Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2001-жылдын 21-сентябры ПУ № 278
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин республиканын тышкы экономикалык иш-аракеттерине тиешелүү маселелерди жөнгө салуу боюнча мурда кабыл алган чечимдерин тартипке келтирүү максатында:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 23-сентябрындагы "Чийки заты, эл керектөөчү товарларды жана өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияны лицензиялоонун тартибин өзгөртүү жөнүндөгү" № 280 Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 9-февралындагы "Кыргыз Республикасында тышкы экономикалык ишти мамлекеттик башкаруудагы өзгөртүүлөр жөнүндөгү" № 35 Указы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 9-февралындагы "Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштеринде мамлекеттик башкаруудагы өзгөрүүлөр жөнүндөгү" Указына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 30-июлундагы № 219 Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 25-мартындагы "Жеке ишкердикти коргоо жана өнүктүрүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндөгү" № 34 Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 6-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кошумча гарантиялар жөнүндөгү" № 234 Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 25-ноябрындагы "Чарба жүргүзүүчү субъекттерге салык салууну өркүндөтүүнүн кечиктирилгис чаралары жөнүндөгү" № 306 Указы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 9-февралындагы № 36 Указы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 25-мартындагы "Жеке ишкердикти коргоо жана өнүктүрүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндөгү" Указына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 11-мартындагы № 69 Указы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир указдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 24-январындагы № 26 Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чет өлкөлүк инвестициялар боюнча агентствону түзүү жөнүндөгү" 1997-жылдын 4-ноябрындагы № 305 Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 1-октябрындагы "Кыргыз Республикасында ишкердик жана инвестициялык жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" № 289 Указынын 2-пунктунун үчүнчү абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 11-июнундагы № 191 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу, бекитилүүчү, сунуш кылынуучу жана бошотулуучу кызматтардын тизмесинин 1-бөлүмүнүн 54-пункту.
2. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып колдонууга киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Акаев |