Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-майы № 1-8-2
Майлуу-Суу шаардык кеңештин Регламентин бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык кеңештин Регламентин карап жана талкуулап, шаардык кеңештин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык кеңештин Регламенти эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык кеңештин Регламенти бекитилсин.
3. Майлуу-Суу шаардык кеңештин депутаттары бекитилген Регламент менен ишин алып барышсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Төрага | Б.К. Барбиев |
| БЕКИТИЛДИ Шаардык Кеңештин 2016-ж 25 майдагы I кезектеги сессиясында №1-8-2 Токтом менен Шаардык Кеңештин төрагасы Б.К. Барбиев |
I бөлүм Жалпы жоболор.
1-глава Шаардык Кеңеш
2-глава Шаардык Кеңештин компетенциасы.
II бөлүм Шаардык Кеңештин түзүмү жана органдары.
3-глава Шаардык Кеңештин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары.
4-глава Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы.
5-глава Шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу коммиссиялары.
III бөлүм Депутаттык фракциялар.
6-глава Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор.
7-глава Депутаттык фракциялардын ишмердүулүгу.
8-глава Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары.
IV бөлүм Шаардык Кеңештин ишинин жалпы тартиби.
9-глава Шаардык Кеңештин биринчи сессиясы.
10-глава Шаардык Кенештин ишин пландоо.
11-глава Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби.
12-глава Шаардык Кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби.
13-глава Депутаттык мандат.
14-глава Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби.
15-глава Шаардык Кеңештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана
стенограммалары.
16-глава Шаардык Кеңештин ченемдик укуктук актылары.
V бөлүм Шаардык Кеңештин регламенти.
17-глава Шаардык Кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдүү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык шаардык Кеңеш шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Шаардык Кеңеш сессияда иштеген, шаардын тийиштүү аймагында жашаган жарандары жалпы, бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде
4 жылдык мөөнөткө жашырын добуш берүү менен шайланган депутаттардан турат.
1.2. Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусу менен анын компетенциясына киргизилген маселелерди өз алдынча чечет, алардын чыгарган чечимдерин аткарууну камсыздайт, -бул чечимдердин иш жүзүнө ашырылышына контрол жүргүзөт жана юридикалык жак, статуска ээ.
1.3. Шаардык Кеңештин анын ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасы-
нын мыйзам чыгаруусуна каршы келбеген кабыл алынган чечими шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана менчик түрүнө карабай алардын бирикмелеринин, шаардык өз алдынча башкаруусунун кызматтык жактарынын, шаарда жарандар жана жарандыгы жок жактардын аткаруусу үчүн сөзсүз.
1.4. Шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, шаардын Уставы жана ушул регламент менен аныкталат.
Шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук түрү- сессия болуп саналат.
1.5. Шаардык Кеңештин регламенти шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартибин , анын ишин уюштуруу маселелерин, сессияларды чакыруу жана өткөрүү тартибин, шаардык Кеңештин органдарынын калыптануу тартибин белгилейт, ошондой эле анын контролдоо ишинин жолун жана тартибин аныктайт.
1.6. Шаардык Кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялык, саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук, объективдүүлүк, депутаттардын маселени эркин талкулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет. Маселелерди талкулоого чакырылган жактар да катыша алышат. Шаардык Кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт. Жабык сессиялар эгер каралуучу маселе мыйзам чыгарууга ылайык мамлекеттик сырга таандык болгон учурда гана өткөрүлөт.
1.7. Шаардык Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамы, Кырыгз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Регламент белгиленген кепилдиктердин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолсуз ишке ашыра алышат.
2-глава Шаардык Кеңештин компетенциясы
2.1. Шаардык Кеңештер Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө» Мыйзамына ылайык төмөнкү маселелерди карайт жана чечим кабыл алат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчётту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттик эмес фонддордун пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитүү жана аларды аткарууну контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда каралган учурларда алар боюнча чендерди белгилөө;
5) жергиликтүү коомдоштуктардын муниципалдык менчигин пайдалануу жана башкаруу тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен, муниципалдык менчикти жүргүзүү;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчет угуу;
7) мыйзам чыгарууда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү;
9) мамлекеттик бийликтин тийиштүү органына киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) төраганы жана орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, Шаардык Кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна каршы келген чечимдерин жокко чынаруу;
11) шаардык Кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өзүнүн чечимдерин аткарууну контролдоо;
13) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык санын Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууну пайдаланууга, ошондой эле кату тиричилик таштандыларды чогултуу, алып чыгуу жана жок кылууга Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамчыгаруусуна ылайык тарифтерди бекитүү ;
15) алкогол ичимдиктерин жана тамеки түрлөрүн сатуунун убактысы жана орду бонча аларга тыюу салууга чейин чектөөлөрдү, каада-салттык иш чараларды өткөрүү тартиптерин аныктоо;
16) ирригациялык тарамдарды, үйдүн жана үй алдындагы участокторду тартипке кармоону аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттардын Уставы жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна ылайык башка маселелерди чечүү;
2.2. Республикалык, облустук жана райондук маанидеги Шаардык Кеңештердин сессияларында ылайыгына карап төмөнкү маселелер кошумча чечилет;
- шаардын мээрин шайлоо;
- ушул Мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мээрине ишенбестик билдирүү;
- мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктык жиктелген ставкаларды белгилөө.
3.1 Шаардык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
- шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө фракция же фракциялардын коалициясы укуктуу. Фракция же фракциялардын коалициясы бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
-эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.
Шаардык Кеңештин төрагасы эгер ага шаардык Кеңештин жалпы депутаттарынын ичинен көпчүлүк депутаттар добуш берсе, ал шайланды деп эсептелинет.
Шаардык Кеңештин төрагасынын шайланышы тууралуу шаардык Кеңештин токтому кабыл алынат.
Шаардык Кеңештердин төрагалары илимий, пежагогикалык жана башка чыгармачы-
лык иштен тышкары акы төлөөнүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.
3.2. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын
үчтөн биринин же жергиликтүү кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен шаардык Кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3.3. Шаардык Кеңештин төрагасы:
- шаардык Кеңештин сессиясын чакырат жана алардын отурумун өткөрөт;
- шаардык Кеңештин сессиясын жана Шаардык Кеңештин сессиясында каралуучу даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт;
- Шаардык Кеңештин токтомуна кол коёт жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координация-
лайт;
- шаардык Кеңештин аппарытынын ишин контролдойт;
- шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарынын жана туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагаларынын алардын кызматтык милдеттерин аткаруусун контролдойт;
- депутаттарга алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууларына, жарандарды кабыл алууга, шайлоочулардын алдында отчет берүүгө көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыздайт, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
- шаардык Кеңештин жана анын органдарынын иши жөнүндө коомдук пикирдин айкын-
дуулугун жана эсепке алынышын камсыздайт;
- мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана жарандар менен болгон мамиледе Шаардык Кеңешти сунуштайт;
- шаардык Кеңештин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук чыгарат;
- шаардык Кеңешке бөлүнгөн каражаттарды Шаардык Кеңештин бекитилген бюдже-
тине жана чыгаша сметасына ылайык башкарат;
- шаардык Кеңештн иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө жобону бекитет;
- шаардык Кеңештин чыгаша сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыздайт жана бюджеттик жылдын аякташынан 3 ай мурун аны шаардык Кеңештин сессиясында кароого берет;
- бюджеттик жыл аяктагандан кийин 2 айдан кеч эмес шаардык Кеңештин сессиясына шаардык Кеңештин өткөн жыл үчүн чыгашалары жана алардын бекитилген чыгаша сметасына ылайык келүүсү же андан ашып кетиши тууралуу жазуу түрүндөгү кеңири отчетту кароого берет;
шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин сессиясына отчёт берет.
3.4. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары шаардык Кеңештин төрагасынын сунуштамасы боюнча депутаттардын ичинен ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен көпчүлүк добуш алган кандидат шайланды деп эсептелинет.
Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук негизде жүргүзөт.
Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарынын шайланышы тууралуу шаардык Кеңештин токтому кабыл алынат.
3.5. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары:
-шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда анын ордуна иштейт.
- депутаттык фракциялар менен өз ара аракеттенет;
Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордуна шаардык Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
шаардык Кеңештин жоптуу катчысы Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.
Жоптуу катчы:
4.1. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга депутаттарды тийиштүү маалымат менен камсыздайт;
4.2. Шаардык Кеңештин ишинин келечектүү планын аткарууну камсыздайт;
4.3. Шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишинде өз ара аракеттенет;
4.4. Шаардык Кеңешке келген документтердиаткарууну эсепке алат жана контролдойт;
4.5. Шаардык Кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана аларды шаардык Кеңештин депутаттарына жеткирүүнү контролдойт;
4.6. Сессиянын ишине катышууга депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, өз алдынча башкаруунун коомдук органдарынын өкүлдөрүн жана башка жактарды чакырууну уюштурат;
4.7. Шаардык Кеңештин сессиясынын материалдарын даярдоону, документтерди аткарууну контролдоону жана текшерүүнү уюштурат;
4.8. Шаардык Кеңештин аппаратынын ишин уюштурат.
5-глава. Шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
5.1. Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды, зарыл учурда шаардык Кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле шаардык Кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышу жана аларды аткарууну контролдоо үчүн убактылуу комиссияларды калыптантат.
5.2. Туруктуу комиссиялар Шаардык Кеңеш менен шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнө калыптанат.Комиссиянын тизмеси, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби шаардык Кеңеш менен аныкталат.Шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде эгер зарыл болсо, жаңы туруктуу же убактылуу комиссияларды түзө алат, мурун түзүлгөндөрдү жоё алат жана кайра түзө алат, алардын курамына өзгөртүүлөрдүү киргизе алат.
Шаардык Кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуу комиссияларды мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
Туруктуу комиссияларды курамына шаардык Кеңештин төрагасы жана шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары шайлана албайт.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өзүлөрүнүн курамынан төраганы жана төраганын орун басарын ачык добуш берүү менен шайлайт, аларды шаардык Кеңеш ачык добуш берүү менен бекитет. Комиссиялардын төрагасы, төраганын орун басары эгер шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болсо, шайланды деп эсептелинет.
Туруктуу комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиялык, объктивдүүлүк, маселени эркин талкулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет.
Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына таандык маселелер боюнча тийиштүү чечим жана корутунду чыгарышат.
5.3. Туруктуу комиссияларды жетектөөнү тийиштүү комиссиялардын төрагасы ишке ашырат.Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңештин алдында жооптуу жана ага баш ийет.
Туруктуу комиссиялардын чечими шаардык Кеңештин сессиясында жокко чыгарылышы мүмкүн.
5.4. Шаардык Кеңеш зарыл учурда анын компетенциясына кирген маселелерди иштеп xsuee жана алдын ала кароо, ошондой эле танышуу же изилдөө үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссия дайыма ал даярдоо үчүн түзүлгөн маселе боюнча негизги комиссия болуп саналат.
Убактылуу комиссия шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясы үчүн белгиленген тартипке ылайык өз ишин жүргүзөт.
6.1. Шаардык Кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
6.2. Депутаттык фракция (мындан ары-фракция) партиялык тизменин негизинде калыптанат жана шаардык Кеңеш тарабынан каттоого алынат.
6.3. Фракция анын үзүлгөндүгү, аталышы, тизмелик курамы, лидердин жана анын орун басарынын аты-жөнү жөнүндө жазуу түрүндө кулактандырылган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
Фракция башка фракцияларга өткөн депутаттарды өзүнүн курамына киргизүүгө укугу жок.
Мөөнөтүнөн мурда чыгарылган депутаттын ордун алмаштырган депутат тийиштүү фракциянын мүчөсү болот.
Депутаттын өзү шайланган партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
6.4. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
- шаардык Кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
- шаардык Кеңештин өзүн-өзү таркатышында.
Партиянын ишин токтотуу же токтото туруу шаардык Кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасир этпейт.
6.5. Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт.
Фракциянын лидеринин ыйгарым укуктары:
- фракцияны шаардык Кеңеште жана анын сыртында сунуштайт;
- фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
- фракциянын чечимине кол коёт;
- фракциянын ичинде тартипти контролдойт;
- фракциянын чечими боюнча шаардык Кеңештин органына кандидаттарды сунуштайт;
- фракциянын чечимдерин аткарууну контролдойт;
- фракциянын чечими боюнча сессияда талкууланган маселе боюнча анын саясий көз карашын, ошондой эле фракциянын коалицияга киргендиги жөнүндө жарыялайт.
- фракциянын шаардык Кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;
- каттычыктын жана эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуштайт;
- фракциянын мүчөлөрүнүн шаардык Кеңештин сессияларынын, туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишине, ошондой эле шаардык Кеңештин иш чараларына катышуусун камсыздайт;
Фракциянын лидери төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиясынын төрагасынын кызматын бир убакта элей албайт.
