Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2001-жылдын 10-декабры ПУ № 364

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясы жөнүндө

(КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Республиканын музыка маданиятын калыптандырууга Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын кошкон зор тарыхый салымын эске алып, улуттук музыка искусствосун жана кесиптик концерттик ишти андан ары өнүктүрүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясына "улуттук" деген статус берилсин жана мындан ары ал "Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы" деп аталсын.

2. (КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Акаев