КР Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1998-жылдын 1-октябры ПУ № 289
Кыргыз Республикасында ишкердик жана инвестициялык жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2001-жылдын 21-сентябрындагы ПУ № 278, 2004-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 236 жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Ишкердик жагымдуу чөйрөнү андан ары калыптандыруу жана республикага тике инвестицияларды тартуу процессин өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ишкердик жана инвестициялык жагымдуу чөйрөнү түзүү республикадагы бардык мамлекеттик органдардын биринчи даражадагы милдети болуп саналат деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Инспектордук китеп жөнүндө жобону иштеп чыксын жана мамлекеттик органдардын инспекциялары менен текшерүүлөрүн каттаган расмий отчеттук документ катарында бардык ишканаларга жана жеке ишкерлерге киргизсин;
- (КР Президентинин 2001-жылдын 21-сентябрындагы ПУ № 278 Указынын редакциясына ылайык күчүн жоготту деп табылган)
- мамлекеттик акысыз жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин түзсүн, мында буларды аткарууга негиздүү чыгымдардан алынган акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүнүн тарифтик деңгээлин камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин жана:
- юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди каттоо жана алардын иши менен байланышкан мамлекеттик уруксат берүү системасын толук жөнөкөйлөтүүчү;
- ишкерлердин чарбалык ишине ар кандай мамлекеттик органдардын уруксат берилбеген кийлигишүүсүнөн алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылуучу;
- коммерциялык туризмди - челноктук бизнести натыйжалуу өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү мыйзам актыларынын долбоорун даярдасын, андан соң аларды Жогорку Кеңештин кароосуна койсун.
4. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Преэидентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Акаев |