Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 17-августу ПЖ № 199
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 29-июлундагы № 215 "Эмгек акынын, пенсиялардын, пособиялардын жана стипендиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгынын 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 20-мартындагы № 102 "Билим" Улуттук билим берүү программасынын негизги багыттары жөнүндө" Жарлыгынын 2-4-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 15-мартындагы № 60 "Энергия булактарына тарифтердин жогорулашынын шартында калкты социалдык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгынын 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 138 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 5-мартындагы № 80 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 12-октябрындагы № 349 "Билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-январындагы № 21 "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 1-июлундагы № 260 "Кыргыз Республикасынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы № 132 "Жогорку окуу жайларынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы № 133 "Мамлекеттик маданият мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-июлундагы № 340 "Республиканын социалдык жактан коргоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-июлундагы № 341 "Республиканын билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-июлундагы № 342 "Республиканын саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы № 637 "Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы № 638 "Билим берүү кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы № 640 "Маданият кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы № 641 "Социалдык жактан коргоо кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-декабрындагы № 539 "Билим берүү кызматкерлерине педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы төлөө жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-декабрындагы № 540 "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-декабрындагы № 541 "Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-декабрындагы № 542 "Социалдык жактан коргоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы № 295 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын тарифтик ставкасынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |