Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жободо төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
Финансылык чалгындоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
компетенттүү органдар - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Финансылык чалгындоо, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар;
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттери - БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары менен түзүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттери (1267, 1373, 1718, 1737, 1988 жана башкалар);
маалымат берүүчү жактар - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде каралган жеке жана (же) юридикалык жактар;
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдер;
Тизме - ушул Жобого ылайык Финансылык чалгындоо тарабынан түзүлүүчү террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын тизмеси;
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары - БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциялары:
- терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө (1267 (1999), 1269 (1999), 1333 (2000), 1363 (2001), 1373 (2001), 1390 (2001), 1455 (2003), 1526 (2004), 1617 (2005), 1735 (2006), 1822 (2008), 1904 (2009), 1988 (2011), 1989 (2011) жана аларды өнүктүрүүдө кабыл алынган резолюциялар);
- массалык кыргын салуучу куралды таратууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө (1718 (2006), 1737 (2006), 1747 (2007), 1803 (2008), 1874 (2009), 1929 (2010) жана аларды өнүктүрүүдө кабыл алынган резолюциялар);
каражаттар - банк кредиттерин, жол чектерин, банк чектерин, почта которууларын, баалуу кагаздарды жана ар кандай пайыздарды, дивиденддерди жана алар боюнча бөлөк кирешени, ошондой эле кылмыш жасоого багышталган же кылмыш жасоонун натыйжасында алынган мүлктү, кирешелерди жана инструменттерди кошо алганда, алардын алыныш ыкмасына карабастан, материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу жана кыймылсыз ар кандай түрдөгү активдер, ошондой эле ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадагы, ушундай активдерге же аларга катышууга болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтер же актылар;
террористтик иш - "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
экстремисттик иш - "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт.
2. "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу жана Тизмеде каралган, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларында белгиленген жеке же юридикалык жакка каражаттардын ар кандай методдор жана ыкмалар менен берилишине бөгөт коюу ушул Жобонун негизги максаты болуп саналат.
3. Бул Жобо Тизмени түзүү жана жактарды Тизмеден чыгаруу негизин жана тартибин, ошондой эле Тизмени жеткирүү жана жарыялоо тартибин аныктайт.
2. Тизмени түзүү үчүн негиздер
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык төмөндөгү документтер Тизмени түзүү үчүн негиздер болуп саналат:
1) жеке адамды террористтик же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасоого айыптуу деп табуу же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратуу тууралуу Кыргыз Республикасынын сотторунун Мыйзамдуу күчүнө кирүүчү өкүмдөрү;
2) террористтик же экстремисттик иштин юридикалык жак тарабынан жүзөгө ашырылышы же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратуу менен байланышкан юридикалык жактын ишин таануу жана жоюу же тыюу салуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын сотторунун Мыйзамдуу күчүнө кирүүчү чечимдери;
3) тергөөчүлөр тарабынан чыгарылган террористтик же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасаган же болбосо массалык кыргын салуучу куралды тараткан жактарды айыпталуучу катарында тартуу тууралуу токтомдор;
4) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттери тарабынан түзүлгөн тизмелер же БУУнун Коопсуздук Кенешинин тийиштүү резолюцияларында белгиленген жактар жана уюмдар;
5) чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар же алардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же эриш-аркактык принциптеринде өткөрүлүп берилген жана таанылган тизмелер;
6) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же эриш-аркактык принциптеринде Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы же болбосо массалык кыргын салуучу куралды тараткандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактарды айыптоо тууралуу чет мамлекеттердин сотторунун өкүмдөрү (чечимдери);
7) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жана эриш-аркактык принциптеринде чет мамлекеттин компетенттүү органдары же эл аралык уюмдар тарабынан жөнөтүлгөн террористтик же экстремисттик ишке же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратууга жеке же юридикалык жактын катышы бар экендигин тастыктоочу расмий эл аралык суроо-талаптар.
Финансылык чалгындоодо жактын террористтик же экстремисттик ишке же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар экендигин тастыктоочу жетиштүү маалыматтардын бар болушу Тизмени түзүү үчүн кошумча негиз болуп саналат.
5. Юридикалык жак тарабынан террористтик же экстремисттик иштин жүзөгө ашырылышына же болбосо массалык кыргын салуучу куралдын таратылышына байланыштуу юридикалык жактын ишин таануу, жоюу же тыюу салуу тууралуу маселе Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын же Финансылык чалгындоонун арызын карап чыгуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган соттун чечиминин негизинде чечилет.
3. Тизмени түзүү жана ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
6. Ушул Жобонун 4-пунктунда каралган негиздердин бири келип чыккан же бар болгон кезде компетенттүү органдар тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен, тийиштүү документтерди жана маалыматтарды Тизмеге киргизүү үчүн негиздер келип чыккандыгы тууралуу маалымат алынган күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбей Финансылык чалгындоого белгиленген формада же электрондук санарип кол белгини колдонуу менен электрондук түрдө жөнөтүшөт.
Компетенттүү органдарга жакты Тизмеге киргизүү үчүн документтер жана маалыматтар Финансылык чалгындоого жөнөтүлгөндүгү туурасында жакка кабарлоого тыюу салынат.
7. Ушул Жобонун 4-пунктунун 4-пунктчасында каралган негиздер келип чыккан кезде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциясынын көчүрмөсүн жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттери тарабынан түзүлгөн тизмелерди Финансылык чалгындоого жөнөтөт.
Муну менен бирге Финансылык чалгындоо БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттеринин расмий сайттарында жарыяланган маалыматтын негизинде Тизмени дайыма жаңылап турууга милдеттүү.
8. Документтер жана маалыматтар Финансылык чалгындоого почталык жөнөтүү же чабарман менен же болбосо орнотулган корголгон байланыш каналдары аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.
9. Жеке жана юридикалык жактарды идентификациялоо үчүн, Тизмеге киргизүү үчүн негиз болуп берген документтерден тышкары, компетенттүү органдар Финансылык чалгындоого төмөндөгү маалыматтарды (эгер бар болсо) кошумча беришет:
1) жеке адамга карата:
- фамилиясы, аты, атасынын аты (эгерде Мыйзамдан же улуттук жөрөлгөдөн башка нерсе келип чыкпаса);
- туулган күнү жана жери;
- жарандыгы;
- улуту;
- инсандын күбөлүгүнүн жана чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын жүрүүгө (жашоого) болгон укугун тастыктоочу документтин маалыматтары (паспорту);
- жашаган (катталган) жеринин же турган жеринин дареги;
- салык төлөөчүнүн (ал бар болгон кезде) идентификациялык номери же социалдык коргоо күбөлүгүнүн номери;
- иштеген жери жана ээлеген кызмат орду тууралуу маалыматтар;
- эгерде жеке адам юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик ишти жүзөгө ашырса, бул учурда жеке ишкер катарында каттоо номери, катталган күнү жана ишинин түрү кошумча берилет;
2) юридикалык жакка карата:
- аталышы, уюштуруу-укук формасы, чет өлкөлүк юридикалык жактын мамлекеттик каттоо номери же каттоо номери;
- мамлекеттик каттоого алынган жери тууралуу маалыматтар жана турган жеринин дареги;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери же чет өлкөлүк уюмдун коду;
- кызмат адамдары тууралуу маалыматтар, негиздөөчүлөр тууралуу маалыматтар жана юридикалык жактын ишин жөнгө салуучу уставдык документтерге тиешелүү болгон башка маалыматтар.
Эгерде жак терроризм жана экстремизм менен күрөшүүгө катышуучу чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын же алардын ыйгарым укуктуу органдарынын тийиштүү тизмесине киргизилген болсо, бул учурда да ошол Тизмеге киргизилген күнү тууралуу маалыматтар берилет.
10. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан маалыматтар толук эмес же так эмес берилген учурда Финансылык чалгындоо зарыл маалыматты белгиленген тартипте кошумча сурап алууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан бул сурамдын аткарылыш мөөнөтү, кошумча маалымат үчүн терроризм жана экстремизм менен күрөшүүгө катышуучу чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга же алардын ыйгарым укуктуу органдарына кайрылган учурларды кошпогондо жети жумушчу күндөн ашпоого тийиш.
11. Тизмеге компетенттүү органдардан документтер жана маалыматтар келип түшкөн күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирилбей, Финансылык чалгындоо тарабынан өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
Тизмеге БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттери тарабынан түзүлгөн тизмелердин негизинде, БУУнун расмий сайтында жарыялангандан тартып бир жумушчу күндүн ичинде өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
Өзгөртүүлөр жана толуктоолор ар жолу киргизилген кезде Тизме жаңы редакцияда чыгарылат.
