Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1995-жылдын 7-июлу № 271
Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы № 1423-XII "Кыргыз Республикасында "Суу жөнүндө" Mыйзамды ишке киргизүүнүн тартиби жөнүндө" токтомун аткаруу, сууну коргоочу зоналарды жана суу объект тилкелерин орнотуунун бирдиктүү тартибин, бул зоналарда жерлерди чарбачылыкта пайдалануунун режимдерин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Областтык, райондук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруулары Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо боюнча Мамлекеттик комитети менен бирдикте ушул жобого ылайык 1997-жылга чейин сууну коргоочу зоналарынын жана суу объект тилкелеринин минималдуу өлчөмдөрүн белгилешсин, ошондой эле сууну коргоочу схемаларды иштеп чыгуу жана кыска мөөнөттүн ичинде алар боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн ишканаларды жана уюмдарды белгилешсин.
3. Сууну коргоочу схемаларды иштеп чыгууга, иш чараларды жүзөгө ашырууга жана сууну коргоочу зоналар менен суу объект тилкелерин ушул жобого туура келгендей пайдалануу режимин сактоого контролдук жергиликтүү өзүн өзү башкарууларына, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо боюнча Мамлекеттик комитетине жана анын жер-жерлердеги органдарына жүктөлөт.
4. Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
- 1982-жылдын 7-январындагы "Кыргыз ССРинин майда дарыяларындагы сууну коргоочу зоналар жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө";
- 1986-жылдын 29-декабрындагы № 603 "Кыргыз ССРинин суу сактагычтарындагы сууну сактоочу зоналар жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө".
Премьер-министри | А.Жумагулов |