КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 672 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы N 719 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-февралындагы N 80, 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714, 2017-жылдын 15-мартындагы № 153 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясы (ИУА) - көрүнүктүү окумуштууларды - ИУАнын анык мүчөлөрүн (академиктерди), корреспондент-мүчөлөрүн жана илимий кызматкерлерин бириктирген мамлекеттик жогорку илимий мекеме.
ИУАсы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана укуктук нормативдик актылардын негизинде иш жүргүзөт, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө түздөн түз баш ийет.
Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясы бардык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясынын укук мурасчысы болот.
ИУАнын илимий иш-аракети фундаменталдуу илимдерге таандык принциптерге таянат жана ушундан улам саясий же идеологиялык максатта чектелүүгө же реформаланууга тийиш эмес. Колдонуу жагынан алганда ИУАнын иш-аракети республиканын өндүргүч күчтөрүнүн, анын илимий-техникалык потенциалынын, маданиятынын, билим берүүсүнүн, адабиятынын жана искусствосунун өнүгүшүнө, гумандуу демократиялык жана укуктук мамлекеттин калыптанышына өбөлгө түзөт, тынчтыктын жана элдердин ортосундагы достуктун чыңдалышына көмөк көрсөтөт.
Илимдер Улуттук академиясынын дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265а.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Илимдер Улуттук академиясы төмөнкү максаттарды көздөйт:
жаңы илим билим алуу максатында табигый, техникалык, экономикалык жана гуманитардык илимдер жаатындагы фундаменталдуу изилдөөлөрдү өөрчүтүү;
илимий-техникалык жана социалдык прогресстин республиканын экономикалык жактан болгон эркиндигин чыңдап бекемдөөгө, улуттук маданияттарды өнүктүрүүгө жана улуттар аралык мамилелерди шайкеш келтирүүгө, коомдун социалдык жана рухий жактан өсүп-өнүгүшүнө, улуттук жана жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн арбышына, айлана-чөйрөнү коргоону күчөтүүгө анык көмөк көрсөтүүчү маанилүү проблемалар боюнча илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу;
илимдин бардык тармактары, өзгөчө тартыш болгон жана келечектүү жаңы багыттар, илимди көп талап кылуучу өндүрүштөр боюнча илимий кадрларды жана жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо жана кайрадан даярдоо;
илимий потенциалды натыйжалуу пайдалануу жана бирдиктүү илимий-техникалык саясатты ишке ашыруу үчүн академиялык, жогорку окуу жайларды жана тармактык илимдерди интеграциялоо;
илимий-техникалык саясат жана илимий-техникалык прогресс маселелери боюнча мамлекеттик чечимдерди иштеп чыгууга катышуу;
Кыргызстандын ири мамлекеттик илимий-техникалык, экономикалык жана экологиялык программаларын илимий жактан экспертизациялоо;
илимди көп керектөөчү өндүрүштөрдүн өнүгүшүнө, минерал-чийки зат, жер-суу жана биологиялык ресурстардын өздөштүрүлүшүнө көмөк көрсөтүү;
илимдин-жетишкендиктерин пропагандалоо жана илимий билимди жайылтуу;
илимий кызматкерлердин кесиптик жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо.
3. Илимдер Улуттук академиясы өз мекемелеринин илимий-изилдөө иштеринин тематикасын аныктайт, республикалык жана эл аралык илимий-техникалык программаларды иштеп чыгууга жана аткарууга катышат.
4. ИУАнын илимий мекемелери өз иштерин академиянын Президиуму бекиткен пландар, ошондой эле республикалык жана чет өлкөлүк уюмдар жана ишканалар менен түзүлгөн келишимдер боюнча жүргүзүшөт.
5. Илимдер Улуттук академиясы мамлекеттик бюджеттен финансылануучу жана республиканын илимий-изилдөө мекемелери, жогорку окуу жайлары тарабынан аткарылып жаткан фундаменталдуу изилдөөлөрдү координациялайт жана жалпы жетекчиликке алат.
6. Илимдер Улуттук академиясынын курамында илимдин тармактары жана багыттары (бөлүмдөрү) боюнча ИУАнын мүчөлөрүн бириктирген бөлүмдөрү жана аймактык бөлүмдөрү болот:
Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен - геологиялык илимдер бөлүмү;
Химия-технологиялык, медициналык-биологиялык жана айыл чарба илимдер бөлүмү;
Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмү;
ИУАнын Түштүк бөлүмү.
Бөлүмдөрдүн ишине жалпы жетекчиликти жана аларды финансылоону ИУАнын Президиуму жүзөгө ашырат.
7. Илимдер Улуттук академиясы илимий өз милдеттерин аткаруу үчүн, илимий-изилдөө институттары, илимий өндүрүштүк борборлору, бөлүмдөрү, лабораториялары, станциялары, ботаникалык багы, илимий китепканасы жана анын филиалдары, басмасы, архиви, музейлери, эксперименталдык базалары, полигондору, экспедициялары жана башка илимий жана илимий-көмөкчү мекемелери менен бөлүмдөрү, ошондой эле жогорку окуу жайлары болот.
ИУАнын алдында ар кандай - мамлекеттик жана жеке менчиктеги ишканалар менен уюмдарды бириктирүүчү коммерциялык түзүлүштө фирмалар жана ассоциациялар түзүлүшү мүмкүн.
8. Илимдер Улуттук академиясы эл аралык илимий мекемелер менен уюмдарды түзүүгө катышат, эл аралык уюмдарга кирет; КМШ эгемендүү өлкөлөрүнүн илимий мекемелери жана жогорку окуу жайлары, Илимдер академиялары менен байланышта жана өз ара тыгыз карым катышта болуп, илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктарын, илимий информациялар, басылып чыккан эмгектерди, илимий изилдөө иштеринин эффективдүүлүгүн, деңгээлин жогорулатуу методдорун алмашат, илимий программаларды биргелешип аткарат.
9. Илимдер Улуттук академиясынын алдында белгиленген тартипте проблемалык илимий кеңештер, комитеттер, комиссиялар жана илимий коомдор түзүлөт.
10. Илимдер Улуттук академиясы илимий проблемаларды талкуулоо жана илимий изилдөөлөрдү координациялоо үчүн илимий сессия, съезд, конференцияларды жана кеңешмелерди өткөрөт.
11. Илимдер Улуттук академиясы жана анын мекемелери, мамлекеттик медициналык жана агрардык академиялары, жогорку окуу жайлары, илимий изилдөө мекемелери, уюмдар, министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, ишканалар, илимий жана илимий-техникалык коомдор, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен ар кандай формада кызматташат.
12. Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясы академиялык системага кирбеген, түрдүү менчиктик формадагы, ведомстволук баш ийүүдөгү илимий институттарды, конструктордук-долбоорлоо уюмдарын, өндүрүштүк мекемелерди, окуу жайларын келишим аркылуу өз курамына ассоциацияланган түзүлүш катары киргизе алат, эгерде бул фундаменталдык жана колдонмо илимдин биригишине, өндүрүштү техникалык жана технологиялык кайра куралдандырууга, экономиканын өсүшүнө, социалдык өнүгүүгө, жалпы жонунан илимди колдоого көмөктөшөт.
13. Улуттук академия илимдин приоритеттүү тармактары жана республика үчүн өтө керектүү кесиптер боюнча жогорку квалификациядагы илимий кадрларды, ЖОЖдордун окутуучуларын даярдоо боюнча жогорку окуу жайларын ачууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Илимдер Улуттук академиясы ИУАнын сыйлыктарын жана көрүнүктүү окумуштуулардын ысымындагы сыйлыктарды белгилейт жана илимий ачылыштар, ири илимий иштер жана ойлоп табуулар үчүн аларды ыйгарат. Ал эмгеги республикадагы илимдин өнүгүшүнө зор таасирин тийгизген ата мекендик жана чет өлкөлүк көрүнүктүү окумуштууларга ардактуу академик жана ардактуу доктор наамдарын ыйгарат.
15. Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясы - коммерциялык эмес мекеме.
16. Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясы - юридикалык жактын статусуна ээ.
II. Илимдер Улуттук академиясынын мүчөлөрү
17. Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясынын мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясынын мурда (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 18-августундагы N 386 токтомуна чейин) шайланган анык мүчөлөрү (академиктер) жана корреспондент-мүчөлөрү эсептелет. Алар Илимдер Улуттук академиясынын мүчөлөрүнүн бардык укуктарына ээ.
18. ИУАнын анык мүчөлөрү (академиктери) болуп көрүнүктүү ири илимий иштери менен илимге салым кошкон окумуштуулар шайланат.
ИУАнын корреспондент-мүчөлөрү болуп илимди ири илимий эмгектер менен байыткан окумуштуулар шайланат.
ИУАнын мүчөлөрү өмүрүнүн акырына чейин шайланат.
19. Илимдер Улуттук академиясынын мүчөлөрүнүн жалпы саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен аныкталат.
20. Илимдер Улуттук академиясы эмгеги Кыргыз Республикасынын өнүгүшү үчүн чоң мааниге ээ болгон чет өлкөлүктөрдү ИУАнын мүчөсү катары шайлай алат. ИУАнын жаңы шайланган чет өлкөлүк мүчөлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кетип калган Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын мүчөлөрү жана ИУАнын мүчөлөрү ИУАнын башка мүчөлөрү ээ болгон укуктарга ээ болушат, бирок академиялык наамы үчүн айлык акы алышпайт.
21. Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясына шайлоолор Кыргыз Республикасынын Улуттук идимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, кабыл алынган Уставка жана ИУАнын Президиуму бекиткен Шайлоо жөнүндөгү жобого ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясынын мүчөлөрүн шайлоо тартиби
22. ИУАнын анык мүчөлөрү жана корреспондент-мүчөлөрү төрт жылда бир жолудан кем эмес шайланат жана ал шайлоолор мүчөлүккө вакансия болгон учурда же республиканын Өкмөтү жаңы вакансия ачкан (ИУА мүчөлөрүнүн санын көбөйткөн) учурда ИУАнын Президиуму тарабынан белгиленет.
Шайлоону өткөрүү убакытын, адистиктердин аталышын, ар бир адистик боюнча вакансиялардын санын бөлүмдөрдүн жана аймактык бөлүмдөрдүн сунушун эске алуу менен ИУАнын Президиуму аныктайт.
23. ИУАнын Президиумунун ИУАнын академиктерин жана корреспондент-мүчөлөрүн шайлоо жөнүндөгү билдирүүсү республикалык басма сөздө шайлоо өткөрүүгө кеминде үч ай калганда жарыяланат. Билдирүү жарыялангандан кийин адистиктердин аталышы, алардын бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүлүшүн жана ар бир адистик боюнча вакансиялардын санын өзгөртүүгө шайлоо өткөрүүнүн бардык этабында жол берилбейт.
24. Жарыяланган билдирүүдө көрсөтүлгөн адистиктер боюнча академикке жана корреспондент-мүчөлүккө талапкерлерди көрсөтүү укугу ИУАнын мүчөлөрүнө, илимий мекемелерге, жогорку окуу жайларына, илимий советтерге, мамлекеттик жана коомдук уюмдарга берилет.
Илимий мекемелер, жогорку окуу жайлары, мамлекеттик жана илимий коомдук уюмдар тарабынан талапкерлер илимий жана илимий-техникалык советтердин заседаниелеринде, коллегияларда жана Президиумдарда жашыруун добуш берүү аркылуу добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен көрсөтүлөт.
Ар бир вакансия боюнча кандидаттар жашыруун добуш берүү бюллетенине алфавитгак тартипте жазылат. Добуштун жөнөкөй көпчүлүгүн алган кандидат ушул вакансия боюнча көрсөтүлдү деп эсептелет.
Кандидаттарды көрсөтүүгө ээ болгон уюмдар, мекемелер жана адамдар бир вакансиядан ашык кандидат көрсөтө албайт.
ИУАнын анык мүчөлүгүнө жана корреспондент-мүчөлүгүнө талапкерлердин ысымдары тийиштүү жүйөөлөрү менен кошо республиканын ИУАсына шайлоо өткөрүү жөнүндөгү билдирүү жарыялангандан кийин бир айдын ичинде кат жүзүндө берилет.
ИУАнын анык мүчөлүгүнө жана корреспондент-мүчөлүгүнө талапкерлердин ысымдары республикалык басма сөздө шайлоого кеминде бир ай калганда жарыя кылынат; шайлоонун жыйынтыктары да басма сөздө жарыяланат.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
25. ИУАнын анык мүчөлүгүнө жана корреспондент-мүчөлүгүнө талапкерлер ИУАнын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен бөлүмдөрдүн жалпы чогулуштарында шайланган талапкерлердин ичинен шайланат.
26. ИУАнын академигине талапкерлерди шайлоодо бөлүмдүн жалпы чогулушунда чечүүчү добушка ушул бөлүмдө турган ИУАнын академиктери ээ болушат.
ИУАнын корреспондент-мүчөлүгүнө талапкерлерди шайлоодо бөлүмдүн жалпы чогулушунда чечүүчү добушка ушул бөлүмдө турган ИУАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү ээ болушат.
27. ИУАнын анык мүчөлүгүнө жана корреспондент-мүчөлүгүнө талапкерлер бөлүмдөрдүн жалпы чогулуштарында жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.
Бөлүмдүн жалпы чогулушу академикке талапкерлерди шайлоону өткөрүүгө - эгер заседаниеге академиктердин тизмедеги курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, ал эми корреспондент-мүчөгө талапкерлерди шайлоону өткөрүүгө - эгер заседаниеге ИУАнын академиктеринин жана корреспондент-мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу.
Бөлүмдөрдүн жалпы чогулуштарында жарыяланган вакансиялардын ар бири боюнча УИАнын академиктигине ушул бөлүм боюнча добуш берүүгө катышкан академиктердин добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгүнө ээ болгон экиден кем эмес талапкер шайланыш керек, жарыяланган адистиктердин ар бири боюнча УИАнын корреспондент-мүчөлүгүнө УИАнын ушул бөлүмү боюнча добуш берүүгө катышкан академик жана корреспондент-мүчөлөрүнүн добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгүн алган экиден кем эмес талапкер шайланыш керек.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
28. ИУАнын академигине талапкер болуп шайланды деп добуштардын көпчүлүгүнө, бирок ушул бөлүм боюнча добуш берүүгө катышкан академиктердин добушка ээ болгон адам эсептелет.
ИУАнын корреспондент-мүчөлүгүнө талапкер болуп шайланды деп добуштардын көпчүлүгүнө, бирок ушул бөлүм боюнча добуш берүүгө катышкан ИУА мүчөлөрүнүн добушка ээ болгон адам эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Илимдер Улуттук академиясынын Жалпы чогулушунда академиктерди шайлоодо чечүүчү добушка ИУАнын академиктери гана, ал эми корреспондент-мүчөлөрдү шайлоодо - ИУАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү ээ болушат.
Академиктерди шайлоодо эң көп добушка ээ болгон, бирок ИУАнын шайлоого катышкан академиктеринин үчтөн экисинен кем эмесинин добушуна ээ болгон адам шайланды деп эсептелет.
Корреспондент-мүчөлөрдү шайлоодо эң көп добушка ээ болгон, бирок ИУАнын шайлоого катышкан академиктеринин жана Корреспондент-мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмесинин добушуна ээ болгон адам шайланды деп эсептелет.
ИУАнын Жалпы чогулушу академиктерди шайлоодо, эгерде анын заседаниесине академиктердин тизмедеги курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан, ал эми ИУАнын корреспондент-мүчөлөрүн шайлоодо - заседаниеге академиктердин тизмедеги курамынын үчтөн экисинен кем эмеси жана корреспондент-мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан болсо, шайлоо өткөрүүгө укуктуу.
ИУАнын тизмедеги курамына ИУАнын Президиумунун чечими боюнча шайлоо өткөрүү учурунда чет өлкөдө командировкада жүргөн, республикадан сырткары жерде жашаган жана ИУАнын Жалпы чогулушуна катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон, ошондо эле ден соолугуна байланыштуу заседаниеге жана добуш берүүгө катыша албаган ИУАнын мүчөлөрү киргизилбейт.
30. ИУАнын Президиуму ИУАнын чет өлкөлүк мүчөсүнө ачкан вакансияга талапкер бөлүмдөрдүн жалпы чогулуштарында көрсөтүлөт жана ИУАнын Жалпы чогулушунда шайланат.
Кворум жана шайлоо тартиби ИУАнын анык мүчөлөрүн шайлоодогудай эле сакталат.
31. Кыргыз Республикасынын граждандыгынан ажыраган учурда ИУАнын мүчөлөрү ИУАнын чет өлкөлүк мүчөсүнүн статусун алат. Алардын укуктары ушул Уставдын 20-пунктуна ылайык аныкталат.
32. УИАнын ардактуу академиги жана ардактуу доктору наамдары бөлүмдөрдүн сунушу боюнча УИАнын президиуму тарабынан президиумдун мүчөлөрүнүн ачык добуш берүү менен добушка катышкандардын добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен ыйгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясынын академиктеринин жана корреспондент-мүчөлөрүнүн укуктары менен милдеттери
33. ИУАнын академиктеринин жана корреспондент-мүчөлөрүнүн негизги милдети жекече жүргүзүлүүчү илимий изилдөөлөр аркылуу илимди жана техниканы жаңы илимий натыйжалар жана ачылыштар менен байытууда илимий проблемалардын коллективдүү түрдө иштелип чыгышын уюштурууда турат.
ИУАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясына жүктөлгөн, анын ичинде кадрларды даярдоо жана илимий мектеп түзүү жагындагы милдеттерди аткарууга жигердүү катышууга тийиш.
ИУАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү илимий натыйжалардын эл чарбасында жана маданий курулушта пайдаланылышына активдүү көмөк көрсөтүшөт, илимий кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш жүргүзүшөт жана ИУАнын Президиуму менен тийиштүү бөлүмдөрдүн тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
ИУАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү ИУАнын Жалпы чогулушунун жана тийиштүү бөлүмдүн жалпы чогулушунун ишине катышууга милдеттүү.
34. ИУАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү жыл сайын өз иш-аракети боюнча академиянын тийиштүү бөлүмдөрүнө отчет берип турушат.
35. ИУАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү өздөрү жекече аткарып жаткан жана алардын жетекчилиги менен жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр үчүн зарыл болгон шарттардын ИУАнын Президиуму тарабынан түзүлүп берилишине укуктуу.
36. ИУАнын мүчөлөрү ИУАнын Президиумунун жана бөлүмдөрдүн бюролорунун кароосуна, ошондой эле академиянын Президиуму жана бөлүмдөрдүн бюролору аркылуу ИУАнын Жалпы чогулушунун жана бөлүмдүн жалпы чогулушунун талкуусуна илимий жана илимий-уюштуруу маселелерин коюуга укуктуу.
37. ИУАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү жетектеген лабораториялар башка бөлүмгө өткөн учурда алар да ошол бөлүмгө өтүүгө акысы бар.
Бир бөлүмдөн башка бөлүмгө өтүш үчүн шайлоодо добуш берүү тартиби мурдагыдай эле сакталат.
38. ИАУнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү ИУАнын бөлүмдөрүнүн бюросунун курамына, илимий бөлүм, лаборатория, сектор башчыларынын, илимий мекемелердин директорунун орунбасарынын, илимий бөлүм, лаборатория, сектор башчыларынын, илимий мекемелердин жетектөөчү, ага илимий кызматкерлеринин бош орундарын ээлей алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
39. ИУАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү ИУАнын басмасында өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жарыялоодо артыкчылыктуу укукка ээ болушат; академия өзүнүн мүчөлөрүнө чет өлкөлөрдө жарыяланууга көмөк көрсөтөт.
40. ИУАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү илимий докладдарды, атайын курстарды окуу жана илимий талкууларга катышуу аркылуу республиканын коомчулугун өз илимий иштеринин натыйжалары менен тааныштырууга укуктуу. Бул максатта ИУА аларга аудиторияларды берет, талкуу уюштурат. Аларды республикага жана чет өлкөлөргө, илимий мекемелерге жана жогорку окуу жайларына командировкага жиберет.
41. ИУАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү, ИУАнын Президиумунда беш жылдан кем эмес илимий жетектөөчүлүк кызматта эмгектенсе ИУАнын илимий-изилдөө мекемелеринде жана бөлүмдөрүндө Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана административдик ведомстволорунда ошондой эле вуздардын ректор жана илимий иштер боюнча проректору, декандык, кафедра башчысы, илимий изилдөө бөлүмүнүн жетекчи кызматында иштегендер 70 жашка чыкканда өз каалоолору менен кеңешчиликке которулушу мүмкүн: ИУАнын Президиумунун чечими менен ал эми академияга баш ийбеген мекемелерде министрликтин коллегиясынын чечими менен ИУАнын Президиумунун макулдугу аркылуу чечилет.
Кеңешчилер үчүн мурдагы эмгек акы толугу менен сакталат, ал эми ИУАнын мүчөсү кеңешчиге которулуп келген кызматтагы кийинки эмгек акынын өзгөрүүлөрү тийиштүүлүгүнө жараша кеңешчилердин эмгек акысына да тарайт.
Кеңешчинин кызматтык милдеттери жана укуктары ИУАнын Президиуму бекитүүчү жобо менен аныкталат.
ИУАнын Президиумунун кеңешчилери кеңеш берүү добушу менен ИУАнын Президиумунун мүчөсү бойдон кала берет.
42. ИУАнын академиктери 75 жашка чыкканда ИУАнын жаңы анык мүчөлөрүн шайлоо үчүн вакансия ачылат. Аталган жашка чыккан ИУАнын анык мүчөлөрүнө академия мүчөсүнүн бардык укуктары, анын ичинде академиялык наамы үчүн төлөп берүүлөрү сакталып калат.
ИУАнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынан сыртка биротоло кеткенде жана граждандык укуктан ажыраганда ИУАнын мүчөлүгүнө шайлоого вакансия ачылат.
V. Илимдер Улуттук академиясынын жалпы чогулушу
43. Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясынын жогорку органы болуп ИУАнын академиктери менен корреспондент-мүчөлөрүнүн турган Жалпы чогулуш эсептелет.
44. ИУАнын Жалпы чогулушу:
ИУАнын Президиумунун отчеттук докладдарын бекитет, кийин аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна коет;
академиянын базалык бюджеттик финансылоо планынын аткарылышы жөнүндөгү жылдык отчетту бекитет;
бөлүмдөрдүн, аймактык бөлүмдөрдүн жана илимий борборлордун, ИУА мекемелеринин, айрым окумуштуулардын докладдарын угат;
илимий жана илимий-уюштуруучулук проблемаларды, илимдин, маданияттын, коомдун өнүгүшүнүн өтө актуалдуу маселелерин талкуулайт;
табигый жана гуманитардык илимдер жаатындагы илимий изилдөөлөрдү талкуулайт жана алардын багытын аныктайт;
ИУАнын анык мүчөлөрүн (академиктерин) жана корреспондент-мүчөлөрүн, ИУАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүн, ИУАнын Президиумун шайлайт.
45. ИУАнын Жалпы чогулушунун сессиясы зарылчылыгына карай, бирок жылына эки жолудан кем эмес чакырылат. ИУАнын Жалпы чогулушунун жылдык сессиясы ар жылдын март айында өткөрүлөт.
ИУАнын демилге Жалпы чогулушунун сессиясы ИУА академиктеринин тизмедеги курамынын үчтөн экисинин же республиканын Өкмөтүнүн талабы боюнча чакырылышы мүмкүн.
ИУАнын академиктеринин Жалпы чогулуштун кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндөгү талабы жашыруун добуш берүү менен же алардын кат жүзүндөгү арызы боюнча белгиленет.
ИУАнын Жалпы чогулушунда талкуулоо үчүн маселелер кат жүзүндө ИУАнын Президиуму аркылуу ИУА мүчөлөрү тарабынан, ИУАнын илимий мекемелеринин же бөлүмдөрүнүн чечимдери менен киргизилиши мүмкүн.
46. ИУАнын Жалпы чогулушунда бардык маселелерди чечүүдө чечүүчү добуш берүү укугуна ИУАнын академиктери ээ болушат.
ИУАнын корреспондент-мүчөлөрү, ушул Уставда (24, 29, 58-пункттарда) белгиленген учурлардан тышкары, кеңеш берүү добушунун укугунан пайдаланышат.
47. ИУАнын Жалпы чогулушу, эгерде анын заседаниесине ИУАнын анык мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынын үчтөн экиси катышса, чечим кабыл алуу укугуна ээ болот.
ИУАнын Жалпы чогулушунда маселелер, ушул Уставга ылайык чечим кабыл алуу үчүн үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу талап кылынган башка учурда чогулушка катышкандардын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен чечилет:
Жеке адамдарга тийиштүү бардык маселелер ИУАнын Жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен чечилет.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Илимдер Улуттук академиясынын президиуму
48. Илимдер Улуттук академиясынын Президиумунун курамына президент, вице-президенттер, Президиумдун башкы окумуштуу катчысы, ИУАнын аймактык бөлүмдөрүнүн төрагалары жана Президиумдун мүчөлөрү шайланат.
Бир адам президенттикке экиден ашык мөөнөткө шайланбайт.
Кыргыз Республикасынын УИА Президенти, вице-президенттери, Президиумунун башкы окумуштуу-катчысы жана Президиумунун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын УИА Жалпы чогулушунда Кыргыз Республикасынын УИА академиктеринин жана корреспондент-мүчөлөрүнүн ичинен шайланышат.
ИУАнын президенти, вице-президенттери, Президиумдун башкы окумуштуу катчысы академиянын Жалпы чогулушунда ИУАнын академиктеринин ичинен шайланат.
ИУАнын президентине талапкер республиканын Өкмөтү тарабынан сунуш кылынат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- өзүнүн арызынын негизинде;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушунун тизмедеги курамынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес мүчөлөрүнүн демилге кылынган чакырып алуусу боюнча;
- билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча;
- оорусуна байланыштуу кызматтык милдеттерин аткара албаганда;
- соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- каза болгон учурда.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри шайлоо өткөрүлгөнгө чейин УИАнын президентинин милдетин аткаруучусун дайындайт.
Илимдер Улуттук академиясынын президентти шайлоо тууралуу чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бул чечим бекитилбеген учурда президентти шайлоо өткөрүлгөн жок деп эсептелет. ИУАнын президентин жаңы шайлоолор бир айдын ичинде өткөрүлүүгө тийиш.
ИУАнын аймактык бөлүмдөрүнүн төрагалары ИУАнын Президиуму тарабынан ИУАнын академиктеринин жана корреспондент-мүчөлөрүнүн ичинен сунуш кылынып аймактык бөлүмдүн Жалпы чогулушунда шайланат жана ИУАнын Жалпы чогулушунда бекитилет.
ИУАнын Президиумунун бардык курамы бир мезгилде 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
ИУАнын Президиумунун жетекчилери жана бардык мүчөлөрү ИУАнын Жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү аркылуу добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен шайланат.
Академиянын Президиуму ар бир жолку кайра шайланууда ИУАнын Жалпы чогулушуна өткөн беш жылдык иш-аракети боюнча отчет берет.
ИУАнын президенти, вице-президенттери, Президиумдун башкы окумуштуу катчысы жана башка мүчөлөрүнүн ортосунда милдет бөлүштүрүү ИУАнын Президиуму тарабынан белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-февралындагы N 80, 2017-жылдын 15-мартындагы № 153 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
49. Президиум ИУАнын Жалпы чогулушунун чечимдерин ишке ашырат жана Жалпы чогулуштун сессияларынын ортосунда ИУАнын бардык ишине жетекчилик кылат.
Өз ишинде Президиум ИУАнын Жалпы чогулушуна жана республиканын Өкмөтүнө отчет берет. Президиум Жалпы чогулуштун сессияларынын ортосунда өзү кабыл алган маанилүү чечимдер жөнүндө Жалпы чогулушка доклад кылат.
ИУАнын Жалпы чогулушу ИУА Президиумунун бардык мүчөлөрүн же анын айрым мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда бошотуп, Президиумду кезектеги жаңы шайлоого чейин Президиумдун жаңы курамын (чыгып калгандардын ордуна жаңы мүчөлөрдү) шайлоону өткөрө алат. Президиумдун бардык курамын же анын айрым мүчөлөрүнүн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү чечими жашыруун добуш берүү аркылуу добуш берүүгө катышкан академиктердин үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
50. Илимдер Улуттук академиясынын Президиуму:
ИУАнын Жалпы чогулушунун сессиясын чакырат;
академиянын өз милдеттерин аткарышы үчүн зарыл болгон илимий-изилдөө жана илимий-көмөкчү ишканаларды түзөт, өзгөртүп кайра түзөт жана жоет, ИУАнын жаңы түзүлгөн илимий-изилдөө мекемелеринин иш багытын жана адистигин аныктайт;
маанилүү комплекстүү фундаменталдуу изилдөөлөр боюнча илимий советтерди, ошондой эле комитеттерди жана комиссияларды түзөт;
республикада жаңы илимий мекемелерди уюштуруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берет;
Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүгүшү үчүн илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларынын пайдаланышына карата зарыл чараларды көрөт;
илим жөнүндөгү мыйзамды жана мамлекеттик илимий-техникалык саясатка тийиштүү мамлекеттик актыларды иштеп чыгуу боюнча мыйзам чыгаруу демилгеси менен чыгат;
илимий съезд, конференция, кеңешмелерди чакырат, изилдөө экспедициясын уюштурат;
илимий изилдөөлөрдүн программалары менен пландарын бекитет;
илимий кадрларды даярдоо жана ИУАнын илимий кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;
Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясынын кеңешчилерин бекитет;
ИУАнын басма боюнча иш-аракетин жетектейт; Илимий-басма советинин сунушу менен ИУАнын басма боюнча планын бекитет, алардын аткарылышын көзөмөлгө алат, ИУАнын басма боюнча иш-аракети үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлүп берет, академиялык илимий журналдардын башкы редакторлорун бекитет, академиялык журналдарды ачуу, өзгөртүү жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алат;
ИУАнын эл аралык карым-катнашын пландаштырат, ИУАнын чет өлкөлөрдүн илимдер академиялары жана башка илимий мекемелери менен илимий байланыштарды ишке ашырат;
ИУАга караштуу жаңы уюмдар жөнүндө жоболорду бекитет;
көрүнүктүү илимий эмгектер, ачылыштар жана ойлоп табуулар үчүн сыйлыктарды, залкар окумуштуулар атындагы сыйлыктарды ыйгарат;
ИУАнын Жалпы чогулушуна жана республиканын Өкмөтүнө академиянын иш-аракети жөнүндө жылдык отчет берет.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Президиум ИУАнын кредиттеринин башкы тескөөчүсү болуп эсептелет, ИУАнын бөлүмдөрүнүн ортосундагы жана академиянын борборлоштурулган каражат жумшоо багыттары боюнча каражаттарды бөлүштүрүү менен академиянын жылдык базалык бюджеттик финансылоо планын түзөт; жыл сайын ИУАнын Жалпы чогулушуна финансылоо планынын аткарылышы жөнүндө отчет берип турат.
52. ИУАнын Президиуму илимий мекемелердин директорлорун бекитет, илимий-көмөкчү жана башка мекемелердин жетекчилерин, совет, комитет, комиссиялардын төрагаларын, президенттин жалпы маселелер боюнча орунбасарын, Президиум аппаратынын бөлүм башчыларын дайындайт, Президиум аппаратынын кызмат орундарынын тизмесин бекитет.
53. ИУАнын Президиуму академиянын бардык мүчөлөрү, анын мекемелери жана кызмат адамдары тарабынан ИУАнын Уставынын тутулушуна көзөмөл жүргүзөт.
54. ИУАнын Президиуму өзү жана анын структуралык бөлүмдөрү жөнүндөгү жобонун негизинде аракеттенүүчү жана ИУАнын Президиуму тарабынан бекитилүүчү кызматтык аппаратка ээ болот.
55. ИУАнын президенти Президиумдун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат академиянын финансылык каражаттарын ИУАнын Президиуму аныктаган тартипте бөлүштүрөт, академиянын кадр саясатын иштеп чыгууну жана реализациялоону жетектейт, мамлекеттин бийлик органдарына ИУАнын атынан көрсөтөт.
VII. Илимдер Улуттук академиясынын бөлүмдөрү
56. ИУАнын бөлүмү ушул бөлүм боюнча илимдин бир же бир нече тармактары боюнча шайланган академия мүчөлөрүнүн, ошондой эле бул бөлүмгө караштуу институттардын жана башка мекемелердин илимий кызматкерлерин бириктирүүчү илимий жана илимий-уюштуруучулук борбор болуп эсептелет.
Бөлүмдүн курамында илимий-изилдөө институттары, илимий, илимий-өндүрүштүк борборлору жана башка илимий структуралар болот. Бөлүм эреже катары өзүнүн багыты боюнча илимий журнал чыгарат.
Комплекстүү проблемаларды иштеп чыгуу үчүн бөлүмдөр өзүнө караштуу же өзүнүн курамына кирбеген илимий мекемелердин ичинен ассоциацияларды түзө алышат.
Бөлүм өзүнүн курамына кирген илимий мекемелерге жетекчилик кылат, илимдин тийиштүү тармагындагы фундаменталдуу жана колдонмо изилдөөлөрдүн негизги багыттарын иштеп чыгат, ал изилдөөлөрдүн бөлүмдүн илимий мекемелеринде аткарылышын координациялайт, бөлүмгө караштуу илимий совет, комиссия, комитеттердин жана коомдордун ишине жетекчилик кылат, институттардын материалдык, илимий базасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө, ал кандай ведомстволордун жана жогорку окуу жайлардын илимий мекемелери менен карым-катнаштарга көмөк көрсөтөт, эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрөт.
57. Бөлүмдүн жогорку органы болуп бөлүмдүн жалпы чогулушу эсептелет. Ал бөлүм боюнча шайланган ИУАнын мүчөлөрүнөн турат.
Бөлүмдүн жалпы чогулушу:
илимдин тийиштүү тармагын өнүктүрүү жана аны пландаштыруу, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын практикада колдонуу маселелери боюнча негизги багыттарды аныктайт жана принциптүү маселелерди чечет;
бөлүмдүн, анын ичинде ИУА мекемелеринин, өз профили боюнча тармактык институттарды жана республиканын жогорку окуу жайларын координациялоо ишинин милдеттерин жана негизги багыттарын аныктайт;
бөлүм мекемелеринин эл аралык илимий кызматташтыгынын негизги багыттарын талкуулайт;
бөлүмдүн иши боюнча отчет угат жана аны бекитет;
бөлүмдүн бюросун жана бюро мүчөлөрүн шайлайт;
республиканын ИУАсынын академигине жана корреспондент-мүчөлүгүнө талапкерлерди шайлайт;
ИУАнын академиктеринин жана корреспондент-мүчөлөрүнүн өтүнүчү боюнча аларды өздөрү мүчө болуп турган бөлүмдүн Жалпы чогулушунун макулдугу менен өз бөлүмүнө мүчө кылып кабыл алат;
бөлүмгө караштуу илимдин тармактары боюнча институттардын директорлорун шайлайт жана андан кийин аларды ИУАнын Президиумунун бекитүүсүнө коет.
Бөлүмдүн жалпы чогулушу ага тийиштүү башка маселелерди да карай алат.
58. Бөлүмдүн Жалпы чогулушунда ИУАнын мүчөлөрү өздөрүнүн илимий иштери аткарылган профилге дал келген бир гана бөлүмдө чечүүчү добуш укугуна ээ болушат. ИУАда эмгектенгендер бул укукту ушул бөлүмгө караштуу болгон өздөрү иштеген илимий мекемеде реализациялайт.
Бөлүмдүн Жалпы чогулушунун сессиясында ИУАнын академигине жана корреспондент-мүчөлүгүнө талапкерлери шайлоодо, жетекчи кызматтарга шайлоодо жана бекитүүдө чечүүчү добушка ээ болгон ИУА мүчөлөрү жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендеги ар бир вакансия боюнча бирден гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.
Улуттук академиянын бир эле мезгилде эки же андан ашык бөлүмдө мүчө болуп турушкан академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү ИУАга шайлоодо бөлүмдөрдүн биринде гана чечүүчү добушка ээ болушат.
Кайсы бөлүмдө мүчө болуп турганына карабастан ИУАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү кандай гана бөлүмдүн болбосун жалпы чогулушунун ишине катыша алат.
ИУАнын институттарынын директорлору, эгер алар академиянын академиги же корреспондент-мүчөсү болбосо, тийиштүү бөлүмдүн жалпы чогулушуна кеңеш берүү добушу менен катыша алат.
59. Бөлүмдүн жалпы чогулушу, эгерде анын заседаниесине бөлүм мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу.
Бөлүмдүн жалпы чогулушунда маселелер, ушул Уставга ылайык чечим кабыл алуу үчүн үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу талап кылынгандан башка учурларда, анын заседаниесине катышкан чечүүчү добушка ээ болгондордун жөнөкөй көпчүлүгүнүн добуш берүүсү менен чечилет.
60. ИУАнын бөлүмү жөнүндөгү жобо академиянын Жалпы чогулушунда бекитилет.
Ал жобонун негизинде иш-аракетинин конкреттүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ИУАнын ар бир бөлүмү жөнүндөгү республиканын ИУАсынын Президиуму тарабынан бекитилүүчү жобону иштеп чыгууга болот.
61. Бөлүмдүн Жалпы чогулушунун чогулуштарынын ортосунда бөлүмдүн ишине бир эле мезгилде бөлүмдүн төрагасынын милдетин аткаруучу вице-президент башчылык кылган бөлүмдүн бюросу жетекчилик кылат.
Төраганын орунбасарлары жана бюро мүчөлөрү бир мезгилде бөлүмдүн Жалпы чогулушунда ушул бөлүмдө турган академиктердин жана корреспондент-мүчөлөрдүн ичинен жашыруун добуш берүү менен 5 жылга шайланат жана ИУАнын Президиуму тарабынан бекитилет.
Бөлүм бюросунун төрагасынын илимий-уюштуруу маселелери боюнча орунбасары ИУАнын Президиуму тарабынан бөлүмдүн бюросунун сунушу боюнча ИУА мүчөлөрүнүн ичинен же илимдин докторлорунан дайындалат жана ал бөлүмдүн бюро мүчөсүнүн укугуна ээ болот.
Бөлүмдүн окумуштуу катчысы бөлүм бюросунун төрагасынын сунушу боюнча ИУАнын Президиуму тарабынан илимдин докторлорунан же кандидаттарынан бекитилет жана ал бөлүмдүн бюро мүчөсүнүн укугуна ээ болот.
Бөлүм бюросунун ишине кеңеш берүү добушу менен ушул бөлүмдүн башка мүчөлөрү да, ошондой эле бөлүмгө караштуу илимий мекемелердин ИУАнын мүчөсү болбогон директорлору да катыша алат.
Бөлүм бюросу өз ишинде бөлүмдүн Жалпы чогулушуна отчет берет. Ал бөлүмдүн Жалпы чогулушуна бөлүмдүн Жалпы чогулушунун сессияларынын ортосунда өзү кабыл алган маанилүү чечимдер жөнүндө билдирет.
Кайра шайлоодо бөлүм бюросу бөлүмдүн Жалпы чогулушуна өткөн беш жыл ичинде аткарган иши тууралуу отчет берет.
62. Бөлүмдүн бюросунун аткаруучу милдеттери жана ыйгарым укуктары ИУАнын бөлүмү жөнүндөгү жобо менен белгиленет.
63. Бөлүмдүн бюросунун төрагасы ИУАнын Президиумунун заседаниесинде бөлүмгө тийиштүү маселелер боюнча доклад кылат, бөлүмдүн жыйналыштарына төрагалык кылат жана өз иши боюнча бөлүмдүн Жалпы чогулушуна жана ИУАнын Президиумуна отчет берет.
VIII. Илимдер Улуттук академиясынын аймактык бөлүмдөрү
64. Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясынын аймактык бөлүмү ушул бөлүмдө иштеген ИУА мүчөлөрүн жана бул аймакта жайгашкан институттардын жана башка илимий мекемелердин илимий кызматкерлерин бириктирет.
ИУАнын аймактык бөлүмүнүн курамына аймактык илимий борборлор, илимий-изилдөө институттары, башка илимий жана илимий-изилдөө мекемелер кириши мүмкүн жана ал илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн региондо жайгашкан башка жогорку жана башка окуу жайлары менен биригиши мүмкүн.
Аймактык бөлүмдү, ошондой эле анын курамына кирген жаңы мекемелерди уюштуруу жөнүндөгү чечимди ИУАнын Президиумунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат.
65. Аймактык бөлүмдүн негизги милдети болуп маанилүү илимий проблемаларды, ошондой эле ушул аймакты жана бүтүндөй эле Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү маселелерди чечүүгө багытталган изилдөөлөрдү өөрчүтүү болуп саналат.
66. ИУАнын аймактык бөлүмүнүн жогорку органы - бул бөлүмдүн Жалпы чогулушу. Анын толук курамы аймактык бөлүм жөнүндөгү жобо менен аныкталат. Аймактык бөлүмдүн Жалпы чогулушунун курамына ИУАнын ушул аймакта иштеген академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү сөзсүз кириши керек. Алар бөлүмдүн Жалпы чогулушунун көпчүлүк бөлүгүн түзүүгө тийиш.
Академиялык наам үчүн айлык акыны ушул аймакта иштеп, аймактык бөлүмдө турган академиктер жана корреспондент-мүчөлөр гана алышат.
67. Аймактык бөлүмдүн мекемелеринин илимий-изилдөө иштери ИУАнын иш багыты алардыкына туура келген тийиштүү бөлүмү тарабынан координацияланат.
ИУАнын академиктерин жана корреспондент-мүчөлөрүн шайлоодо аймактык бөлүм алар үчүн бөлүнгөн вакансиялардын адистиктер боюнча бөлүштүрүлүшүн тармактык бөлүмдүн бюросу менен макулдашат.
ИУАнын академиктигине жана корреспондент-мүчөлүгүнө талапкерлерди шайлоодо тармактык бөлүмдүн Жалпы чогулушу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ИУАнын Уставын жана Кыргыз Республикасынын ИУАсынын шайлоолор жөнүндөгү жобосун жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Бөлүмдүн Жалпы чогулушунун сессияларынын ортосунда аймактык бөлүмдүн жетекчи органы болуп аймактык бөлүмдүн бюросу эсептелет. Анын курамына бөлүмдүн төрагасы, төраганын орунбасары, бюронун окумуштуу катчысы жана бюро мүчөлөрү кирет.
Аймактык бөлүмдүн төрагасы ушул бөлүмдүн Жалпы чогулушунда ИУАнын академиктеринин жана корреспондент-мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
Төраганын орунбасары жана бюро мүчөлөрү аймактык бөлүмдүн Жалпы чогулушунда ИУАнын ушул аймакта иштеген мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана ИУАнын Президиуму тарабынан бекитилет. Бөлүм бюросунун окумуштуу катчысы аймактык бөлүмдүн төрагасы тарабынан илимдин докторлорунун жана кандидаттарынын ичинен дайындалат жана ал бюро мүчөсүнүн укугуна ээ болот.
Аймактык бөлүмдүн бюросунун курамы бир эле мезгилде, 5 жылдык мөөнөткө, жашыруун добуш берүү менен аймактык бөлүмдүн чогулушка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.
Мында аймактык бөлүмдүн Жалпы чогулушуна ИУАнын ушул аймакта иштеген академиктеринин жана корреспондент-мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышууга тийиш.
Аймактык бөлүмдүн бюросу өз ишинде бөлүмдүн Жалпы чогулушуна отчет берет. Жалпы чогулушка бюро аймактык бөлүмдүн Жалпы чогулушунун сессияларынын ортосунда кабыл алган маанилүү чечимдери тууралуу доклад берет.
Кайра шайлоодо бюро Жалпы чогулушка өткөн беш жылдык мезгил ичиндеги өз иш-аракети боюнча отчет берет.
69. Аймактык бөлүмдүн Жалпы чогулушунун жана бюросунун аткаруучу милдеттери жана ыйгарым укуктары ушул бөлүм жөнүндөгү жобо менен белгиленет. Аймактык бөлүмдүн жобосу ИУАнын Жалпы чогулушунда бекитилет.
IX. Илимдер Улуттук академиясынын илимий-изилдөө мекемелери
70. Илимдер улуттук академиясы изилдөө иштерин өзүнүн илимий мекемелеринде - илимий-изилдөө институттарында, илимий, илимий-өндүрүштүк борборлорунда жана башка структуралык бөлүмдөрүндө аткарат.
71. ИУАнын илимий-изилдөө ишинин негизги структуралык звеносу юридикалык статусу бар институт болуп эсептелет. Анын негизги милдети - фундаменталдуу жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү.
Өз милдеттерин аткаруу үчүн институт экономикалык, социалдык жана уюштуруучулук маселелерин өз алдынча чечет, ошондой эле чет өлкөлүк жамааттар жана окумуштуулар менен илимий байланыш түзөт.
Институт бөлүмдүн, аймактык бөлүмдүн курамына кириши же ИУАнын Президиумуна караштуу болушу мүмкүн.
72. ИУАнын институтунун же башка илимий борборунун башында директор турат. Ал ИУА мүчөлөрүнүн же башка көрүнүктүү окумуштуулардын ичинен мекеменин илимий жамаатынын колдоосуна ээ болгон талапкерлерден шайланат.
ИУАнын илимий мекемелеринин директорлорун шайлоо ушул бөлүмдөрдүн академиктери менен корреспондент-мүчөлөрүнүн жашыруун добуш берүүсү аркылуу жүргүзүлөт. Эгерде ИУАнын академиктери менен корреспондент-мүчөлөрүнүн тизмедеги санынын үчтөн экисинен кем эмеси заседаниеге катышкан болсо, анда бөлүмдүн Жалпы чогулушу илимий мекемелердин директорлорун шайлоону өткөрүүгө укугу бар.
ИУАнын илимий мекемелеринин директорлорун шайлоодо бөлүмдүн мүчөлөрү бир гана талапкер үчүн добуш берүүгө укуктуу. Көпчүлүк добушка ээ болуп шайланган адамдар ИУАнын илимий мекемелеринин директорлору болуп эсептелет, бирок бул добуш бөлүмдүн добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добуштарынан кем болууга тийиш эмес.
ИУАнын илимий мекемесинин директору 5 жылдык мөөнөткө шайланат жана ИУАнын Президиуму тарабынан бекитилет.
ИУАнын Президиуму институттун же башка илимий-изилдөө мекемесинин директорун, эгерде ага негиздер болгон учурда, мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуп коюуга укуктуу.
73. Илимдер Улуттук академиясынын илимий-изилдөө институттары жана башка илимий мекемелери ИУАнын илимий изилдөө мекемесинин уставынын негизинде аракеттенет.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
X. Илимдер Улуттук академиясын финансылоо жана анын мүлкү
74. Мамлекеттик жогорку илимий мекеме катары, Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясын финансылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт өзүнчө сап менен жана өзүнө илимий мекемелерди базалык финансылоону фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн программаларын финансылоону, ошондой эле академиялык илимдин инфраструктурасын финансылоону камтыйт.
75. Илимий жамааттар жана айрым окумуштуулар өздөрү иштеп чыккан долбоорлорду финансылоо сунушу менен илим менен техниканын бюджеттен тышкары борборлоштурулган фондуна, илимий изилдөөлөрдүн аймактык жана тармактык фондуларына, жамааттык, кайрымдуулук жана башка фондуларга кайрыла жана тийиштүү конкурстарга катыша алышат.
76. Илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн гранттардан алынган каражаттарды теманын, программанын, долбоордун илимий жетекчиси тескейт.
77. ИУАнын системасында кызматкерлерди жалдоодо, эмгекти уюштурууда жана ага акы төлөөдө күчүндө болгон мыйзамдардын негизинде контракттык системаны колдонууга жол берилет.
78. Мамлекет Илимдер Улуттук академиясына анын Уставында белгиленген иш-аракетти "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жүргүзүүдө колдонуу үчүн мөөнөтсүз жана акысыз пайдаланууга негизги жана айланма фондуларды, жерди жана башка мамлекеттик мүлктү берет.
ИУАга берилген негизги жана айланма фондуларды жана башка мамлекеттик мүлктү алып салууга жана башка уюмдарга берүүгө болбойт.
Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясы өзүнө берилген мамлекеттик менчикти менчиктин формасын өзгөртпөй туруп Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана Илимдер улуттук академиясынын уставында белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен өз каалашынча пайдаланат.
Илимдер Улуттук академиясы илимий, тажрыйба (геоэкологиялык, биологиялык, физикалык, химиялык, жана башка) полигондорун уюштуруу үчүн жер участкаларын мөөнөтсүз жана акысыз пайдаланууга бере алат.
ИУАнын мүлккө ээлик кылышы, аны пайдаланышы жана тескөөсү жөнүндө бардык маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ИУАнын уставы менен аныкталат.
ИУАнын илимий жана башка мекемелерине мүлк толук чарбалык ээлик кылуу укугунда пайдаланууга берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
79. Илимдер Улуттук академиясы өзүнө берилген мамлекеттик менчикти ИУАнын уставы жол берген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүн "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республиикасынын Мыйзамы менен жүргүзүү үчүн пайдаланат, анын ичинде алынган кирешени материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү, инфраструктураларды кармап туруу жана анын кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү үчүн пайдалануу менен тажрыйба-конструктордук, өндүрүштүк, инновациялык жана коммерциялык иштерге да колдонот.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы N 714 токтомунун редакциясына ылайык)
XI. Илимдер академиясынын эл аралык байланыштары
80. Илимдер Улуттук академиясы эл аралык илимий карым-катнаштардын эл аралык практикада кабыл алынган формалары менен каражаттарын пайдаланат: илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерин аткаруу үчүн таламдаш чет өлкөлүк уюмдарды, ишкана, фирмаларды тартат, илимий жана
техникалык маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте алар менен биргелешкен ишканаларды, илимий-окуу борборлорун жана башка уюмдарды түзөт.
81. Эл аралык байланыштарды ишке ашыруу үчүн ИУА өз алдынча төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
чет өлкөлүк улуттук жана эл аралык уюмдар менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык жөнүндөгү макулдашууларды, келишимдерди түзүү жөнүндө;
эл аралык уюмдарга кирүү жөнүндө;
ИУАнын чет өлкөлөргө командировкага жиберилип жаткан окумуштууларына каражат берүү нормасы жөнүндө;
Илимдер Улуттук академиясына илимий иштер үчүн жана башка максатта кызматка алынып жаткан чет өлкөлүк окумуштууларга төлөп берүүлөрдүн жана башка тейлөө чыгымдардын өлчөмүн аныктоо жөнүндө.
XII. Илимдер Улуттук академиясынын өзгөчө укуктары
82. Илимдер Улуттук академиясы өз архивинде илим жана анын тарыхы үчүн баалуу болгон окумуштуулардын, адабият, маданият жана искусство ишмерлеринин кол жазмаларын, ошондой эле ИУАнын мекемелеринин архивдик материалдарын сактоого укуктуу.
83. ИУА башка мамлекеттердин илимий мекемелери, жогорку окуу жайлары жана китепканалары менен басылмаларды алмашып турууга укуктуу.
84. ИУАнын, анын Президиумунун, мамлекеттик илимий борборлордун, илимий-изилдөө институттарынын жана башка илимий мекемелерге теңештирилген мекемелердин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган кыргыз жана орус тилдеринде жазылган мөөрү болот.
XIII. Илимдер Улуттук академиясынын уставын өзгөртүү тартиби
85. Илимдер Улуттук академиясынын Уставы ИУАнын жалпы чогулушунун ИУАнын анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) тизмедеги санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынган чечиминин негизинде өзгөртүлөт жана ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.