Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 22-декабрындагы N 375 Указы менен бекитилген |
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агентствосу жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2006-жылдын 19-июнундагы ПЖ N 315, 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 162 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агентствосу (мындан ары - Агентство) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 2-февралындагы N 33 "Кыргыз улуттук "Кабар" телекоммуникация жана маалымат агентствосун түзүү жөнүндөгү" Указы менен түзүлгөн Кыргыз улуттук "Кабар" телекоммуникация жана маалымат агентствосунун укук мурастоочусу болуп саналат.
2. Агентство мамлекеттик башкаруу органдарынын маалымат чөйрөсүндөгү чакырыктарга натыйжалуу чара көрүүсүнүн системасын түзүүнү камсыз кылган аткаруу бийлик системасына кирбеген мамлекеттик маалыматтык-талдоо органы жана мамлекеттин ички жана эл аралык маалымат саясатынын координатору болуп саналат.
(КР Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 162 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Агентство өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин, башка нормативдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Агентство юридикалык жак болуп саналат, балансы, эсеп-кысабы, республиканын жана чет өлкөнүн банктарында валюталык жана башка эсептери болот, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлүп, аталышы жазылган тегерек мөөргө, штампка, бланктарга, товардык (фирмалык) белгиге, соода маркасына, башка реквизиттерге ээ; сотто доочу жана жоопкер катары чыга алат.
5. Агентствонун юридикалык дареги: 720011, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Совет көчөсү, 175.
6. Агентствонун расмий аталышы:
мамлекеттик тилде - Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агентствосу, кыскартылганы "КАБАР" КУМА;
орус тилинде - Кыргызское национальное информационное агентство "Кабар", кыскартылганы КНИА "КАБАР";
англис тилинде - Kyrgyz National News Agency "KABAR".
II. Агентствонун максаттары, милдеттери жана функциялары
7. Агентство объективдүүлүк жана окуяларды ар тараптан чагылдыруу принциптерин жетекчиликке алуу менен маалыматтарды эркин жана ар тараптуу алмашуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жана анын ыкмаларын өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын иши жөнүндө сапаттуу маалыматтар менен жалпыга маалымдоо каражаттарын камсыз кылуу жана республиканын улуттук таламдарын эл аралык уюмдарда жана чет өлкөлөрдө коргоо максатын көздөйт.
(КР Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 162 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Агентствонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөгө мамлекеттик бийлик органдарынан чыккан расмий маалыматтарды таркатуу;
- мамлекеттик маалыматты таркатуу системасын түзүү, маалымат чөйрөсүндөгү чакырыктарга ыкчам чара көрүүдө жана мамлекеттик органдардын иши жөнүндө сапаттуу маалыматты өндүрүүдө жана таркатууда мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарына көмөк көрсөтүү; мамлекеттик органдардын иши жөнүндө сапаттуу жана ыкчам маалыматты алууга жалпыга маалымдоо каражаттарына көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин саясий, коомдук, экономикалык, коммерциялык, маданий турмушундагы маанилүү окуялар жөнүндө объективдүү маалыматтарды чогултуу жана тез арада таркатуу;
- Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатын маалыматтык-талдоо жагынан камсыз кылуу;
- ушул Жобо менен аныкталган жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршы келбеген маалымат жана башка иш чөйрөсүндө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен маалыматтык жана башка байланыштарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
(КР Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 162 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге жетишүү максатында Агентствого төмөнкүдөй функциялар берилет:
- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө бардык түрдөгү жана категориядагы маалыматтык продукцияны чогултуу, иштетүү, чыгаруу жана таркатуу, ошондой эле өлкөдө болуп жаткан, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылып жаткан окуяларга мониторинг жүргүзүү;;
- Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү социалдык, экономикалык жана саясий кырдаал жөнүндө оперативдүү маалыматтар менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана алардын кызмат адамдарын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө саясий жана экономикалык кырдаал жөнүндөгү аналитикалык материалдарды даярдоо;
- маалыматтарды эл аралык алмашууну уюштурууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына, мамлекеттик органдарына, мамлекеттик мекемелери менен ишканаларына, башка юридикалык жактарга алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан уюштуруу-чыгармачылык жана техникалык жактан көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына, чет өлкөлүк жарандарга жана уюмдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген баалар боюнча келишимдик негизде маалымат жана тийиштүү кызмат көрсөтүү;
- маалыматтар банкын түзүү;
- өз компетенциясынын чегинде тышкы экономикалык иш жүргүзүү;
- маалымат чөйрөсүндөгү чакырыктарга ыкчам чара көрүүдө жана алардын келип чыгуусун алдын алууда мамлекеттик органдардын басма сөз-кызматтарына көмөк көрсөтүү;
- маалыматтык тобокелдиктердин өлкөдөгү коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу маалыматты даярдоо үчүн эксперттерди тартуу;
- окуяларга, анын ичинде өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда түшүндүрмөлөрдү ыкчам алуу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилери менен өз ара аракеттенүү;
- мамлекеттик реформаларды жана антикоррупциялык иш-чараларды илгерилетүү боюнча маалыматтык ишти жүргүзүүдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү;
- маалыматтык тобокелдиктердин экономикага, саясатка, коопсуздукка жана мамлекеттик башкарууга тийгизген таасири тууралуу маселелерди дайыма талдап туруу үчүн стратегиялык изилдөөлөр жаатында адистешкен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери жана уюмдары менен өз ара аракеттенүү.
10. Агентствонун иш-аракети төмөнкү принциптерге ылайык жүргүзүлөт:
- объективдүүлүк, аныктык, мыйзамдуулук, ачыктык;
- коомдун керектөөлөрүн так, оперативдүү. объективдүү, эркин жана калыс маалымат менен канааттандыруу;
- маалыматтык продукциялардын сапаттуулугу жана алардын эл аралык маалымат стандарттарына ылайык келиши;
- саясий жана коомдук уюмдардан көз карандысыздык;
- Кыргызстандын жалпы улуттук таламдарын билдирүү.
III. Агентствонун укуктары
11. Агентство төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик жана коммерциялык жашыруун сырга кирген маалыматтардан тышкары маалыматтарды биринчи кезекте жана оперативдүү алууга жана ээ болууга;
- өз ишинин формасын өз алдынча аныктоого, республиканын ичинде, ошондой эле андан тышкары жерде маалыматты, башка продукцияларды жана кызматтарды керектөөчүлөр менен келишимдин негизинде мамиле түзүүгө;
- жаңы маалыматтык мүмкүнчүлүктөрдү өздөштүрүү, маалыматтык инфраструктураны, бөлүмдөрдү, өкүлчүлүктөрдү, кабарчылар пункттарын жана башка бөлүмдөрдү түзүү жолу менен маалыматтык иш-аракетин чыңдоого жана кеңейтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сүрөт, үн жана маалымат берүүнүн жыштыктары менен башка каналдарын "Өкмөттүк" категория боюнча артыкчылыктуу негизде пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде мамлекеттик, коммерциялык уюмдар жана жеке жактар менен ишкер карым-катнаштарды түзүүгө;
- маалымат, башка маалыматтык структуралардын иш-тажрыйбасын иликтөө маселеси боюнча жолугушуулардын жана кеңешмелердин катышуучусу жана уюштуруучусу болууга;
- иш-аракетинин планын өз алдынча иштеп чыгууга, продукциясын тескөөгө, сметанын чегинде чыгымдарды, автордук калем акынын (гонорар) баасын жана өлчөмүн аныктоого;
- Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда маалымат алмашууда арачылык жана өкүлчүлүк функциясын жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн продукциясын, товарларын жана кызматтарын сатууга;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын, маалымат агенттиктеринин жана Интернет-саясаттын ишинин маселелери боюнча мамлекеттик органдардын медиа-иш-чараларына алардын чакыруусу боюнча катышууга.
(КР Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 162 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
IV. Агентствонун ишин уюштуруу
12. Агентствого Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаган директор башчылык кылат.
13. Директор:
- Агентствонун ишине жетекчилик кылат, өзүнүн алдында турган милдеттерди аткарууну уюштурат, приказ жана буйруктарды чыгарат, ички нускоолорду жана эрежелерди бекитет;
- Агентствонун, анын бөлүмчөлөрүнүн жана кабарчылар пункттарынын түзүмүн, кызматкерлеринин штаттык санын бекитет;
- Агентствонун кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот, алар менен контракт түзөт;
- чет өлкөлүк делегацияларды жана айрым адамдарды кабыл алууга, Агентствонун иш-аракети менен байланышкан ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө атайын арналган каражаттардын чегинде аны чыгымдоонун нормасын бекитет;
- Агентствонун иш-аракетинин натыйжасы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
- Агентствонун иш-аракети жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентине отчет жөнөтөт;
- Агентствонун милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзөт.
(КР Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 162 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
14. Директордун орун басары болот, аны Агентствонун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт жана бошотот.
(КР Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 162 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
15. 9 кишиден турган коллегия Агентствонун кеңеш берүү органы болуп саналат. Коллегиянын курамына директор жана анын орун басарлары кирет. Коллегиянын башка мүчөлөрү Агентствонун башка кызматкерлеринин ичинен директор тарабынан дайындалат.
(КР Президентинин 2006-жылдын 19-июнундагы ПЖ N 315 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
16. Коллегияга Агентствонун директору башчылык кылат. Директор жок болгон учурда коллегиянын жыйналышын директордун орунбасары өткөрөт.
(КР Президентинин 2006-жылдын 19-июнундагы ПЖ N 315, 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 162 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
17. Коллегия Агентствонун маалыматтык саясатынын концепциясын, анын учурдагы жана келечек милдеттерин иштеп чыгат, Агентствону өнүктүрүү маселелерин карайт, анын финансы-экономикалык ишинин, кадрлар менен иштөөнүн абалын талкуулайт, Агентствонун кызматтары менен бөлүмдөрүнүн отчетторун угат.
18. Коллегия чечим кабыл алат, ал директордун приказы же буйругу түрүндө чыгарылат.
V. Агентствонун каражаттары, мүлкү жана анын ишин токтотуу
19. Агентствонун иши мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жана маалыматтык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган каражаттардын эсебинен финансыланат.
20. Агентствого Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан оперативдүү башкаруу укугунда мүлк бекитип берилет.
Агентство ага бекитилип берилген мүлккө карата ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат. Агентствого бекитип берилген мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат жана ажыратылууга тийиш эмес.
21. Агентствонун каражаттары жана мүлктөрү төмөнкүлөрдөн турат:
- негизги фонддордон жана жүгүртүү каражаттарынан;
- сатып алынган интеллектуалдык менчик объекттеринен;
- маалыматтык продукцияны сатуудан түшкөн кирешеден;
- Агентствонун маалыматтык ишин камсыз кылууга бөлүнгөн мамлекеттик каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каражаттардан.
22. Агентствонун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте токтотулат.
23. Агентство жоюлган учурда анын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.