Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
КР Президентинин
2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2003-жылдын 17-июну ПЖ № 182
Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук
агенттигин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 462 Жарлыгынын,
2006-жылдын 12-январындагы ПЖ № 8 Жарлыгынын,
2006-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын
редакцияларына ылайык)
Баңгизатка каршы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашыруу, баңгизат менен бизнес кылууга каршы күрөштү күчөтүү, баңгизатка контролдук чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишин координациялоо максатында, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштар боюнча Башкармасынын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясын жана 46-статьясынын 1-пунктунун 10-пунктчасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизатка контролдук боюнча мамлекеттик комиссиянын базасында - Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттиги түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук боюнча агенттикттин штаттык саны тейлөөчү кызматкерлерди эсепке албаганда 258 бирдиктен белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-январындагы ПЖ № 8 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттиги жөнүндө" жобону, ошондой эле анын структурасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин;
- мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук боюнча агентствосунун ишин кайталаган структуралык бөлүмдөрүн жоюу маселесин чечсин;
- Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинин ишин каржы, уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;
- Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинин ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 462 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Акаев |