Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2003-жылдын 20-ноябры ПЖ № 373
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-мартындагы "Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңешин түзүү жөнүндөгү" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу
Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңешинин республиканын ар кандай региондорунда өзүнүн өкүлчүлүктөрүн кеңейтүү демилгесин колдоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-мартындагы № 82 "Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңешин түзүү жөнүндөгү" Жарлыгы менен бекитилген демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңешинин курамына төмөнкү адамдар кошулсун:
Дүйшекеев Асанбек - Ысыккөл областынын Аксуу районундагы мамлекеттик сортсыноо станциясынын директору;
Жакыпов Сейталы - Нарын шаарындагы транспорт каражаттарынын айдоочулар союзунун областтык кеңешинин төрагасы;
Колдошева Токтокан - Баткен областынын Баткен райондук ЗАГС бюросунун башчысы.
Колдошевна
2. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |