Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын «5» апрелиндеги № 115
Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комиссиясы (Маминвестком) жөнүндө жобо 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жанаэкономикалык жардам боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары –Маминвестком) түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийгенмамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет. 2. Комиссиянын төрагасы – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри. комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөр: Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, КыргызРеспубликасынын тышкы соода жана өнөр жай министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тикеинвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; областтык мамлекеттик администрациялардын башчылары жанажергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы – Бишкек шаарынын мэри. 3. Комиссия Маминвесткомдо иштөө үчүн башка министрлерди,мамлекеттик комитеттердин төрагаларын, администрациялыкведомстволордун жана мамлекеттик комиссиялардын, ишканалардын, коомдукбирикмелердин жетекчилерин, ата-мекендик жана чет өлкөлүк эксперттердиишке тартууга укуктуу. 4. Маминвестком тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабылалынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астындачет өлкөлүк инвестицияларды алган аткаруу бийлигинин бардыкмамлекеттик башкаруу органдары, ошондой эла чарба жүргүзүүчүсубъекттер үчүн аткарууга милдеттүү. 5. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги Маминвесткомдунаткаруучу органы жана ал кабыл алган чечимдердин депозитарийи болупэсептелет. 2. Маминвесткомдун максаттары жана милдеттери 6. Маминвесткомдун негизги максаты чет өлкөлүк инвестициялардытартуу жана чет өлкөлүк экономикалык, техникалык жардамды натыйжалуупайдалануу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишкеашыруу, Кыргыз Республикасынын экономикасын реформалоодо чет өлкөлүкинвесторлордун кењири жана иштиктүү катышуусун камсыз кылуу болупэсептелет. 7. Маминвесткомдун негизги милдеттери төмөнкүлөр: - аткаруу бийлик органдарынын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердинчет өлкөлүк инвестицияларды жана экономикалык жардамды тартуу боюнчаиш-аракеттерин координациялоо, ошондой эле мындай иш-аракеттердиннатыйжалуулугуна карата контролду ишке ашыруу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында берилүүчүчет өлкөлүк инвестицияларды, ошондой эле экономикалык жардамды жаначет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуунун жана пайдалануунунартыкчылыктуу багыттарын аныктоо; - тыштан алган каражаттарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнгарантия берүүсүнө байланыштуу маселелерди кароо; - тышкы жардамды тартуу боюнча эл аралык уюмдар, финансыинституттары, донор-өлкөлөр менен биргелешип иштелип чыгып жаткан узакмөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана жылдык программалардын жана мамлекеттикинвестициялардын долбоорлорун кароо; - эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү стратегиясын аныктоо жанаалардын иш-аракеттерин координациялоонун жана контролдоонуннатыйжалуу системасын камсыз кылуу; - чет өлкөлүк инвесторлор, республикага экономикалык жактан жардамберип жаткан эл аралык, чет өлкөлүк уюмдар жана мекемелер менеништөөнүн натыйжалуу системасын түзүү; - Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо жанаулуттук мыйзамдардын, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлор менентүзүлгөн келишимдер менен макулдашуулардын сакталышын камсыз кылуу; - жагымдуу инвестициялык жагдайды түзүүгө, чет өлкөлүкинвестицияларды жана экономикалык жардамды тартууга жана пайдалануугабайланыштуу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын,Президентинин указдарынын жана Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорункароо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүкинвесторлорго жана инвестициялык иш-аракеттин катышуучуларынажењилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү жөнүндөгү сунуштарды кароо; - чет өлкөлүк инвестицияларды, экономикалык жардамды тартуу боюнчареспубликанын экономикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон долбоорлордукароо жана бекитүү, алардын пайдаланышын контролдоо; - ири объекттерди жана курулуштарды куруу үчүн эл аралыктендерлерди жана конкурстарды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин компетенциясы 8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин компетенциясынатөмөнкүлөр кирет: - тышкы жардамдарды тартуу боюнча эл аралык уюмдар, финансыинституттары, донор-өлкөлөр менен биргелешип иштелип чыгып жаткан узакмөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана жылдык программаларды жана мамлекеттикинвестициялар программаларын таламдаш министрликтер, мамлекеттиккомитеттер, администрациялык ведомстволор жана мамлекеттиккомиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана уюмдарменен бирдикте даярдоо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында алынуучу четөлкөлүк инвестицияларды жана экономикалык жардамды бөлүштүрүү боюнчасунуштарды