Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2002-жылдын 15-марты ПУ № 60
Энергия булактарына тарифтердин жогорулашынын шартында калкты социалдык жактан колдоонун кошуча чаралары жөнүндө
(КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Энергия булактарына тарифтердин жогорулашынын шартында республиканын калкын социалдык жактан колдоонун кошуча чараларын турмушка ашыруу максатында:
1. 2002-жылдын 1-апрелинен тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмү орточо 20 процентке көбөйтүлсүн.
2. Энергия булактары үчүн социалдык жактан корголгон тарифтерге укугу бар жарандардын категориясына кирген адамдар үчүн кирешелеринин төмөнкү чеги айына 350 сомго чейин жогорулатылсын.
3. (КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
5. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
5. Бул Указ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |