Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2003-жылдын 30-апрели ПЖ № 138

Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө

Социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыз кылуу жана калктын киреше деңгээлин жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Социалдык чөйрөнүн эмгек акысы бирдиктүү тарифтик сетка боюнча аныкталган кызматкерлеринин эмгек акысы 2003-жылдын 1-апрелинен тартып 15 процентке жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А.Акаев