Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 96 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2001-жылдын 5-апрели ПУ № 115
Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк
инвестициялар жана экономикалык жардам
боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2001-жылдын 22-августундагы ПЖ № 254 Жарлыгынын,
2002-жылдын 17-августундагы № 217 Жарлыгынын,
2004-жылдын 13-октябрындагы ПЖ № 353 Жарлыгынын
редакцияларына ылайык)
Чет өлкөлүк инвестицияларды, техникалык жардамды, гранттарды тартуу жана аларды натыйжалуу пайдалануу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү, эл аралык уюмдар, финансы институттары жана донор-өлкөлөр менен иштерди борборлоштуруп координациялоону ишке ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары - Маминвестком) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
комиссиянын төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, соода жана инвестициялар боюнча биринчи вице-премьер-министри.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, транспорт жана коммуникациялар министри;
социалдык маселелерге кураторлук кылган вице-премьер-министр;
Кыргыз Республикасынын Президентинин чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
областтык мамлекеттик администрациялардын башчылары жана Бишкек шаарынын мэри жана Ош шаарынын мэри.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 17-августундагы № 217 Жарлыгынын, 2004-жылдын 13-октябрындагы ПЖ № 353 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндөгү тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Комиссия Маминвесткомдо иштөө үчүн башка министрлерди, мамлекеттик комитеттердин төрагаларын, администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик комиссиялардын, ишканалардын, коомдук бирикмелердин жетекчилерин, ата-мекендик жана чет өлкөлүк эксперттерди ишке тартууга укуктуу.
4. Маминвестком тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында чет өлкөлүк инвестицияларды алган аткаруу бийлигинин бардык мамлекеттик башкаруу органдары, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн аткарууга милдеттүү.
5. Маминвесткомдун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр белгиленсин:
- аткаруу бийлик органдарынын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин чет өлкөлүк инвестицияларды жана экономикалык жардамды иш-аракеттерин координациялоо, ошондой эле мындай иш-аракеттердин натыйжалулугуна карата контролду ишке ашыруу;
- чет өлкөлүк инвесторлор, республикага экономикалык жактан жардам берип жаткан эл аралык, чет өлкөлүк уюмдар жана мекемелер менен иштөөнүн натыйжалуу системасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо жана улуттук мыйзамдардын, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлор менен түзүлгөн келишимдер менен макулдашуулардын сакталышын камсыз кылуу;
- жагымдуу инвестициялык жагдайды түзүүгө, чет өлкөлүк инвестицияларды жана экономикалык жардамды тартууга жана пайдаланууга байланыштуу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Президентинин указдарынын жана Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун кароо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк инвесторлорго жана инвестициялык иш-аракеттин катышуучуларына жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү жөнүндөгү сунуштарды кароо;
- чет өлкөлүк инвестицияларды, экономикалык жардамды тартуу боюнча республиканын экономикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон долбооорлорду кароо жана бекитүү, алардын пайдаланылышын контролдоо;
- ири объекттерди жана курулуштарды куруу үчүн эл аралык тендерлерди жана конкурстарды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 13-октябрындагы ПЖ № 353 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги Маминвесткомдун аткаруучу органынын милдетин аткара тургандыгы, анын ишин уюштурууну камсыз кылуусу жана комиссия кабыл алган чечимдердин депозитарийи боло тургандыгы белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөт ичинде:
- бул Указдын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды берсин;
- өзүнүн мурда кабыл алган чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 27-июлундагы № 246 Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 9-сентябрындагы № 270 Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 9-февралындагы № 35 Указынын 3-6-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-январындагы № 10 Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 1-сентябрындагы № 271 Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 18-ноябрындагы № 362 Указы.
9. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Акаев |