7-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү.
7.1. фракция укуктуу:
- шаардык Кеңеште каралган маселелер боюнча саясий көз карашын билдирүүгө;
- башка фракциялар менен коалицияга билдирүүгө;
- шаардык Кеңештин төрагасына шаардык Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- фракциянын отурумуна кызыкдар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
- шаардык Кеңештин жылдык иш планы боюнча сунуш киргизүүгө;
- шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына кандидаттарды сунуштоого жана аларды чакырып алуу боюнча сунуш киргизүүгө;
- шаардын мэри кызматына кандидаттарды сунуштоого;
- өзүнчө маселелер менен таанышуу боюнча жумушчу комиссияны түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- бул же тигил маселе боюнча угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- Кырыгз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда каралган негиздер боюнча фракциянын мүчөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө;
- шаардык Кеңештин сессияларында протоколго киргизүү үчүн ар кандай талкуулануучу маселе боюнча фракциянын өзгөчө оюн берүүгө;
- фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле шаардык Кеңештин сайтында жарыялоого;
- фракциянын иш аракеттерине болгон шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциянын тартибин күчөтүү максатында тийиштүү чараларды көрүүгө;
7.2. Фракциялардын коалициясы (мындан ары-коалиция) коалициялык келишимдин негизинде иш жүргүзгөн фракциялардын ыктыярдуу биригүүсү болуп саналат.
Коалицияны коалицияга кирген фракциянын лидери же коалициянын жетекчиси көрсөтөт, эгер бул коалициялык келишимде аныуталса.
7.3. Фракциялар фракциялардын коалициясына бириге алышат.
Каалаган фракциялар шаардык Кеңештин көпчүлүк же шаардык Кеңештин көпчүлүк же шаардык Кеңештин азчылык коалициясына биригүүсү үчүн бул жөнүндө шаардык Кеңештин сессиясында жазуу түрүндө жарыялайт, мындан кийин ал расмий статуска ээ болот.
7.4. Коалициялык келишимде төмөнкүлөр чагылдырылат:
- коалициянын түзүлүшүнө негиз болгон макулдашылган саясий көз караштар;
- коалициянын саясий багыты;
- коалициянын чечимдерди кабыл алуу тартиби;
- коалициянын ишин токтотуу шарттары;
- коалициянын лидеринин аты-жөнү;
Коалициялык келишимге фракциялардын коалицияга киргендиги жөнүндө чечимдери жана алар кабыл алган отурумдардын протоколдору тиркелет.
7.9. Коалиция өзүнүн ишин төмөнкүнү жарыялоодон баштап токтотот:
- фракция же фракциялар андан чыккандыгын билдиргенде, анын жыйынтыгында шаардык Кеңештин көпчүлүк статусу жоюлат;
- коалицияны таркатууда.
8-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары.
8.1. Шаардык Кеңештин фракциялары шаардын социалдык, экономикалык, маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланыш жүргүзө, алардын кызыкчылыктарын жана сурамдарын көрсөтөт жана эске алат.
8.2. Шаардык Кеңеш белгилеген тартипке ылайык шаардык Кеңештин төрагасы, анын орун басары, фракциялардын лидерлери, шаардык Кеңештердин туруктуу комиссияларынын төрагалары дайыма шайлоочулар менен кабыл алууларды жана жолугушууларды өткөрүп турат.
8.3. Шаардык Кеңештин фракциялары шайлоочулар менен байланышта болуп турат. Шайлоочулардын фракцияларга, депутаттарга суроо-талаптарды берүү мүмкүнчүлүгү бар.
8.4. Шаардык Кеңештин фракциялары мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүлөрүнүн иши жөнүндө отчёт берип турууга милдеттүү.
Фракциянын отчёту каалаган убакта шайлоочулардын жыйындарында жүргүзүлөт.
Фракциянын отчёт берүүсү жөнүндө белгиленген тартипте шаардык Кеңеш же анын органы маалымдайт.
8.5.Шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү фракциянын мүчөлөрүн отчёт берүү жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн зарыл шарттар менен камсыздайт.
Шаардык Кеңеш фракция мүчөлөрүн отчёт үчүн зарыл болгон тийиштүү сурап билүү жана маалымдоо материалдары менен өз убагында камсыздайт.
Отчёттор жана шайлоочулар менен жолугушуулар жалпыга маалымдоо каражаттарында баяндалат.
8.6. Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоо, аларды алдын ала макулдашуу жана шаардык Кеңештин сессиясына кароого берүү фракциянын жетекчиси аркылуу жүргүзүлөт.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планынын даярдалган долбоору шаардык Кеңештин сессиясына кароого берилет.
8.7. Шаардык Кеңештин сессиясы бул чакырылыштагы шайлоочулардын суроо-талаптары жөнүндө токтом кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын бекитет.
Шаардык Кеңештин сессиясы кээ бир суроо-талаптарды аткаруунун максатсыздыгы жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга укуктуу.
8.8. Аймакты экономикалык жана социалдык өнүктүрүү жана шаардын калкын социалдык коргоо, бюджетти калыптандыруу пландарын жана программаларын иштеп чыгууда, ошондой эле башка маселелер боюнча чечим даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.
8.9. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну шаардын мэриясы жана анын бөлүгү ишке ашырат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууну контролдоону шаардык Кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү менен бирге фракциялар жана туруктуу комиссиялар жүргүзөт.
8.10 Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну камсыздаган органдар сөзcүз түрдө, шаардык Кеңештин токтому менен белгиленген мөөнөттөрдө суроо-талаптарды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берет.
Шаардык Кеңештин фракцияларынын жетекчилери шайлочуларды суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдап турушат.
IV БӨЛҮМ. Шаардык Кеңештин ишинин жалпы тартиби.
9-глава. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясы.
9.1. Шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили шаардык Кеңештин ушул Регламенти менен аныкталат.
9.2. Жаңы шайланган шаардык Кеңештин биринчи сессиясы шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумадан кеч эмес мурунку чакырылыштагы шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясын шаардык Кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине Шаардык Кеңештин Регламенти бекитүү, кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, ошондой эле шаардык Кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.
9.3. Шаардык Кеңештин сессиясы кварталда бир жолудан кем эмес жана шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча ачык өткөрүлөт.
10-глава.Шаардык Кеңештин ишин пландоо.
10.1. Шаардык Кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Шаардык Кеңештин иш планын даярдоо шаардык Кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
10.2. Шаардык Кеңештин иш планына маселелерди киргизүүгө шаардык Кеңештин депутаты, шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар жана шаардын мэри укуктуу.
Шаардык Кеңештин бекитилген иш планындагы маселелердин мазмунун өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу шаардык Кеңештин сессиясынын токтому менен жол жоболоштурулат.
10.3. Шаардык Кеңештин иш планы бекитүү учурунда сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоорлорунун болушу талап кылынбайт.
Шаардык Кеңештин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна белгиленген тартипте пландан тышкары докуметтердин долбоорун даярдоо жана шаардык Кеңешке киргизүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.
11-глава. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби.
11.1. Шаардык Кеңешке кароого берилген документтердин топтомунда ушул Регламентте белгиленген тартипте төмөнкүлөр камтылышы керек.
-баяндамачыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат. Эгер документ шаардык Кеңештин мурун кабыл алынган токтомун аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катта тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт;
- шаардык Кеңештин токтом долбоору;
эгер шаардык Кеңештин токтом долбоору материалдык жана финансы ресурстарды алып келүүнү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда, иштен чыгуучулар тийиштүү эсебин да көрсөтөт (экономикалык негиздеме).
11.2. Шаардык Кеңештин токтом долбоору шаардык Кеңештин аппараты тарабынан шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Шаардык Кеңештин төрагасы токтом долбоорун алдын ала талкуулоону шаардык Кеңештин бир же бир нече туруктуу комиссияларына сунуштоого укуктуу.
Токтом долбоорун шаардык Кеңештин сессиясында кароого чейин аны жалпы шаардык талкуулоо, элдин алдында же депутаттык угуулар түрүндө алдын ала талкуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
11.3. Шаардык Кеңештин сессиясында маселелерди кароонун негизги жол-жоболору:
- баяндама, азыркы Регламентте каралган тартипте кошумча баяндамалар;
- баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга суроолор жана суроонун жооптору;
- талкуулануучу маселе боюнча жарыш сөз;
- баяндамачылардын жана кошумча баяндамачылардын жыйынтыктоо сөзү;
- добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө;
- документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу;
- негиз катары алынган документке оңдоолорду киргизүү;
- документти толук кабыл алуу боюнча добуш берүү.
