Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-марты № 135
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324, 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын натыйжалуу аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Терроризмди (зкстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контроль эрежелерине коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө жобо;
- Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоо жана верификациялоо жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана маалымат берүүчү жактар тарабынан маалыматтарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына берүү тартиби жөнүндө жобо;
- Жалпыланган материалды берүү жана карап чыгуу жөнүндө жобо;
- Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, каражаттарды бир калыпта кармоо жана бошотуу тартиби жөнүндө жобо;
- Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелери боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо тартиби жөнүндө жобо;
- Көзөмөлдөө органдарынын тизмеси жана алардын ыйгарым укуктары жөнүндө жобо;
- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын тизмеси жөнүндө жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдүк кылуу мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
.
| 7-тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген |
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелери боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелери боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелери боюнча кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун жалпы тартибин белгилейт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
ОУБ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын окуу-усулдук борбору;
Финансылык чалгындоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
ТЭК/КЛАКА - терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү;
маалымат берүүчү жактар - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн жактар;
кадрлар - маалымат берүүчү жактардын кызматкерлери жана ТЭК/КЛАКА маселелери менен иш жүргүзгөн бөлөк кызыкдар адамдар;
ички контроль кызматы - ТЭК/КЛАКА максатында ички контроль эрежелерин жүзөгө ашырууга жана Финансылык чалгындоого билдирүүлөрдү берүүгө жооптуу маалымат берүүчү жактын ыйгарым укуктуу кызматкери же түзүмдүк бөлүгү.
2. Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо тартиби
3. Маалымат берүүчү жак ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле өзүнүн ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө өз кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо графигин иштеп чыгат.
4. Маалымат берүүчү жактын жетекчиси (же анын ыйгарым укуктуу адамы) ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө окуудан өтүүгө жана өз кызматкерлери (алар бар болгон учурда) үчүн окутуу жүргүзүүнү уюштурууга милдеттүү.
5. ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө адистердин кесиптик деңгээлин ырааттуу жогорулатуу жана аларды даярдоо максатында маалымат берүүчү жактардын кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо ОУБда гана ишке ашырылат.
6. ОУБда ТЭК/КЛАКА маселелерин жүргүзгөн маалымат берүүчү жактардын кызматкерлери окушат. Маалымат берүүчү жактын жетекчиси (же анын ыйгарым укуктуу адамы) ТЭК/КЛАКА максатында окуудан өтүүгө тийиш болгон кызматкерлердин тизмесин бекитет.
Маалымат берүүчү жактар өздөрүнүн эсебинен ички контроль кызматынын кызматкерлерин жана башка кызматкерлерди (алардын ыктыярына жараша), анын ичинде жетекчилерди жана алардын орун басарларын ОУБда окутууну жылына бир жолудан кем эмес (окутуу графигине ылайык) өткөрүүгө милдеттүү.
Ички контроль кызматынын кызматкерлери ОУБда окуудан өтүүгө тийиш, анын ичинде төмөнкүдөй учурларда:
- ички контроль кызматына ишке алынып жатканда;
- Кыргыз Республикасынын ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндөгү жаңы ченемдик укуктук актылары кабыл алынганда;
- кызматкерлер ТЭК/КЛАКА боюнча ички контроль системасынын талаптарын бузушканда;
- жумуш берүүчүнүн (же анын ыйгарым укуктуу адамынын) чечими боюнча.
Окутуунун уюштурулушу жана өз убагында болушу үчүн жоопкерчиликти маалымат берүүчү жактын жетекчиси тартат.
7. ОУБда ТЭК/КЛАКА маселелери менен иш жүргүзгөн Финансылык чалгындоонун, көзөмөл органдарынын кызматкерлери жана башка кызыкдар адамдар да окушат.
8. ОУБда ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө кадрларды окутуу окуучулардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан окутуу программасына ылайык жүргүзүлөт.
Окутуу программасы төмөнкүлөрдү караштырууга тийиш:
а) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө маалымат берүүчү жактын ички документтерин окуп-үйрөнүүнү;
б) кызматкер кызматтык милдеттерин аткарып жатканда ички контролду жүзөгө ашыруу эрежелерин жана жол-жоболорун, ошондой эле ТЭК/КЛАКА жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын жана ички контролду уюштуруу жана жүзөгө ашыруу максатында кабыл алынган маалымат берүүчү жактардын уюштуруу-тескөө документтерин аткарбагандыгы үчүн кызматкерге карата колдонулушу мүмкүн болгон жоопкерчилик чараларын окуп-үйрөнүүнү;
в) терроризмди (экстремизмди) каржылоонун жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) типологияларын, мүнөздүү схемаларын жана ыкмаларын, ошондой эле шектүү (адаттан тыш) операцияларды жана бүтүмдөрдү айкындоонун критерийлерин жана алардын белгилерин окуп-үйрөнүүнү;
г) окутуу программасына ылайык, башка материалдарды окуп-үйрөнүүнү.
9. Окутуу планына ылайык окуусун аяктаган адамдар жыйынтыктоочу сынак тапшырышат. Жыйынтыктоочу сынакты өткөрүү тартиби жана сынакты алуу боюнча комиссиянын курамы ОУБнун чечими менен аныкталат.
Жыйынтыктоочу сынакты ийгиликтүү тапшырган адамдарга ОУБ мамлекеттик мааниге ээ документ болуп саналган, белгиленген үлгүдөгү сертификатты берет.
3. Кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону каттоо
10. Маалымат берүүчү жак өзүнүн кызматкерлеринин окуудан өткөндүгүн каттоону маалымат берүүчү жактын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте жүргүзөт.
Кызматкердин окуудан өткөндүгүн тастыктоочу документтер кызматкердин өздүк көктөмөсүнө тиркелет.
11. ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө даярдалган кадрларды борборлоштуруп каттоо максатында ОУБ тийиштүү маалыматтар базасын түзөт.