Загрузка документа…
КР Президентинин
2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
УКАЗЫ
2002-жылдын 31-декабры ПУ № 398
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а.
2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273 Жарлыгынын,
2006-жылдын 7-апрелиндеги ПЖ № 167 Жарлыгынын,
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 579 Жарлыгынын
редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин структурасын өркүндөтүү жана жетекчилигинин функциялык милдеттерин тартипке салуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-апрелиндеги ПЖ № 167 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июнудагы № 167 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин тиркемесиндеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мамлекеттик кызмат орундарынын тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
I главанын XX бөлүмүндө:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу айрым мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматчыларынын мамлекеттик кызмат орундарынын жогорку кызмат орундарында экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги - министрдин биринчи орун басары";
- үчүнчү абзац алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Группировканын командачысы";
- төртүнчү-он сегизинчи абзац тиешелүү түрдө бешинчи-он тогузунчу абзац деп эсептелсин.
3. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 579 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. 2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
6. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Акаев |