Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1996-жылдын 6-ноябры № 527
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы «Мамлекеттик пошлина акысын бекитүү жөнүндө» № 521 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
(В редакции постановления Правительства КР от 9 декабря 1999 года № 673, 30 апреля 2003 года № 256)
Мамлекеттик пошлина акысын айырмалоо жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик пошлинанын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы “Мамлекеттик пошлина акысын бекитүү жөнүндө” № 521 токтому менен бекитилген акысына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттун акыркы абзацы төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
“Жоюлуп жаткан жана финансы жана банк секторун реконструкциялоо кредитинин программасына кирген банктардан юридикалык жактардан жана жеке адамдардан карыздарды төлөтүп алуу жөнүндөгү доомат арыздарынан мамлекеттик пошлина эң аз бир эмгек акынын өлчөмүндө мамлекеттик пошлина алынат”;
(В редакции постановления Правительства КР от 30 апреля 2003 года № 256)
2. Аталган токтомдун күчү кайтарылгыс жана ал кабыл алынганга чейинки укук мамилелерине жайылтылбайт.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашылып, “Мамлекеттик пошлина жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын колодонуу боюнча нускоого бир жумалык мөөнөттө өзгөрртүү жана толуктоо киргизсин.
4. Бул токтом ал жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Жумагулов |
|
|
Котормочу – референт | С. Чериков |