Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 27-сентябры ПЖ № 204
Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери
"Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 17-августтагы № 131 Жарлыгынын жоболорун өнүктүрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигинин укук мураскору болуп саналары белгиленсин.
2. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы жөнүндө Жобо;
- Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматында кызмат өтөө жөнүндө Жобо;
- Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо органынын Тартиптик уставы;
- Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын башкаруу түзүмү жана түзмөгү.
3. Күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 17-июнундагы № 182 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигинин Жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 7-августундагы № 261 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигинде кызмат өтөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 11-январындагы № 6 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигинин Жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 7-августундагы № 261 Жарлыгына "Өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 2-сентябрындагы № 342 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигинин Жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 7-августундагы № 261 Жарлыгына "Өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 404 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына "Өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-январындагы № 8 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы № 385 Жарлыгы.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Ушул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коргоо, коопсуздук жана укук тартип бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 204 жарлыгы менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо
боюнча мамлекеттик кызматы
СТРУКТУРАСЫ
┌──────────────────┐
┌─────────────────┤ Төрага │
V └─────────┬────────┘
┌───────────────┐ │
│ Коллегиясы │ │
└───────────────┘ │
┌───────────────┬───────────┼─────────────┬────────────┐
┌─────────────────┐┌───────────┐┌────────────┐┌───────────┐┌──────────┐
│Төраганын биринчи││ Төраганын ││ Төраганын ││ Төраганын ││ Аймактык │
│ орун басары - ││орун басары││ орун басары││ кеңешчиси ││бөлүмчөлөр│
│түштүк башкарма- ││ ││ ││ │└──────────┘
│лыктын начальниги││ ││ ││ │┌──────────┐
└─────────────────┘└───────────┘└────────────┘└───────────┘│ Финан- │
┌─────────────────┐┌───────────┐┌────────────┐┌───────────┐│ сы-чарба-│
│ Кыргыз ││ БКМКнын ││ БКМКнын ││ БКМКнын ││лык бөлүмү│
│ Республикасынын ││ оператив- ││ коопсуздук ││Төрагасынын│└──────────┘
│түштүк аймагында ││дик-тергөө ││маселелерин,││чечимдерин │┌──────────┐
│ жайгашкан БКМК ││ жана ││жана баңги- ││ аткаруу ││ Өздүк │
│ бөлүмчөлөрүнүн ││ эксперт- ││ заттарды, ││боюнча ишти││коопсуздук│
│ ишин тескейт, ││тик-крими- ││психотроптук││ уюштурат, ││ бөлүмү │
│ Кыргыз ││налисттик ││ заттарды, ││ эл аралык │└──────────┘
│ Республикасынын ││бөлүмчөлө- ││ прекурсор- ││ иштер │┌──────────┐
│ БКМК түштүк ││рүнүн ишин ││ лорду ││ жагындагы ││ Кадрлар │
│ башкармалыгынын ││ тескейт ││ мыйзамдуу ││чечимдердин││ бөлүмү │
│ ишин уюштурат ││ ││ жүгүртүү ││ долбоор- │└──────────┘
│ ││ ││ боюнча, ││ лорун │
│ ││ ││ убактылуу ││ даярдайт │
│ ││ ││ кармоочу ││ │
│ ││ ││ жайлардын ││ │
│ ││ ││ иштерин ││ │
│ ││ ││ тескөө ││ │
└─────────────────┘└───────────┘└────────────┘└───────────┘
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 204 жарлыгы менен бекитилди
|
Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын башкаруу түзмөгү
+---------------------------+
+----------| Борбордук аппараты +--------+
| +---------------------------+ |
V V V
+-------------------+ +--------------------+ +----------------------+
|Түштүк башкармалыгы| | Чыгыш башкармалыгы | | Мобилдик-оперативдик |
| | | | | топ башкармалыгы |
+-------------------+ +--------------------+ +----------------------+