11.4. Токтом долбоорун шаардык Кеңеште кароодо негизги жоболору, аны кабыл алуунун зарылдыгы талкууланат, токтом долбоорунун концепциясына жалпы баа берилет.
11.5. Шаардык Кеңештин төрагасы, шаардык Кеңештин төрагасынан орун басары, шаардын мэри алдын ала жазылбай туруп, кезексиз сөз сүйлөө укугуна ээ.
11.6.Сессиядагы төрагалык кылган сөз сүйлөгөндөрдүн күн тартибиндеги маселелерге жооп беришин, сөз сүйлөөнүн белгиленген узактыгын сактоосун көзөмөлдөйт.
11.7. Жарыш сөздөн кийин баяндамачы жана кошумча баяндамачы жыйынтыктоочу сөзгө укуктуу, добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө жүргүзүлөт жана добуш берүүгө документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндо маселе коюлат.
Туруктуу комиссия жарыш сөздүн жыйынтыгы боюнча документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ал жөнүндө шаардык Кеңештин сессиясында билдирүүгө укуктуу. Туруктуу комиссиянын сунушу боюнча шаардык Кеңеш протоколдук чечим менен документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу боюнча добуш берүүнү кийинки сессияга чейин жылдырып коюуга укуктуу.
11.8. Шаардык Кеңештин сессиясында документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин (анын ичинде жарыш, сөздүн жүрүшүндө) депутаттар шаардык Кеңештин сессиясында добуш берүү жолу менен жазуу түрүндө же оозеки арыз менен документтин долбоорун расмий түрдө кайтарып алууга укуктуу. Бул учурда жарыш сөздөр токтотулат. Сессияда документтин долбоорунун үстүндө андан аркы иштердин тартиби белгиленет.
11.9. Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Шаардык Кеңеш төмөнкү чечимдердин бирөөнү кабыл алат:
1) токтом долбоорун толук кабыл алуу;
2) анын жоболорун талкуулоо менен токтом долбоорун кабыл алуу;
3) токтом долбоорун биринчи окулушта эле кабыл алуу жана айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эсепке алуу үстүндө иштөөнү улантуу.
11.10. Токтом долбоорун анын жоболорун талкуулоо менен кароодо талкуулануучу жана добуш берүүгө коюлуучу жазуу түрүндө келген сунуштар угулат.
Кабыл алынбаган сунуштар шаардык Кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясына жеткире иштөөгө жөнөтүлөт, эгер ал буга кошулбаса, ал өзүнүн сунушун берет.
Добуш берүүгө депутаттардын сунуштары биринчи коюлат, андан кийин туруктуу комиссиянын сунуштары. Эгер шаардык Кеңеш бир да сунушту жактырбаса, пункт кабыл алынган жок деп эсептелинет.
11.11. Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгилет, тактап айтканда:
1) мөөнөттөр такталат жана пунктарды же токтомду толу ишке киргизүүнүн ыкмасы аныкталат;
2) мыйзамсыз актылар боюнча органдарга жана кызматтык жактарга айкын тапшырмалар берилет, ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу , аларды кабыл алуу алынган токтомго ылайык келтирүү үчүн мөөнөттөр аныкталат.
11.12. Шаардык Кеңештин ар бир токтомуна жана чечиминде аны контролдогон жак
( Шаардык Кеңештин түзүмдүк калыптануусу) көрсөтүлөт.
Контролдоонун максаты документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулугун деңгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди, аткарууга жолтоо болгон белгилүү жактарды (органды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле документтин жоболорун сот тартибинде аткарууну камсыздоо зарылдыгы болуп саналат. Саналган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн шаардык Кеңеш контролдоону жүктөгөн жактан (орган) эч кандай атайын ишеним кат талап кылынбайт.
Токтомдун же чечимдин тапшырма берүү пунктунда аткаруучу (бирөө же бир нече) же шаардык Кеңештин түзүмдүк калыптануусу жана эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
11.13. Токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө билдирүү угулгандан кийин Шаардык Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга;
- аткарылган катары токтомду кээ бир пунктарын контролдоп алып салууга;
- контролдук ыйгарым укуктарды узартууга;
- контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;
- токтомду жокко чыгарууга;
- кошумча токтом кабыл алууга.
11.14. Контрол боюнча отчёттулук мөөнөтү токтомдун өзүндө же Шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет, ал токтомдун аткарылышын контролдоочу жакка (органга) шаардык Кеңештин сессиясында билдирүү жасоону тапшырууга укуктуу.
11.15. Сессиянын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- сессияны өткөрүүнүн датасы, орду, шаардык Кеңештин чакырылышынын жылы, сессиянын катар номери;
- шаардык Кеңешке белгиленген депутаттардын саны, шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы саны жана сессияга катышкан депутаттардын саны;
- сессиянын күн тартибинин маселеси жана баяндамачынын (кошумча баяндамачынын ) аты-жөнү;
- сессияда сөз сүйлөгөндөрдүн тизмеси;
- добуш берүүнүн жыйынтыгы;
- сессиянын жүрүшүндө көрсөтүлгөн кошумча материалдар.
Депутаттардын аты-жөнү алардын шайлоо округун көрсөтүү менен, ал эми башка жактардын аты-жөнү кызматы жана иш ордун көрсөтүү менен коштолот.
11.16. Сессиянын протоколу сессия аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде жол жоболоштурулат жана шаардык Кеңештин төрагасы менен кол коюлат. Шаардык Кеңештин сессиясынын токтомдору жеткире иштөө үчүн сессиялардын протоколдорунун көчүрмөсү бир жумалык мөөнөттө жол жоболоштурулат.
11.17. Протоколдун тъп нускасы Шаардык Кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүнө сактоого берилет. Депутаттын суранычы боюнча аппарат ага протоколдун көчүрмөсүн берет.
11.18. Депутаттарды табелдик каттоо баракчалары шаардык Кеңештин аппаратында сакталат.
12.4. Шаардык Кеңештин сессиясы үчүн материалдарды таркатуу шаардык Кеңештин төрагасынын, анын орун басарынын же сессияда төрагалык кылган депутаттын визасы менен гана жүргүзүлөт.
12.5. Шаардык Кеңештин сессиялары (күн тартибинин өзүнчө маселелерин кароо) жабык өтүшү мүмкүн. Бул учурда (күн тартибинин маселелерин жабык кароо) сессия шаардык Кеңештин сессиясынын жабык сессияларын өткөрүү жөнүндө (күн тартибинин маселеле-
рин жабык кароо) чечимине ылайык өткөрүлөт.
12.6. Сессияга катышкан шаардык Кеңештин депутаттарынын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
12.7. Бир жылдын ичиндеги жүйөлүү себептерсиз сессияга катышпаган депутаттардын тизмеси шаардык Кеңештин чечими менен жалпыга малымдоо каражаттарына жарыялоо
үчүн берилиши мүмкүн.
Шаардык Кеңештин сессияларын бир жылдын ичинде жүйөлүү себептерсиз дайыма калтырган, ошондой эле шаардык Кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаганы үчүн Кеңештин депутаттары жалпы сандын көпчүлүк добушу менен шаардык Кеңештин депутатын чакыртып алуу тууралуу маселесин көтөрүүгө укуктуу.
Депутаттын шаардык Кеңештин сессиясын калтыруунун жүйөлүү себептери документ менен тастыкталган оору, иш сапар, өргүү жана башка жүйөлүү себептер эсептелинет.
12.8. Шаардык Кеңештин протоколдук чечими менен шаардык Кеңештин сессиясынын жумушчу органдары (катчылык, эсептөө комиссиясы, зарыл учурларда башка комиссия-
лар) түзүлөт.
12.9. Шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибинде бүгүнкү күндө сессиянын күн тартибинин кезектеги маселелери жана аларды кароо тартиби камтылышы керек..
12.10. Шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору депутаттарга таратылат.
12.11. Шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартиби шаардык Кеңештин аппараты тарабынан кезектеги сессиянын башталышына эки жума калганда кечиктирбес-
тен, шаардык Кеңештин аппаратынын сунуштарын эсепке алуу менен жана ушул Регламентке ылайык аныкталат.
Муну менен бирге шаардык Кеңештин аппараты шаарды Кеңештин кезектеги сессиясына он күн калганда кечиктирилбестен (эгер ушул Регламенте башка каралбаса) бардык депутаттарга кезектеги сессиянын күн тартибинин долбоорун жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдарды жеткирет.
Кезексиз сессия өткөрүү учурунда күн тартибинин долбоору жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдар депутаттарга сессиянын алдында каттоо жүргүзүүдө таратылат.
12.12. