Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2003-жылдын 15-майы ПЖ № 150
Демократиялык коопсуздуктун коомдук кеңеши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Демократиялык коопсуздуктун коомдук кеңешинин натыйжалуу иштешин жана анын ачык иш-аракеттерин камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Демократиялык коопсуздуктун коомдук кеңеши жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандык коомдун өкүлдөрүнүн өнөктөштүк катышуусу менен Демократиялык коопсуздуктун коомдук кеңешине анын максат, милдеттерин турмушка ашырууга ар тараптан көмөк көрсөтсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |