Загрузка документа…
КР Президентинин 2014-жылдын 26-январындагы ПЖ № 144 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2006-жылдын 7-апрели ПЖ № 167
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
Жогорку командачылыгы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 579 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 9-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку командачылыгы төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги - коргоо министринин биринчи орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орунбасарлары.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 579 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 16-августундагы № 248 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку командачылыгы жөнүндө" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадрдык иштин кээ бир маселелери жөнүндө" Указынын 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 27-ноябрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Указынын 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 31-декабрындагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Указынын 1-пункту.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |