Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы N 271 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307, 2022-жылдын 29-июлундагы № 403, 2023-жылдын 28-августундагы № 429 , 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык иштелип чыккан жана дарыялардын, көлдөрдүн, көлмөлөрдүн, суу сактагычтардын, каналдардын, гидротехникалык курулмалардын жана түзүлүштөрдүн, ичүүчү жана техникалык суу менен жабдуу булактарындагы суу алуучу жана коргоочу курулмалардын (мындан ары - суу объекттери) сууну коргоочу зоналарына жайылтылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бул Жобо менен Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар, суу объект тилкелери, сууну коргоочу зоналар менен тилкелерге кирген жерлерди чарба иши үчүн колдонуу режими, ошондой эле аларды тиешелүү абалда күтүү үчүн кандай жоопкерчилик талап кылынары белгиленет.
3. Сууну коргоочу зоналарда жана тилкелерди белгилөө канал бойлорунда суу бургуч тилкелерди, чарба иши жана ичүү үчүн колдонулуучу суу башаттарын санитардык коргоо зоналарын, балык чарба көлмөлөрү үчүн санитардык зоналарды, ошондой эле калкты дарылоо, дагы башка дартка даба болчу максаттар үчүн суу объектилери жайгашкан курортторду санитардык жактан коргоочу округдарды (алардын чеги жана колдонулуш режими күчүндө турган мыйзамдарга ылайык белгиленет) курууну кошо камтыйт.
4. Сууну коргоочу зоналар менен тилкелердин чеги физика-географиялык, топурак-гидрогеологиялык шарттарга, суу объектисинин же айрым участкасынын кайсы ишке колдонула турганына, рельефке, ошондой эле жалпы эле сууну керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгына жараша аныкталып белгиленет.
5. Сууну коргоочу зоналар менен суу бойлорундагы тилкелер чарбалардын жерди пайдалануу боюнча картографиялык материал-пландарында, курулуш жана башкалардын генпландарында көрсөтүлөт.
Суу бойлорундагы тилкелердин чеги даана көрүнгөн белгилер менен шаарлардын, өнөр жай борборлорунун аймактарында, көпчүлүк калк эс алган жерлерде, тындырбай айыл чарбасы үчүн колдонулган участкаларда гана белгиленет.
6. Сууну коргоочу зоналардын, тилкелердин өлчөмүн, ал жерлердеги режимди тактап-белгилегенде ушул Жобонун талаптары сөзсүз сакталыш керек.
II. Мамлекеттик органдардын компетенциясы
7. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча сууну коргоочу зоналарды жана суу объект тилкелерин белгилөө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларына жүктөлөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары сууну коргоочу зоналардын жана суу объект тилкелеринин өлчөмү жөнүндө, ошондой эле алардын аймагында белгиленген сууну коргоочу режим жөнүндө чечимдерди бардык кызыкдар юридикалык жана жеке жактарга жеткирет. Сууну коргоочу зоналар жана тилкелер суу объектин пайдалануучулар же жери суу объектине жанаша турган жерди пайдалануучулар тарабынан натуралай белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7-1. Сууну коргоочу зоналарды жана тилкелерди белгилөөдө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары өздөрүнүн чечими менен туруктуу иштөөчү комиссияны түзөт, анын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу, айлана-чөйрөнү коргоо, экология, жаратылыш ресурстарын коргоо, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик, архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Сууну коргоочу зоналарды жана суу жээгиндеги тилкелерди уюштуруу боюнча сунуштарды даярдоону жана киргизүүнү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын туруктуу иштөөчү комиссиялары камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Сууну коргоочу зоналардын жана суу объект тилкелеринин өлчөмдөрү, алардын курамына киргизилген жерлерди пайдалануу тартиби, ошондой эле сууларды коргоо схемаларынын долбоорлору жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын чечимдери менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Негизги талаптар
10. Сууну коргоочу зоналарда Жана суу объект тилкелеринде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
а) мал чарба комплекстерин жана фермаларды, Канаттуулар фабрикаларын, мал чарба комплекстеринен чыккан саркынды сууларды топтоочуларды, даярдалган кык камтыган саркынды сууларды пайдаланган сугат системаларын, мал көмүлгөн жерлерди, кык көмүлгөн жана жыйналган жерлерди, таштанды жана өндүрүш калдыктары төгүлгөн жерди, механикалык устаканаларды, ошондой эле техникалык тейлөө, май куюучу жана автотранспортту, айыл чарба техникаларын жуучу пункттарды жайгаштырууга;
б) Жаңы өнөр жай ишканаларын курууга жана иштеп жаткандарын кеңейтүүгө жана реконструкциялоого;
в) авиациялык-химиялык иштерди жүргүзүү үчүн учуу-конуу тилкелерин орнотууга;
г) күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоо үчүн идиштерди орнотууга, уу химикаттарды жана минералдык семирткичтерди сактоо үчүн кампаларды, аппаратурага уу химикаттарды куюу үчүн аянтчаларды курууга;
д) суунун сапатына терс таасир тийгизе турган канализациялык-тазалоочу курулмаларды жана башка объекттерди жайгаштырууга;
е) суу объекттин суу коргоочу зонасынын ички чек арасынан 2000 м аз аралыкта айыл чарба жана токой талаасына уу химикаттарын авиация жолу менен чачууга жана минералдык семирткичтерди берүүгө;
ж) пайдаланылбаган пестициддерди, алардын калдыктарын жана таштандыларын, ошондой эле пестицид менен булганган таңгактоочу материалдарды жайгаштырууга;
з) дарак-бадал өсүмдүктөрүн кыюуга, буга токойго кам көрүү үчүн кыюулар жана санитардык кыюулар кирбейт;
и) кардын үстүнөн семирткичтерди берүүгө, семирткич катары кык камтылган саркынды сууларды пайдаланууга, туруктуу хлор органикалык уу химикаттарды колдонууга;
к) жүн жууга жана тери-булгаары чылоого;
л) койду күпкөгө салуу жана малды жаюу үчүн, өзгөчө дренаждык-колоттук элементтерди орнотууга;
м) суу сактагычка, дарыяларга, туруктуу же убактылуу суу агуучу колотторго тазаланбаган агынды сууларды агызууга;
н) жайылма көлдөрдү жана дарыя нуктарын тазалоого, жаратылышты коргоону жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууну мамлекеттик контролдоочу органдар менен макулдашуусуз карьерлерди орнотууга;
о) суу объекттеринин абалына терс таасир тийгизүүчү иштердин башка түрлөрүн аткарууга.
Аталган чектөөлөрдөн тышкары жээктеги суу коргоочу тилкеде төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- жайкы мал короолорун уюштурууга;
- өргүү базаларын, чатыр шаарчаларын жайгаштырууга;
- мергенчилердин жана туристтердин токтоосуна;
- автотранспортту жана айыл чарба техникасын токтотууга жана жууга.
Өргүү зоналары, суу коргоочу иш-чаралар жана аларды пайдалануу режими бар же уюштурулуп жаткан суу объекттеринин тилкелеринде тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдар менен белгилеген тартипте аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 403 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Суу коргоочу зоналардын жана тилкелердин чегинде төмөнкүлөргө уруксат берилет:
а) төмөнкүдөй балык өстүрүү-өндүрүп чыгаруу объекттерин жайгаштырууга:
- мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгон учурда, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чектеринен тышкары жерде жайгашкан балык питомниктерин, урук чачуу-өстүрүү, балык өстүрүү жана балык багуу чарбаларын, балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык станцияларын, урук чачуу үчүн жасалма жайларды, балык өтүүчү каналдарды жана гидротехникалык курулмаларды;
б) төмөнкүдөй балык өстүрүү, балык уулоо, балык көбөйтүү жана балык запастарын өндүрүп чыгаруу үчүн жеңил конструкциялардан жасалган убактылуу балык өстүрүү объекттерин жайгаштыруу: балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында балык чарбасы көлмөлөрүнө андан ары кое берүү менен икраларды инкубациялоо жана балык тукумун көбөйтүүчү материалды өстүрүү үчүн аппараттары бар инкубациялык цехтерди; балык өстүрүүчү инвентарларды жана жабдууларды, тор материалдарды, лотокторду жана бассейндерди; балык тоюттарын жана чакан көлөмдөгү кайыктарды.
в) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу энергетикалык орнотмолорду курууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 403, 2023-жылдын 28-августундагы №429 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
IV. Сууну коргоочу зоналар
12. Сууну коргоочу зоналар катары суу объектисинин акваториясына чектеш жаткан, булгануудан, акыр-чикирден, бөксөрүүдөн, балырланып, чөп-чар басуудан сактоо үчүн атайын режимге коюлган аймак эсептелет.
Сууну коргоочу зоналарга булар кирет: дайралардын жайылмасы, жайылманын кашатындагы тектирчелер, түпкү жээктердин кырчалары, тик эңкейиштер, ошондой эле суу объектисине чектеш жаткан кокту-колоттор.
13. Суу объектисинин акваториясы жактан алганда, сууну коргоочу зонанын ички чеги катары булар эсептелет:
- көл, кудук, дайра, каналдар үчүн - алардагы суунун орточо көп жылдык келкиси.
- Суу сактагычтар үчүн - ошо суу сактагычтардагы суунун нормалдык деңгээлдеги келкиси.
14. Сууну коргоочу зонанын тышкы чеги суу объектисинен эң алыс турган чеги боюнча аныкталат. Ал мына булар менен өлчөнөт:
- жээктерди 50 жыл ичинде кайра иштетүүнүн прогноздолгон зонасы (жаңы курулуш салууга чек коюлган зона);
- суу объектисине тике келип кошулган суу агуучу кокту-колот, аң-чөнөктөрдү камтуучу эрозия көп күтүлчү зона, суу башатына чектеш жаткан эродирленген жерлер, көлмө, аңгек, кокту-колоттордун боюндагы эрозияга каршы өндүр;
- суу объектисинде суу деңгээли өтө көтөрүлүп кетип, убактылуу суу каптап калган жерлер;
- жер астындагы суулар демейкисинен дайыма көтөрүлгөн деңгээлде турган зона:
1 м - айыл чарбасына жарактуу жерлер үчүн;
2 м - айыл жерлериндеги калктуу конуштар үчүн;
3 м - шаарлар жана калаа-кыштактар үчүн;
- суу объектисинин сууну коргоочу зонасынын ички чегинен 3 км жердеги мамлекеттик токой өсүмдүктөрүнүн тышкы чеги.
15. Сууну коргоочу зоналар конкреттүү шарттарды эсепке алуу менен табигый турган абалында такталат да, табигый жана жасалма жээктерин кошо камтыйт.
16. Көл, көлмө, суу сактагычтар үчүн сууну коргоочу зонанын минималдуу кеңдиги мындайча болот:
Суу топтолгон жердин көлөмү Сууну коргоочу зонанын кеңдиги, м
10 млн.куб.м чейин 100
100 млн.куб.м чейин 200
1000 млн.куб.м чейин 300
1000 млн.куб.мден арбын 500
17. Дарыялардагы сууну коргоочу зонанын эң аз кеңдиги төмөнкүдөй узундуктагы дарыялар үчүн эки жээги боюнча суунун көп жылдык орточо жээгинин четинен белгиленет:
Дарыянын узундугу | Сууну коргоочу зонанын кеңдиги, м |
10 км аз | 50 м |
10дон 50 км чейин | 75 м |
50дөн 100 км чейин | 100 м |
100 км ашык | 150 м |
Эскертүү: Узундугу 50 км, 100 км жана андан ашык дарыяларда гидротехникалык курулмалар (дамбалар) Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын талаптарына ылайык жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тургузулган шарттарда эки жээк боюнча суунун орточо көп жылдык келкисинен 50 метрден кем эмес сууну коргоочу зонасынын эң кичине туурасын белгилөөгө жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307 , 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Магистралдык жана чарбалар аралык каналдар үчүн сууну коргоочу зонанын эң кичине кеңдиги мындайча:
Секундасына 5тен 10 куб.м чейин
суу агыза ала турган каналдар үчүн - 5О м;
секундасына 10дон 20 куб.м чейин
суу агыза ала турган каналдар үчүн - 75 м;
секундасына 20 куб.м ашуун
суу агыза ала турган каналдар үчүн - 100 м.
19. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде сууну коргоочу зоналарга атайын тартип боюнча бөлүнгөн суу объектилеринин өйүз-бүйүзүндөгү тыюу салынган токой тилкелери кирет. Токойлордо тыюу салынып көрсөтүлгөн тилкелердин көлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ченемдер боюнча кабыл алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 403 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
V. Сууну коргоочу тилкелер
20. Сууну коргоочу зоналардын ичинен 3.1-пунктуна ылайык чарбалык ишке катуу чектөө коюлчу аймак катары жээк бойлой кеткен суу коргоочу тилкелер бөлүнүп каралат. Жээкки суу коргоочу тилкелер жайыт катары калтырылып, дарак-бадал ээлеш керек.
21. Көлдөр, көлмөлөр, суу сактагычтар үчүн жээкки суу коргоо тилкесинин кеңдиги мындайча:
Суу топтолгон жерлердин көлөмү Суу коргоо тилкесинин кеңдиги, м
10 млн.куб.м чейин 30
100 млн.куб.м чейин 50
1000 млн.куб.м чейин 70
1000 млн.куб.мден ашуун 100
22. Дайралардын жээкки суу коргоо тилкесинин кеңдиги өйүз-бүйүзүнөн суунун орточо көп жылдык ченемине жараша өлчөнөт.
Магистралдык жана чарбалар аралык каналдардын суу коргоочу тилкесинин кеңдиги терең коңул менен өткөндө каналдын эки жаккы чегинен тартып, кырдалган көтөрүңкү жер менен өткөндө, дамбанын таманынан тартып өлчөнөт.
Жээкки суу коргоо тилкелеринин өлчөмү суу башатына чектеш жаткан жерлердин (айдоо, чөп чабык, бадалдуу аянт ж.б.) жагдайына, жантык беттердин тик-өйдөштүгүнө жараша мындайча коюлат:
Суу башатына чектеш жаткан жарактуу жерлердин түрү | Чектеш жаткан жантык беттери тик суу коргоочу тилкелердин (м) кеңдиги | ||
Терс же нөлдүк эңкейиш | 3 градуска чейин | 3 градустан жогорку | |
Айдоо | 10-12 | 20-25 | 35-50 |
Жайыт, чөп чабык | 10-15 | 15-25 | 25-50 |
Токой, бадал, бак | 20 | 20-35 | 35-50 |
Эскертүү: Максималдуу өлчөмдөр көп эродирленген катуу жерлерге тиешелүү.
23. Суу объектисине удаа жайгашкан шаар, калаа-шаар, айылдагы калктуу конуштардын аймактарына жээкки суу-коргоочу тилкелер гана калтырылат. Алардын өлчөмү планировканын конкреттүү шарттарына, тиешелүү жергиликтүү Кеңеш бекиткен генплан боюнча жүргүзүлүп жаткан курулуш өзгөчөлүгүнө таянуу менен белгиленет.
24. Граждандардын чарбагына, дачалык, бак отургузулган участкасына удаалаш жаткан суу объектилерине суу коргоочу тилкелер белгиленбейт. Ал үчүн алар жерди иштеткенде суу ээлеген жерлерге зыян келтирбеши керек.
Ушул Жобону катуу кармангандарга гана суу коргоочу зоналарга, суу объект тилкелерине кирген жерлерди пайдаланууга жол берилет.
VI. Сууну коргоонун схемалары
25. Гидрогелогиялык жана гидрохимиялык жагымдуу режимдин сакталышына көмөк көрсөтүү, суу ресурстарынын санитардык абалын жакшыртып, орду менен керектөө, сууларды булгануудан, акыр-чикирден, азаюудан сактоо боюнча иш-чараларды комплекстүү жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү долбоордук-сметалык документациясына ылайык суу объектилерин коргоонун схемалары иштелип чыгууда.
26. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясына ылайык сууну коргоочу схемаларды иштеп чыгууну, гидротехникалык курулмаларды долбоорлоп, курууну, дагы башка жумуштарды аткарууну, суу объектилерин булгануудан, акыр-чикирден, азаюудан, балырланып, чөп-чар басуудан сактоону, ошондой болуп кетсе, ал терс факторлордон арылтууну камсыз кыла турган ишкана, мекеме, уюмдар кайсылар болорун аныктайт. Аталган бийлик органдары ошондой эле ушул сууну коргоо иш-чараларын жүзөгө ашыруунун мөөнөттөрүн белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 403 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Дайра, көл, көлмөлөрдүн, мурдатан бар суу сактагычтардын, каналдардын долбоорлору суу коргоочу зоналардагы жарактуу жерлерди пайдаланган министрлик, ведомство, бирикме, ишкана, мекеме, уюмдардын адистешкен долбоорчул уюмдары тарабынан бир стадияда иштелип чыгат.
28. Долбоорлонуп жаткан суу сактагычтар менен каналдардан суу коргоо схемаларынын долбоорлору көрсөтүлгөн суу объектилеринин долбоорлорунун тутумунда иштелип чыгат. Бул иштерге бөлүнчү каражат ошол объектилердин өзүн долбоорлоо боюнча сметаларда каралат.
29. Суу коргоочу схемалардын долбоорлору айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар, санитардык көзөмөл, жерге орноштуруу кызматы жана башка кызыкдар органдар менен макулдашылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 403 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Сууну коргоо зонасынын ичинде иштеп жаткан өнөр жай, айыл чарба объектилери чарбалык ишин сууну коргоочу схеманын долбоорундагы буйрук, талаптарды кармануу менен жүргүзүлөт.
VII. Жоопкерчилик жана контролдоо иши
31. Территориясын пайдалануу режимин кармануу менен суу коргоочу зоналардын жана суу тилкелеринин тиешелүү абалда турушун колдоо жоопкерчилиги кайсы ведомствого баш иерине, менчигинин формасына карабастан бардык бирикме, ишкана, мекеме, уюм, чарба жетекчилерине, ошондой эле сууну коргоо зоналары жана тилкелеринин ичинде пайдаланууга алган жери бар граждандарга жүктөлөт.
32. Сууну коргоочу зоналар менен тилкелердеги режимди бузгандар Кыргыз Республикасынын күчүндө турган мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Сууну коргоочу зоналар менен тилкелердин территориясын пайдалануу режимин белгилөөгө жана аны сактоого контролдукту айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307 токтомдорунун редакцияларына ылайык)