4. Жактарды Тизмеден чыгаруу негиздери жана тартиби
12. Тизмеге киргизилген жактар документтер жокко чыгарылган (өзгөртүлгөн) же юридикалык күчүн жоготкон, ошондой эле Тизмеге киргизүү үчүн негиз болуп берген кылмыш иштери токтотулган учурларда жана төмөнкү документтер бар болгон кезде андан чыгарылышат:
1) жеке адамды террористтик же экстремисттик мүнөздөгү же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратуу тууралуу кылмышты жасоого айыптуу деп табуу тууралуу жергиликтүү соттордун соттук актысын жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими;
2) юридикалык жак тарабынан террористтик же экстремисттик иш жүзөгө ашырылгандыгына же болбосо массалык кыргын салуучу курал таратылгандыгына байланыштуу юридикалык жактын ишин таануу жана жоюу же тыюу салуу тууралуу жергиликтүү соттордун соттук актысын жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими;
3) тергөөчүлөр, прокурор же сот тарабынан чыгарылган террористтик же экстремисттик мүнөздөгү же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратуу тууралуу кылмышты жасаган жактарга карата кылмыш ишин токтотуу токтомдор;
4) БУУнун Коопсуздук Кенешинин Комитеттери тарабынан кабыл алынган жакты Тизмеден чыгаруу тууралуу расмий документ;
5) чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар же алардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде же эриш-аркактык принциптеринде Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилген жакты Тизмеден чыгаруу тууралуу расмий документ;
6) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде же эриш-аркактык принциптеринде Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган жеке жана юридикалык жактарды террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы же болбосо массалык кыргын салуучу куралды тараткандыгы үчүн айыптоо жөнүндөгү чет мамлекеттин сотунун өкүмүн (чечимин) жокко чыгаруу тууралуу чет мамлекеттин жогору турган сотунун чечими;
7) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык же эриш-аркактык принциптеринде чет мамлекеттин компетенттүү органдары же эл аралык уюмдар тарабынан берилген жеке же юридикалык жактын террористтик же экстремисттик ишке же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар экендигин тастыктоочу мурда жөнөтүлгөн эл аралык суроо-талапты чакыртып алуу же жокко чыгаруу тууралуу расмий документ;
8) Финансылык чалгындоодо жактын террористтик же экстремисттик ишке же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар экендигин тастыктоочу жетиштүү маалыматтардын бар болушуна байланыштуу жакты Тизмеге киргизүү тууралуу мурда чыгарылган чечимди жокко чыгаруу тууралуу Финансылык чалгындоонун чечими.
13. Мыйзамда белгиленген тартипте тастыктала турган жактын өлүмү жеке жакты Тизмеден чыгаруу үчүн кошумча негиз болуп саналат.
14. Жеке жана юридикалык жакты Тизмеге киргизүү тууралуу чечим Финансылык чалгындоого, прокуратура органдарына же соттук тартипте, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
Жеке жана юридикалык жакты Эл аралык тизмекке киргизүү тууралуу чечим төмөнкүдөй тартипте даттанылышы мүмкүн:
1) (2009) 1904-резолюцияга ылайык негизделген БУУнун акыйкатчы башкармалыгына - БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттери тарабынан түзүлгөн тизмелердин негизинде Тизмеге киргизилген жактар;
2) чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга же алардын ыйгарым укуктуу органдарына - чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар же алардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан түзүлгөн тизмелердин негизинде Тизмеге киргизилген жактар;
3) чет мамлекеттердин жогору турган сотторуна - чет мамлекеттин өкүмүнүн (чечиминин) же чет мамлекеттин компетенттүү органдарынын эл аралык суроо-талаптардын негизинде Тизмеге киргизилген жактар;
4) чет мамлекеттин компетенттүү органдарына же эл аралык уюмдарга же болбосо эл аралык сотторго - чет мамлекеттин компетенттүү органдарынын же эл аралык уюмдардын эл аралык суроо-талаптардын негизинде Тизмеге киргизилген жактар.
15. Жакты БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттери тарабынан түзүлгөн тизмелерден чыгаруу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларында белгиленген тартипте, анын ичинде жактын суроо-талап менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин (2006) 1730-резолюциясына ылайык түзүлгөн Байланыш борборуна түздөн-түз кайрылуусу аркылуу жүзөгө ашырылат.
5. Тизменин түзүмү
16. Тизме эки бөлүмдөн турат:
- Улуттук тизме;
- Эл аралык тизме;
17. Ар бир бөлүм төмөнкүдөй главаларга бөлүнөт:
- Алардын террористтик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жактардын тизмеси;
- Алардын экстремисттик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жактардын тизмеси;
- Алардын массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жактардын тизмеси.
18. Ар бир глава төмөнкүдөй пункттарга бөлүнөт:
1) жеке жактар;
2) юридикалык жактар.
6. Тизмени жеткирүү жана жарыялоо тартиби
19. Тизме кабардар кылуу жана ишке ашыруу үчүн бекитилген күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбей, Финансылык чалгындоо тарабынан маалымат берүүчү жактарга маалыматтык каттар түрүндө же электрондук маалыматтар базасы түрүндө белгилеген байланыш каналдары аркылуу жөнөтүлөт.
20. Тизме бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан колдонулушу үчүн электрондук маалыматтар базасы түрүндө Финансылык чалгындоонун расмий сайтында жайгаштырылат жана жарыяланат.
Финансылык чалгындоо зарыл болгон кезде Тизмени пайдалануу, операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана каражаттарды жаап коюу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет, ошондой эле ошол түшүндүрмөлөрдү Финансылык чалгындоонун расмий сайтында жарыялайт.
7. БУУнун Коопсуздук Кенешинин комитеттери тарабынан түзүлгөн Тизмелерге киргизүү үчүн сунуштарды айкындоо жана киргизүү тартиби
21. Финансылык чалгындоо БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларында белгиленген критерийлерге ылайык жана тартипте БУУнун Коопсуздук Кенешинин тийиштүү тизмесине жактарды же уюмдарды киргизүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
22. Финансылык чалгындоо адам укуктарын, Мыйзамдын үстөмдүгүн сыйлоону жана күнөөсүз үчүнчү тараптардын укуктарын таанууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларында белгиленген критерийлерге ылайык жөндүү негиздер жана жетиштүү далилдер бар болгон кезде, жакты же уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тизмектерине киргизүү үчүн сунуштарды киргизүү тууралуу чечимди кабыл алат.
23. Финансылык чалгындоо БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттерине сунуштарды киргизүүдө жактарды жана уюмдарды так жана бирдей идентификациялоо, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кенешинин тийиштүү резолюцияларында белгиленген форманы толтуруу үчүн жетиштүү идентификациялык маалыматты чогултат жана берет.
24. Финансылык чалгындоо БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тизмелерине киргизүү критерийлерине туура келген жактарды жана уюмдарды айкындоо жана киргизүү үчүн мамлекеттик органдардан, жеке адамдардан, жеке ишкерлерден, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан жана юридикалык жактардан алынган кандай гана маалыматты болбосун талап кылууга укуктуу.
25. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тизмелерине киргизүү критерийлерине туура келбеген же көбүрөөк жооп бербеген жактарды жана уюмдарды чыгаруу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8. Корутунду жоболор
26. Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасагандыгы үчүн жаза тарткан жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу операцияларга (бүтүмдөргө) мониторингди жүзөгө ашыруу максатында, Финансылык чалгындоо Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасагандыгы үчүн жаза тарткан жактардын тизмесин түзөт. Соттуулугу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлган жактар Тизмеде тура алышпайт.
Тизме Финансылык чалгындоо тарабынан белгиленген тартипте бекитилген күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбей, маалымат берүүчү жактардын кабардар болушу үчүн маалыматтык каттар түрүндө же электрондук документ түрүндө белгиленген корголгон байланыш каналдары аркылуу жөнөтүлөт.
27. Ушул Жобонун талаптарынын маалымат берүүчү жактар тарабынан сакталышын контролдоону тийиштүү көзөмөлдөө органдары өз компетенцияларынын алкагында жүзөгө ашырышат.
Финансылык чалгындоо маалымат берүүчү жактар жана же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан Тизменин пайдаланылышы боюнча мониторингди жүзөгө ашырат.