Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 153
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставында:
- 48-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы - он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- өзүнүн арызынын негизинде;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушунун тизмедеги курамынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес мүчөлөрүнүн демилге кылынган чакырып алуусу боюнча;
- билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча;
- оорусуна байланыштуу кызматтык милдеттерин аткара албаганда;
- соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- каза болгон учурда.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри шайлоо өткөрүлгөнгө чейин УИАнын президентинин милдетин аткаруучусун дайындайт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |