| | |
| |айыл чарбасы - КАЧАда ж. б.) | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|3. |Тармактык терминологиялык комис-| 2001-жылдан | Улуттук |
| |сиялардын иштерин координациялоо| тартып | комиссия, |
| |максатында Улуттук комиссиянын| | Өкмөт |
| |алдында Терминология кеңешин| | |
| |түзүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|4. |Басма сөздө ("Эркин Тоо", "Кыргыз| 2000-жылдан |Улуттук комис-|
| |Туусу" газеталарынын беттеринде)| тартып |сия, "Эркин|
| |редакцияык бюро, терминологиялык| |Тоо", "Кыргыз|
| |комиссиялар тарабынан такталган| |Туусу" газета-|
| |жана Улуттук комиссияда бекитил-| |ларынын редак-|
| |ген терминдерди, сөздөрдү жана| |циялары |
| |сөз айкалыштарын жарыялоо | | |
-----------------------------------------------------------------------
VI. Иш жүргүзүүнү мамлекеттик
тилге которуу
-----------------------------------------------------------------------
| 1 | 2 | 3 | 4 |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|1. |Күндөлүк турмушта көп колдонулуу-| 2000-жылдан | Улуттук |
| |чу иш кагаздарынын (мисалы, арыз| тартып | комиссия, |
| |жарыя, реклама, тил кат ж. б.)| | Мам. архив, |
| |үлгүлөрүн иштеп чыгуу жана өзүнчө| | УИА |
| |китеп кылып чыгаруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|2. |Тармактар боюнча шифрленген ата-| 2001-жылдан | Улуттук |
| |йын бланктарды иштеп чыгуу жана| тартып | комиссия, |
| |көп тиражда чыгаруу | | Мам. архив, |
| | | | УИА, |
| | | | министрликтер |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|3. |Мамлекеттик бийлик, өз алдынча| 2001-жылдын |Улуттук комис-|
| |башкаруу органдарында, ишкана,| июлуна чейин |сия, макулдашуу|
| |уюм, мекемелерде ички иш| |боюнча КРнын|
| |жүргүзүүнү мамлекеттик тилге ко-| |жогорку бийлик|
| |торуунун мөөнөттөрүн аныктоо | |жана өз алдынча|
| | | |башкаруу орган-|
| | | |дары |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|4. |Улуттук комиссиянын курамында иш| 2000-жылдын | Улуттук |
| |жүргүзүүнү кооринациялоо жана| ичинде | комиссия, |
| |стандартташтыруу боюнча бөлүм| | Өкмөт |
| |түзүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|5. |Жарандык актылардын, нотариалдык| 2001-жылдан | Улуттук |
| |иш-аракеттердин документтеринин| тартып | комиссия, |
| |мамлекеттик тилдеги үлгүлөрүн иш-| | Юстиция |
| |теп чыгуу жана колдонууга кир-| | министрлиги |
| |гизүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|6. |Республиканын аймагында почта| 2005-жылдын |Улуттук комис-|
| |билдирүүлөрүн, телеграммаларды| октябрына |сия, Транспорт|
| |кабыл алууну жана жөнөтүүнү мам-| чейин |жана байланыш|
| |лекеттик тилге которууну ишке| |министрлиги |
| |ашыруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|7. |Расмий бланк, штамп, мөөрлөрдүн| дайыма | Улуттук |
| |туура жазылышына контроль| | комиссия |
| |жүргүзүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|8. |Товардык белгилердин, маркировка-| дайыма | Улуттук |
| |лардын мамлекеттик тилде жазылы-| | комиссия, |
| |шына контроль жүргүзүү | | Кыргызпатент |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|9. |Республикалык деңгээлде жана рес-| 2000-жылдын |Улуттук комис-|
| |публиканын бардык аймактарында| сентябрынан |сия, БИжММ, ми-|
| |мамлекеттик тилде иш| тартып |нистрликтер, |
| |жүрүзүүчүлөрдүн кыска мөөнөттүү| |жергиликтүү өз|
| |жана туруктуу иштеген семинарла-| |алдынча башка-|
| |рын, курстарын уюштуруу | |руу органдары,|
| | | |жергиликтүү ад-|
| | | |министрациялар,|
| | | |ЖОЖдор |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|10.|Мектептерде, атайын жана жогорку| 2000-жылдын | Улуттук |
| |окуу жайларында мамлекеттик тилде| сентябрынан | комиссия, |
| |иш жүргүзүүгө үйөтүүнү кеңири жа-| тартып | БИжММ |
| |йылтуу | | |
-----------------------------------------------------------------------
VII. Котормо материалдарынын сапатын
жогорулатуу, котормочуларды даярдоо
-----------------------------------------------------------------------
|1. |Мамлекеттик тилдин коомдук-саясий| 2000-жылдын | Улуттук |
| |функцияларына дем берүү үчүн| декабрына | комиссия, |
| |Улуттук комиссияга караштуу Ко-| чейин | Өкмөт |
| |тормочуларды жана тилчилерди да-| | |
| |ярдоо борборун уштуруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|2. |Котормо материалдарынын сапатын| 2001-жылдын | Улуттук |
| |жана котормочулардын чеберчилигин| январына | комиссия |
| |жогорулатуу максатында Улуттук| чейин | |
| |комиссияга караштуу стажировкалоо| | |
| |секторун ачуу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|3. |Котормо материалдарынын сапатын| дайыма | Улуттук |
| |жакшыртуу жана илимий эмгектер-| | комиссия, |
| |дин, көркөм чыгармалардын мыкты| | Өкмөт |
| |котормолорун мамлекеттик жана| | |
| |башка сыйлыктарга көрсөтүү үчүн| | |
| |конкурстарды уюштуруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|4. |Мамлекеттик тилдин котормочулары| 2000-жылдан | Улуттук |
| |үчүн ар кандай семинарларды,| тартып | комиссия, |
| |курстарды уюштуруу | | БИжММ, ЖОЖдор |
-----------------------------------------------------------------------
VIII. Мамлекеттик тилди пропагандалоо,
эне тилге кызыгууну жана аны сыйлоону арттыруу
-----------------------------------------------------------------------
|1. |Телерадиодо, басма сөздө мамле-| дайыма |КРнын Мамлекет-|
| |кеттик тилдин өнүгүү маселелери,| |тик телерадио-|
| |кыргыз маданияты жана тарыхы| |корпорациясы |
| |жөнүндөгү туруктуу рубрикалардын| |(МТРК), басма|
| |уюштурулушу үчүн шарт түзүү. Бул| |сөз органдары,|
| |иш-чараларга ар кандай кесиптер-| |Улуттук комис-|
| |дин кадыр-барктуу адистеринин,| |сия, "Кыргыз|
| |коомчулуктун катышуусун камсыз| |тили" коому |
| |кылуу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|2. |Кыргыз тилинде гана берүүчү теле-| 2000-жылдан | МТРК, Улуттук |
| |радиоканалды түзүү | тартып | комиссия |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|3. |Республиканын аймагына жыйналыш-| 2000-жылдын |Президенттин |
| |тарды, кеңешмелерди жана башка| сентябрынан |Администрациясы|
| |иш-чараларды мамлекеттик тилде| тартып |Өкмөттүн Аппа-|
| |өткөрүү үчүн шарт түзүү боюнча| |раты, МТРК, ми-|
| |иштерди уюштуруу. Эл аралык| |нистрликтер, |
| |кеңешмелерди, конференцияларды| |Улуттук комис-|
| |жана семинарларды өткөрүүдө шай-| |сия |
| |кеш которууну, аларды көрсөтүүдө| | |
| |мамлекеттик тилдеги субтитрлерин| | |
| |камсыз кылуу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|4. |Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү| 2000-жылдан | Улуттук |
| |өз алдынча башкаруу органдарынан,| тартып | комиссия |
| |мекеме, ишкана, уюмдардан "Мамле-| | |
| |кеттик тил жөнүндөгү" Мыйзамдын| | |
| |аткарылышы тууралу маалымат алуу,| | |
| |отчетторду угуу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|5. |"Мамлекеттик тил жөнүндөгү" | 2001-жылдын |Президенттин |
| |Мыйзамды ишке ашыруу максатында | январынан |Администрация- |
| |мамлекеттик бийлик, жергиликтүү | тартып |сы, мамлекеттик|
| |өз алдынча башкаруу органдарында,| |жогорку бийлик|
| |мекеме, ишкана, уюмдарда тийиштүү| |органдары, жер-|
| |бөлүмдөрдү түзүү, аларды керектүү| |гиликтүү өз ал-|
| |адистер менен камсыз кылуу | |дынча башкаруу|
| | | |органдары, |
| | | |Улуттук комис-|
| | | |сия |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|6. |Мамлекеттик тилдин иштеши боюнча| 2001-жылдан | Улуттук |
| |социолингвистикалык изилдөө| тартып | комиссия, |
| |жүргүзүү жана анын бардык регион-| | Өкмөт |
| |дордо иликтенишин жакшыртуу боюн-| | |
| |ча чараларды ишке ашыруу, калктын| | |
| |бул маселелер боюнча сунуштарын| | |
| |талдоо | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|7. |Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө са-| 2000-жылдан | Улуттук |
| |лым кошкон адамдарды моралдык жа-| тартып | комиссия, |
| |на материалдык жактан натыйжалуу| | Өкмөт |
| |колдоо системасын иштеп чыгуу жа-| | |
| |на Өкмөттүн кароосуна киргизүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|8. |Мамлекеттик тилдин кадыр-баркын| дайыма |Улуттук комис-|
| |көтөрүү, анын ийгиликтүү| |сия, "Кыргыз|
| |өздөштүрүлүшүн пропагандалоо мак-| |тили" коому,|
| |сатында мелдештерди, диспуттарды| |жергиликтүү өз|
| |"КВНдарды" уюштуруу жана дайыма| |алдынча башка-|
| |өткөрүп туруу. Эмгек жамааттарын-| |руу органдары|
| |да мамлекеттик тилди пропаганда-| |жана жерги-|
| |лоо боюнча чараларды иштеп чыгуу-| |ликтүү мам. ад-|
| |га жана жүзөгө ашырууга контроль| |министрациялар |
| |жүргүзүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|9. |Тил фондуна жардам берүү боюнча| 2001-жылдан | Улуттук |
| |марафондорду, акча-буюм лотерея| тартып | комиссия, |
| |утуштарын өткөрүү, акцияларды| | Өкмөт, |
| |алуу жана мыйзамда тыюу салынба-| | Маммүлкфонду |
| |ган башка иш-чаралар | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|10.|Кыргыз элинин тарыхын, каада-сал-| дайыма |Улуттук комис-|
| |тын, көркөм сөз чеберчилигин про-| |сия, БИжММ,|
| |пагандалоочу китептерди, окуу ку-| |МТРК, "Полигра-|
| |ралдарын көрсөтмө материалдарды| |фист", "Акыл"|
| |чыгаруу | |АКлары |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|11.|Телерадиоберүүлөрдө, басма сөздө,| дайыма |Улуттук комис-|
| |окуу китептеринде, китептерде,| |сия, БИжММ,|
| |жарнама, реклама, жарыяларда, ге-| |МТРК, мэрия,|
| |ографиялык аталыштарды жазууда| |жергиликтүү ад-|
| |кыргыз адабий тилинин нормалары-| |министрациялар |
| |нын сакталышына карата контроль| | |
| |жүргүзүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|12.|Республикалык, областтык китепка-| дайыма |Улуттук комис-|
| |на фонддорунун кыргыз тилиндеги| |сия, БИжММ, ки-|
| |окуу куралдары менен толукталып| |тепканалардын |
| |турушун контролдоону уюштуруу | |жетекчилери |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|13.|Бардык жерде кыргыз алфавитинин| 2000-жылдын | Улуттук |
| |тамгаларын компьютерлерге, жазгыч| сентябрынан | комиссия, |
| |машинкаларга ж. б. киргизүү | тартып | Өкмөт |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|14.|Республикадан сырткары жерлерде| дайыма | Өкмөт, |
| |жашаган кыргыз улутундагы адам-| | Улуттук |
| |дарга эне тилин үйрөнүүдө аларды| |комиссия, БИжММ|
| |окуу куралдары, программалар, ма-| | |
| |териалдар менен камсыз кылуу ар-| | |
| |кылуу колдон келген жардамды| | |
| |берүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|15.|Ар бир областта мамлекеттик тилди| 2000-жылы |Улуттук комис-|
| |өнүктүрүү боюнча коомдук башта-| |сия, облмамад-|
| |лышта иштеген областтык комиссия-| |министрация |
| |ны жана фондду түзүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|16.|Мамлекеттик тил борборун зарыл| 2000-жылдын | Улуттук |
| |болгон компьютердик жана ау-| сентябрынан | комиссия, |
| |дио-көрмө техникасы менен камсыз| тартып | Өкмөт |
| |кылуу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|17.|Балдар үчүн басылмаларга, "Эне| дайыма | Улуттук |
| |тили" газетасына, "Ала-Тоо" жур-| | комиссия, |
| |налына ж. б. басылмаларга жардам| | Өкмөт |
| |көрсөтүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|18.|Кыргыз тилинде окуган балдар үчүн| 2001-жылдан | Өкмөт, |
| |жайкы лагерлердин иштешин уюшту-| тартып |Улуттук |
| |руу | |комиссия, |
| | | |КРнын профсоюз |
| | | | уюмдары |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|19.|Мектеп окуучуларынын жана сту-| дайыма |БИжММ, Улуттук |
| |денттердин арасында кыргыз тили-| | комиссия, |
| |нин олимпиадаларын уюштуруу боюн-| | ЖОЖдор |
| |ча окуу жайларга жардам көрсөтүү | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|20.|Мамлекеттик тилди, кыргыз тары-| дайыма | Улуттук |
| |хын, маданиятын көрсөтмө пропа-| | комиссия, |
| |гандалоого контроль жүргүзүү (му-| |музейлер, БИжММ|
| |зейлердеги, китепканалардагы кыр-| | |
| |гыз тилиндеги ж. б. жазуулар) | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|21.|Республикалык "Кыргыз тили" коому| жыл сайын |Улуттук комис-|
| |менен бирдикте жыл сайын Мамле-| |сия, "Кыргыз|
| |кеттик тил күнүн өткөрүү, ти-| |тили" коому,|
| |йиштүү чараларды иштеп чыгуу жана| |Өкмөт, мэрия,|
| |жүзөгө ашыруу | |жергиликтүү ад-|
| | | |министрациялар |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|22.|Латын графикасынын негизиндеги| 2000-жылдан | Улуттук |
| |алфавитке өтүү маселесин иликтөө | тартып | комиссия, |
| | | | БИжММ |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|23.|Башкаруу органдарында мамлекеттик| дайыма | Мамлекеттик |
| |тилди тез өздөштүрүү жана иш| |башкаруу орган-|
| |жүргүзүүнү мамлекеттик тилге| |дары жана алар-|
| |өткөрүү максатында кызматкерлер| |дын структура-|
| |үчүн кыргыз тилин үйрөнүүүнү уюш-| |лык бөлүмдөрү |
| |туруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|24.|Мамлекеттик тилдин 2000-2010-жыл-| 2000-жылдын | Улуттук |
| |дардагы өнүгүшүнүн программасын| ичинде | комиссия |
| |өзүнчө брошюра кылып чыгарып,| | |
| |бардык аймактарга жеткирүү | | |
-----------------------------------------------------------------------
IX. Жарандык коомду курууда мамлекеттик
тилдин ролун жогорулатуу
-----------------------------------------------------------------------
|1. |"Каунтерпарт Консорциум, ПРООН,| 2000-жылдын | Улуттук |
| |"Сорос-Кыргызстан" Фонду, Евра-| октябрынан | комиссия, |
| |зия, Юсаид эл аралык фонддору та-| тартып | Өкмөт |
| |рабынан: жарандык коом, мамлекет-| | |
| |тик эмес мекемелер, мамлекеттик| | |
| |башкаруу ишин уюштуруу, шайлоо-| | |
| |лорду өткөрүү, демократияны кол-| | |
| |доо, көз карандысыз жалпыга маа-| | |
| |лымдоо каражаттарынын натыйжалуу-| | |
| |лугун жогорулатуу, адам укуктарын| | |
| |коргоо, экономикалык билим берүү,| | |
| |рынок экономикасынын негиздери| | |
| |боюнча жүргүзүлүүчү машыктыруу-| | |
| |лардын материалдарын кыргыз тили-| | |
| |не которууну жана басып чыгарууну| | |
| |камсыз кылуу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|2. |Ушул главанын 1-пунктунда| дайыма | Улуттук |
| |көрсөтүлгөн маселелер боюнча ма-| | комиссия |
| |шыктыруучуларды даярдоо, регион-| | |
| |дор боюнча мамлекеттик тилде ма-| | |
| |шыктырууларды өткөрүүнү уюштуруу,| | |
| |жардамга муктаж болгондорго кеңеш| | |
| |берүү | | |
-----------------------------------------------------------------------
Х. Мамлекеттик тилдеги балдар үчүн
басылмаларга колдоо көрсөтүү
-----------------------------------------------------------------------
| 1 | 2 | 3 | 4 |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|1. |Мамлекеттик тилдеги балдар үчүн| жылыга | Өкмөт, |
| |басылмалардын редакцияларына бюд-| | Улуттук |
| |жеттен каражат бөлүнүшүн камсыз| | комиссия |
| |кылуу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|2. |Балдар үчүн басылмалардын сапатын| дайыма | Улуттук |
| |жакшыртуу боюнча семинар, кеңешме| | комиссия, |
| |конференцияларды өткөрүү боюнча| | Өкмөт |
| |иштерди уюштуруу | | |
|---|---------------------------------|---------------|---------------|
|3. |Балдар үчүн басылмалардын кызмат-| дайыма | Өкмөт, |
| |керлерин, аларга жардам көрсөткөн| | Улуттук |
| |акын, жазуучуларды ж б. адамдарды| | комиссия |
| |материалдык жана моралдык жактан| | |
| |колдоонун натыйжалуу системасын| | |
| |түзүү жана колдоо | | |
-----------------------------------------------------------------------