Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 27-февралындагы N 52 токтому менен бекитилген |
Гидрометеорологиялык иш тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын Гидрометеорологиялык жана башка станцияларынын корголуу зоналарында иштерди аткаруунун ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 22-июлундагы N 354 "Кыргыз Республикасында табигый чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүүчү гидрометеорологиялык жана башка станциялардын сакталышы жөнүндөгү" токтомуна ылайык иштелип чыкты жана гидрометеоролгиялык жана башка станциялардын корголуу зоналарындагы иштерди аткаруунун тартибин аныктайт.
2. Гидрометеорологиялык жана башка станциялардын айланасында станциялардын чек араларынын аймагынан туш тарапка 100 метр аралыкта жабылгын линия менен чектелген жер участкасы түрүндөгү коргоолуу зонасы белгиленет.
3. Гидрометеорологиялык байкоолордун түпкүлүктүү тармактарынын белги коюлган климаттык станцияларынын тизмесине кирген гидрометеорологиялык жана башка станцияларынын корголуу зоналарында төмөнкүлөр тыюу салынат:
- имараттарды жана курулуштарды куруу;
- сугат жана жерди, кургатуучу системаларды куруу;
- тоо-кен, курулуш, монтаждоо, жардыруу жана кыртышты тегиздөө иштерин жүргүзүү;
- дарактарды отургузуу, жер семирткичтерди жыюу, таштандыларды чогултуу, кислоталардын, туздардын, щелочтордун суюк аралаштамаларын төгүү;
- автомобиль жана суу транспортторун механизмдерине токтомо жайларын уюштуруу;
- жээкке кеме токтоочу жайларды жана пристаньдарды;
- суу түпкүрүн тереңдетүү жана жер казуу иштерин жүргүзүү;
- балык кармоону, ошондой эле суу жаныбарларын жана өсүмдүктөрүн алууну жүргүзүү.
4. Гидрометеорологиялык байкоолордун түпкүлүктүү тармактарынын белги коюлган климаттык станцияларынын тизмесине кирген гидрометеорологиялык жана башка станцияларынын корголуу зоналарында 3-пунктта көрсөтүлгөн иштер гидрометеорологиялык иш тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул тартип жайылтылган гидрометеорологиялык жана башка станциялардын жана посттордун курамына төмөнкүлөр кирет:
- метеорологиялык аянтчалар (метеорологиялык ченөөлөр үчүн установкалар жана түзүлүштөн жайгашкан жерлерди чектелген участкалары);
- метеорологиялык жана аэрологиялык радиолокациялык станциялар (РЛС);
- гидрометрикалык түзүлүштөр жана установкалар (асма көпүрөлөр, гидрокөпүрөлөр, свайлар, рейкалар, футштоктор, белги коюлган мамылар, суудагы белгилер, суудагы секичелер, суу деңгээлин аныктагычтар, суунун зарыл болуусун ченегичтер, сууну текшерүүгө алуу пункттары ж.б.);
- сууну буулантуучу аянтчалар;
- жылуулукту баланстоочу аянтчалар;
- табигый чөйрөнүн булганычын көзөмөлдөөчү установкалар жана түзүлүштөр;
- тажырыйба аянтчалары;
- корголуу зонанын чектериндеги кабыл алуучу жана өткөрүүчү радиостанциялардын антенна талаалары, байланыш линиялары;
- сал жыгачтары;
- электр кубатынын автономдуу булактары.
