ТоктомКүчүндө

Кочкорбаев айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 23-январындагы № 3 /II-27 «Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» токтому

Редакция23.01.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 23-январы № 3 /II-27

“Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”

 Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетин карап жана талкуулап Кочкорбаев айылдык Кеңеши

Токтом кылат:

1.    Буденовка орто мектебинин терезелерин алмаштыруу үчүн 2017-жылга карата жергиликтүү бюджеттен 300,0 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Керимкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Албекенов