Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 18-июлу ПЖ № 162
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 22-декабрындагы "Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агентствосу жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Маалымат чөйрөсүндөгү чакырыктарга ыкчам жооп берүү, мамлекеттик маалыматты таркатуу системасын түзүү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардын иши тууралуу ыкчам жана сапаттуу маалыматтарды алуусуна көмөктөшүү жагында мамлекеттик органдардын маалымат кызматтары менен өз ара аракеттенүү боюнча "Кабар" кыргыз улуттук маалымат агентствосунун ишин мындан ары жакшыртуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 22-декабрындагы № 375 "Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агентствосу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агентствосу жөнүндө жободо:
2-пункт "Агентство" деген сөздөн кийин "мамлекеттик башкаруу органдарынын маалымат чөйрөсүндөгү чакырыктарга натыйжалуу чара көрүүсүнүн системасын түзүүнү камсыз кылган" деген сөздөр менен толукталсын;
7-пункт "ошондой эле" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик органдардын иши жөнүндө сапаттуу маалыматтар менен жалпыга маалымдоо каражаттарын камсыз кылуу жана" деген сөздөр менен толукталсын;
8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик маалыматты таркатуу системасын түзүү, маалымат чөйрөсүндөгү чакырыктарга ыкчам чара көрүүдө жана мамлекеттик органдардын иши жөнүндө сапаттуу маалыматты өндүрүүдө жана таркатууда мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарына көмөк көрсөтүү; мамлекеттик органдардын иши жөнүндө сапаттуу жана ыкчам маалыматты алууга жалпыга маалымдоо каражаттарына көмөк көрсөтүү;";
9-пунктта:
экинчи абзац ", ошондой эле өлкөдө болуп жаткан, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылып жаткан окуяларга мониторинг жүргүзүү;" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- маалымат чөйрөсүндөгү чакырыктарга ыкчам чара көрүүдө жана алардын келип чыгуусун алдын алууда мамлекеттик органдардын басма сөз-кызматтарына көмөк көрсөтүү;
- маалыматтык тобокелдиктердин өлкөдөгү коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу маалыматты даярдоо үчүн эксперттерди тартуу;
- окуяларга, анын ичинде өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда түшүндүрмөлөрдү ыкчам алуу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилери менен өз ара аракеттенүү;
- мамлекеттик реформаларды жана антикоррупциялык иш-чараларды илгерилетүү боюнча маалыматтык ишти жүргүзүүдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү;
- маалыматтык тобокелдиктердин экономикага, саясатка, коопсуздукка жана мамлекеттик башкарууга тийгизген таасири тууралуу маселелерди дайыма талдап туруу үчүн стратегиялык изилдөөлөр жаатында адистешкен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери жана уюмдары менен өз ара аракеттенүү.";
11-пунктта:
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн продукциясын, товарларын жана кызматтарын сатууга;";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- жалпыга маалымдоо каражаттарынын, маалымат агенттиктеринин жана Интернет-саясаттын ишинин маселелери боюнча мамлекеттик органдардын медиа-иш-чараларына алардын чакыруусу боюнча катышууга.";
13-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Агентствонун, анын бөлүмчөлөрүнүн жана кабарчылар пункттарынын түзүмүн, кызматкерлеринин штаттык санын бекитет;";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Агентствонун милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзөт.";
14-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"14. Директордун орун басары болот, аны Агентствонун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт жана бошотот.";
16-пункттагы "биринчи" деген сөз алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| А. Атамбаев |