Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 377
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 27-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агентствосунун Гидрометеорология жана башка станцияларынын корголуу зоналарында иштерди аткаруунун тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 27-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агентствосунун Гидрометеорология жана башка станцияларынын корголуу зоналарында иштерди аткаруунун тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агентствосунун" деген сөздөр "Гидрометеорологиялык иш тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агентствосунун Гидрометеорологиялык жана башка станцияларынын корголуу зоналарында иштерди аткаруунун тартибинде:
- аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агентствосунун" деген сөздөр "Гидрометеорологиялык иш тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4 жана 8-пункттардагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик гидрометеорологиялык агентствосунун" деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "гидрометеорологиялык иш тармагындагы ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |