Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2003-жылдын 5-марты ПУ № 82
Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңешин түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2003-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 373, 2004-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 220 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын элдик бийлик, саясий плюрализм, жарандардын эркиндиги жана теңдиги сыяктуу жалпы таанылган демократиялык принциптерди кыйшаюусуз жактай тургандыгын ырастап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 2-январындагы № 1 Жарлыгы менен бекитилген 2002-2010-жылдарга "Адам укугу" Улуттук программасын жана "Кыргызстан - адам укугунун өлкөсү" улуттук идеясын жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңеши тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңеши:
- Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңеши жөнүндө Жобонун долбоорун даярдасын жана бекитүүгө киргизсин, анда "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Комплекстүү негиздери" Программасынын эң маанилүү принциптерине негизденген геосоциалдык жаңы мейкиндикте коомду демократиялаштырууну жана гуманизациялоону кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө моралдык, саясий жана укуктук таасир көрсөтүү боюнча ага кеңири ыйгарым укуктарды берүүнү.
- Кыргызстан калкы Ассамблеясы менен бирдикте Демократиялык кодексинин долбоорун иштеп чыгууга, аны жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кеңири катышуусу менен жалпыга маалымдоо каражаттарында алдынала талууну камсыз кылуу менен киришсин жана кыргыздардын дүйнөлүк II Курултайынын кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңешинин ишин камсыз кылуу маселесин чечүүдө ага көмөк көрсөтсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-мартындагы № 82 Жарлыгы менен бекитилген |
Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңешинин КУРАМЫ
(КР Президентинин 2003-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 373, 2004-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 220 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Миррахимов Мирсаид - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо
Мирхамидович министрлигине караштуу Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору, академик, Кеңештин төрагасы;
Осмонов Курманбек - Кыргыз Республикасынын биринчи
Эргешович вице-премьер-министри - юстиция министри, Кеңештин теңтөрагасы;
Мамбеткалиев Султан - Чүй университетинин
Мамбеткалиевич ректору;
Кеңештин мүчөлөрү:
Ажыбекова Гүлсара - Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз
Ажыбековна Республикасынын кинематографисттер Союзунун төрагасы;
Бакыев Айдар - Кыргыз Республикасынын жаштар партиясынын
Курманбекович төрагасы;
Бегматов Мукаш - согуштун, эмгектин жана Кыргыз
Юсупович Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлер Кеңешинин төрагасынын орунбасары;
Диль Валерий - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Исидорович Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Жекшенкулов Аликбек - Кыргыз Республикасынын Австриядагы Атайын
Жекшенкулович жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
Исмаилов Есен - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера
Жумазович жана балет театрынын директору;
Жамашев Зулум - эмгек ардагери, Жалалабат областынын
Жамашевич Жалала- бат шаары;
Жолчиев Бакир - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Дыйканович Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Комиссарова Любовь - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Николаевна Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Кудабаева Шаткүл - "Кыргыз Республикасынын аялдар комитетинин
Исалиевна төрагасы;
Мамбеталиев Мунур - Талас областынын Эмгек жана согуш
Мамбеталиевич ардагерлеринин кеңешинин төрагасы;
Майчиев Шамарал - Кыргызстандын Юристтер ассоциациясынын
Юсупович башкармасынын мүчөсү;
Сабиров Алишер - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Ахмедович Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Текебаев Өмүрбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Чиркешович Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Токомбаев Тарас - согуштун, эмгектин жана Кыргыз
Алиевич Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлер Кеңешинин төрагасы;
Токоев Иса - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Насыралиевич Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Кыргызстан Калкынын ассамблеясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Тогусаков Осмон - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
Асанкулович академиясынын Философия жана укук институтунун директору;
Үмөталиева Токтайым - Кыргызстандын Өкмөттүк эмес жана
Жумаковна коммерциялык эмес уюмдарынын ассоциациясынын төрагасы;
Хон Валерий - Кыргызстандын Экономикалык кайра жаралуу
Павлович партиясынын төрагасы;
Эшимканов Мелис - "Агым" газетасынын башкы редактору, Эл
Асаналиевич партиясынын төрагасы;
Юсупханов Юсупхан - Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун
Марипханович депутаттар тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Денисов Роман - Кыргыз Республикасынын Юстиция
Викторович министрлигинин мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы.
Дүйшекеев Асанбек - Ысыккөл областынын Аксуу районундагы мамлекеттик сортсыноо станциясынын директору;
Жакыпов Сейталы - Нарын шаарындагы транспорт каражаттарынын айдоочулар союзунун областтык кеңешинин төрагасы;
Колдошева Токтокан - Баткен областынын Баткен
Колдошевна райондук ЗАГС бюросунун башчысы.
Бейшембиева Айгүл - "Парклетос" коомдук кайрымдуулук
Дүйшөбековна фондунун директору;
Жеенбаев Жаныбек - Кыргыз Республикасынын Улуттук
Жеенбаевич илимдер академиясынын президенти;
Какеев Аскар - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук
Чукутаевич университетинин ректору;
Нифадьев Владимир - Кыргыз-Россиялык (Славян)
Иванович университетинин ректору.