Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-майындагы № 150 Жарлыгы менен бекитилген |
Демократиялык коопсуздуктун коомдук кеңеши жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Демократиялык коопсуздуктун коомдук кеңеши (мындан ары - Кеңеш) коомду демократиялаштыруу процессинин үзгүлтүксүз жүрүшүнө жана тунуктугуна, демократиялык институттардын коопсуздугуна талдоо жүргүзүүчү, ошондой эле коомдук чыр-чатактарды болтурбоо жана Кыргыз Республикасында адамдын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуучу жана турмушка ашыруучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.
2. Өз иш-аракеттеринде Кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдуу бөлүгү болуп эсептелген адам укуктары менен эркиндиктери жаатындагы жалпы таанылган эл аралык укук принциптерин жана чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңеш өз иш-аракеттери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында жоопкерчиликте болот.
II. Кенештин милдеттери жана аткаруучу иштери
4. Кеңештин милдеттери жана аткаруучу иштери төмөнкүлөр:
- Кыргыз Республикасында демократиялык курулушту андан ары өнүктүрүү боюнча кошумча шарттарды түзүү жана бекемдөө, демократиялык процесстерди активдештирүү;
- 2002-2010-жылдарында "Адам укуктары" Улуттук программасын, "Кыргызстан - адам укуктарынын өлкөсү" улуттук идеясын, Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негизи программасынын
маанилүү принциптерин турмушка ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине көмөк көрсөтүү;
- демократиялык институттарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, конституциялык ченемдерди, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоону күчөтүүгө өбөлгө түзүү, адамдын омоктуу өнүгүшүн жана адамдын-жарандын укуктарын коргоону камсыз кылуучу адилет коомду түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- элдик бийликтин аракеттенүү чөйрөсүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү;
- адамдын укуктарынын анык артыкчылыгын, укуктук мамлекеттин жана жарандык коомду түзүүнү жана калыптандырууну камсыз кылуу;
- демократиянын негиздерине келтирилүүчү коркунучтарды аныктоо, демократиялык институттардын ишин иликтөө жана талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча тийиштүү сунуштарды киргизүү;
- адамдын укуктары менен эркиндиктеринин маселелери боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, анын ичинде маалыматтык материалдарды басып чыгаруу, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен коомдук угууларды жана талкууларды өткөрүү аркылуу калктын кеңири катмарын маалымдап туруу;
- үйрөтүүчү (билим берүүчү) иш-чараларды иштеп чыгуу жана өткөрүү, адам укуктары менен эркиндиктери жаатында маалымат алмашуу;
- өзүнө мээримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун, улууларды, аялдарды урматтоонун жана адамдардын кайгысын тең бөлүшүүнүн принциптерин камтыган улуттук мурастын, атуулдукка тарбиялоонун, ыймандуулуктун, маданияттын, тарыхтын, каада-салттардын көөнөрбөс дөөлөттөрүн сактоо жана көбөйтүү;
- Кыргыз Республикасында адамдын негизги укуктары менен эркиндиктери институтунун оң жетишкендиктерин жалпылоо, ошондой эле бул жааттардагы терс көрүнүштөрдү жоюу;
- Кыргыз Республикасында ратификацияланган адамдын укуктары менен эркиндиктери жаатындагы эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын жоболорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- коомдук-жарандык контролдоо тутумун бекемдөөгө көмөк көрсөтүү.
III. Кеңештин ыйгарым укуктары
5. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди турмушка ашырууда Кеңеш:
- белгиленген тартипте министрликтерден, ведомстволордон, мекемелерден өз иш-аракеттерин турмушка ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды сурап алууга укуктуу;
- адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча улуттук саясатты жана стратегияны турмушка ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдар менен мекемелердин жетекчилерин Кеңештин жыйналыштарында угат;
- демократиялык институттардын өнүгүшүн мыкты чагылдыруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Демократиялык кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча конкурстарды, викториналарды, телемарафондорду уюштурат жана өткөрөт;
- адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана эксперттик баа берүү үчүн көз карандысыз эксперттерди, адистерди жана окумуштууларды тартуу менен жумушчу топторду түзөт;
- өз компетенциясына ылайык эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат;
- өзүнүн фирмалык бланкына ээ болот, Кеңештин мүчөлөрүнө күбөлүк берет;
- Кеңештин курамына киргизүү же андан чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет;
- Кеңештин иш-аракеттерине көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын региондорунда коомдук кабылдамаларды уюштурууга укуктуу.
IV. Кеңештин курамы, иш тартиби
жана структурасы
6. Кеңештин жекече курамы жана алардын саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кадыр-барктуу адамдардан, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмерлеринен, ошондой эле мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн бекитилет. Кеңештин өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара албаган, жүйөөлүү себепсиз беш жолудан ашык Кеңештин жыйналышына келбеген мүчөсү Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушунун чечими менен Кеңештен чыгарылышы же Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү протоколдук чечимди киргизүү аркылуу өз ыктыяры менен чыгышы мүмкүн.
7. Кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз жеке өзү катышат. Күн тартибин Кеңештин төрагасы аныктайт. Төрага жок болуп калган учурда анын милдеттерин теңтөрагалардын бири аткарат. Кеңештин Жогорку органы Кеңештин жыйналышы болуп эсептелет.
Кеңештин жыйналыштары зарылчылыгына жараша, бирок эки айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт жана ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса ыйгарым укуктуу деп таанылат.
Кеңештин кезексиз жыйналыштары төраганын, теңтөраганын же Кеңештин жалпы санынын жарымынан кем эмес мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн.
8. Кеңештин жыйналыштарына кызыкдар болгон коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
9. Кеңештин жыйналыштарында каралган маселелер боюнча чечим кабыл алынып, ага төрага кол коет.
Кеңештин чечимдери ачык добуш берүү аркылуу келишүүчүлүк негизинде кабыл алынат.
10. Кеңештин чечимдери, отчет-маалыматтар протокол түрүндө жазылат жана сунуш иретинде Кыргыз Республикасынын Президентине берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки палатасынын Төрагаларына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине, таламдаш министрликтердин, ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине билдирилет.
11. Кеңештин иш-аракеттерин жандандыруу үчүн президиум (туруктуу иштеген жумушчу орган) түзүлөт.
Президиум Кеңештин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылууну уюштурат, Кеңешке дайыма отчет берип турат жана Кеңештин жыйынтык жыйналышында алардын аткарылышы жөнүндө маалымат берет, ошондой эле келерки жылга карата келечек иш планынын тийиштүү долбоорун бекитүүгө берет.
12. Иш-аракеттеринин негизги түрлөрү боюнча Кеңеш, коомдун социалдык таламдарын эске алуу менен секторлорду жана коомдук кабылдамаларды түзөт.
Секторлордун координаторлору жана жекече курамы, коомдук кабылдамалар Кеңештин мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча Кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет.
13. Секторлордун, коомдук кабылдамалардын иши Кеңештин төрагасы тарабынан бекитилген келечектүү пландардын негизинде ишке ашырылат.
Келечектүү пландын долбоору алдын ала Кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна киргизилет жана ал боюнча коллегиялык чечим кабыл алынат.
Иштин натыйжалары боюнча секторлордун координаторлору, коомдук кабылдамалардын жооптуу адамдары Кеңештин кезектеги жыйналышына иш планын жана аткарылган иштер боюнча толук отчет-маалымат берет.
14. Кеңештин ишин уюштуруучулук жана башка жагынан камсыз кылуу Кеңештин катчысы тарабына ишке ашырылат.
Кеңештин, президиумдун, катчынын планы, иш регламенти анын жыйналыштарында бекитилет.
15. Иш жүргүзүүчү тили мамлекеттик жана расмий тилдер болуп эсептелет.
16. Кеңештин иш-аракеттерин каржылоо ыктыярдуу салымдардын, кошумча ресурстарды тартуу жана гранттык каражаттарды пайдалануу менен кошумча каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт. Бул максаттар үчүн Кеңештин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, фонд уюштурушат.
17. Ушул Жобо менен аныкталган Кеңештин максат, милдеттерин турмушка ашыруу үчүн алынган Кеңештин мүчөлөрүнүн каражаттары фонддун бирдиктүү эсебинде топтолот.
18. Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча жоюлушу мүмкүн.