даярдоо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында келүүчүкредиттердин эсебинен каржылануучу инвестициялык долбоорлордуэкспертизадан өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу; - мамлекеттик инвестициялар программаларын даярдоо жана алардынжалпысынан натыйжалуу пайдаланылышына контролдук кылуу; - мамлекеттик инвестициялар программаларына кирген долбоорлоржөнүндө дайыма маалымат алып туруу жана талдоо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында келүүчүкредиттерди пайдалануу боюнча иштерди координациялоо; - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте чет өлкөлүкинвестицияларга байланыштуу финансы-кредит системасын өнүктүрүү жанаөркүндөтүү боюнча сунуштарди иштеп чыгуу; - башка аткаруу бийлик органдары менен бирдикте КыргызРеспубликасынын экономикасына тартылган экономикалык жардам жанатүздөн-түз инвестициялар жөнүндөгү жыйынтык отчетту, ошондой элеКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында келгенпрограммалык заемдорду пайдалануу боюнча жыйынтык отчетторду даярдоо; - башка аткаруу бийлик органдары менен бирдикте чет өлкөлүкинвестицияларды тартуу, пайдалануу жана аларга дем берүү маселелери(салык салуу жаатындагы жењилдиктер, реинвестициялоо, капиталдычыгаруу ж.б.) боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын,Президентинин указдары менен Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорундаярдоо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында берилүүчүкредиттердин, техникалык жардамдын жана гранттардын чегинде турмушкаашырылуучу долбоорлордун аткарылышы боюнча бөлүмдөрдүн ишине туруктууконтролду ишке ашыруу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы менен кредиттердитартууга байланыштуу, ошондой эле техникалык жардам жана гранттармаселелери боюнча эл аралык уюмдар, финансы институттары, донор-өлкөлөр менен аткарылуучу зарыл жол-жоболорду ишке ашыруу боюнчаиштерди координациялоо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы карыздар боюнчамилдеттенмелери жөнүндө дайыма маалымат алып туруу жана аны талдоо. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин компетенциясы 9. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тикеинвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин компетенциясынатөмөнкүлөр кирет: - чарба жүргүзүүчү субъекттерге түздөн-түз инвестициялардытартууга, анын ичинде чет өлкөлүк жана ата-мекендик инвесторлор менентүз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу тартууга көмөк көрсөтүү; - чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн түздөн-түз инвестициялардытартуу боюнча натыйжалуу кењеш берүү системасын уюштуруу, ириинвестициялык долбоорлорду даярдоого жана экспертизалоого көмөккөрсөтүү; - концессиялык келишимдер жана чет өлкөлүк концессиялык ишканаларбоюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана корутундуларды даярдоо; - акциялардын мамлекеттик пакеттерин стратегиялык инвесторлоргосатуу, объекттерди жана курулуштарды куруу боюнча эл аралыктендерлерди жана конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү; - түздөн-түз инвестициялардын келишин көбөйтүүнү камсыз кылуучуКыргыз Республикасынын инвестициялык жактан ылайыктуулугун арттыруу,жагымдуу инвестициялык жагдай түзүү боюнча сунуштарды даярдоо; - түздөн-түз инвестицияларды тартуу жөнүндө дайыма маалымат алыптуруу жана аны талдоо, Кыргыз Республикасына түздөн-түзинвестициялардын келиши жөнүндө жыл сайынкы отчетторду даярдоо; - эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттиксаясатты иштеп чыгуу жана аны натыйжалуу ишке ашырууна контролдоо. 5. Маминвесткомдун ишмердигинин тартиби 10. Маминвестком анын компетенциясына тийиш кылынган бардыкмаселелерди коллегиялуу түрдө талкуулайт жана чечим кабыл алат. Маминвесткомдун жыйналыштары зарылчылыгына карай, бирок кварталынакеминде бир жолу өткөрүлөт. Маминвесткомдун жыйналыштарына анын төрагасы – КыргызРеспубликасынын Премьер-министри, ал эми ал жок болуп калган учурдаКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны алмаштыруучу адам –Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жетекчилик кылат. 11. Маминвесткомдун чечимдери токтом, буйрук жана протоколдукчечим түрүндө жазылат. 12. Чет өлкөлүк инвестициялардын, экономикалык жардамдын натыйжалубагытталышы жана пайдаланылышы үчүн жалпысынан комиссиянын төрагасыжоопкерчиликте болот. Мамлекеттин гарантиясы астында чет өлкөлүк инвестицияларды,гранттарды жана техникалык жардамды тартуу жана пайдалануу бөлүгүбоюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри, ал эми түздөн-түзинвестицияларды тартуу жана пайдалануу бөлүгү боюнча – КыргызРеспубликасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестициялардытартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы жоопкерчиликте болот. 13. Маминвесткомдун жыйналыштарында кароо үчүн материалдардыдаярдоону жана аларды уюштуруучулук жагынан камсыз кылууну КыргызРеспубликасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынынмамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнчамамлекеттик комитети алардын ушул жобо менен аныкталган аткаруучумилдеттерине ылайык ишке ашырылат.