6. Жерден байкоо жүргүзүүчү бардык түрдөгү гидрометеорологиялык станцияларынын корголуу зоналарында төмөнкүдө көрсөтүлгөн иштерди аткаруу метеорологиялык аянтчанын тышкы чек араларынан төмөндөгүдөй минималдуу аралыкта жүргүзүүгө уруксат берилет:
- имараттарды жана курулуштарды - жалгыз имараттарды бийиктигинен 10 эседен кем эмес аралыкта жана метеорологиялык аянтчаны бойлото кыйла узундуктагы үзгүлтүксүз же практикалык үзгүлтүксүз тилкесин түзүп турган курулуштардын бийиктигинен 20 эседен кем эмес аралыкта куруу;
- дарактарды жана бадалдарды - айрым дарактардын, бадалдардын бийиктигинен 10 эседен кем эмес аралыкта жана метеорологиялык аянтчаны бойлото олтургузулган кыйла узундуктагы токой тилкесинин бийиктигинен 20 эседен кем эмес аралыкта олтургузуу;
- чакан жасалма көлмөлөрдү жана суу көлчөлөрүн, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу (сугат) - 60 метр;
- жылуулук трассаларын жана башка түтүк өткөрүүлөрдү, кыртышты кыйла тегиздөөнү жүргүзүү - 100 метр;
- транспорттун жана башка машиналардын жана механизмдердин токтомосу, калдыктардын таштандарылары, кислоталардын, туздардын, щелочтордун суюктуктары, жер семирткичтерди жыюу үчүн жай - 150 метр;
- темир жолдору, автомобиль жана башка жолдор, трамвайдын, троллейбусстун байланыш зымдары - 200 метр.
7. Гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүчү коргоолуу зоналарында төмөндө көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүү гидрометеорологиялык түзүлүштөр жана установкалар жайгашкан жайдан төмөнкүдөй минималдуу аралыкта жүргүзүлөт:
- кемелердин жакындашы - 25 метр;
- суу алуучу жайларды куруу - 50 метр;
- якорлорду таштоо, якорлорду, чынжырларды, лотторду, чиркемелерди, тралдарды түшүрүү менен өтүү - 100 метр (гидрометрикалык приборлордун коюлган жерлерин көрсөтүп турган белгилерден);
- жол көпүрөлөрүнүн курулушу - 100 метр (гидрометрикалык түзүлүштөрдөн);
- геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү - 100 метр (приборлор орнотулгандыгын көрсөткөн түзүлүштөрдөн, ошондой эле белгилерден);
- жээкке токтоочу жайларды, пристандарды, толкун токтоткучтарды куруу, суу түпкүрүн тереңдетүү, казуучу жана жээк жасоочу иштерин жүргүзүү - 150 метр;
- балык кармоо деңиз азыктарын алуу - 150 метр (түзүлүштөрдөн, ошондой эле приборлор орнотулгандыгын көрсөткөн белгилерден).
Атмосферага радио аркылуу байкоо жүргүзүүчү, радиолокациялык метеорологиялык байкоолорду жүргүзүүчү бардык түрдөгү станциялардын корголуучу бардык чектеринде төмөндө көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүү тийиштүү РЛС установкаларынан төмөнкүдөй минималдуу аралыкта уруксат берилет:
- имараттарды жана курулуштарды куруу - 270 метр;
- темир жолдорду, автомобиль жана башка жолдорду, трамвайдын, троллейбустун, электр өткөрүүнүн жогорку вольттуу зымдарын, кубаттары күчтүү электр установкаларын куруу жана өткөрүү - 300 метр.
8. Гидрометеорологиялык станциялардын корголуу зоналарында Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүү үчүн жер ээлери жана жерди пайдалануучулар гидрометеорологиялык станциянын системасына кирген гидрометеорологиялык иш тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү уруксатын алууга тийиш.
Жерди пайдалануучулар ишти баштоонун алдында, он күндөн кечиктирбей, бул тууралу мурда гидрометеорологиялык иш тармагындагы ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган, ушул иш гидрометеорологиялык станциянын корголуу зонасында аткарыла тургандыгы тууралу ага жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.
Эскертүү: 6 жана 7-пункттарда көрсөтүлгөн аралыктар бекитилген документтердин (көрсөтмөлөрдүн, жетекчиликке алуулардын, нускоолордун ж.б.) негизинде тийиштүү байкоолорго коюулуучу техникалык жана башка талаптарды эске алуу менен белгиленген.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)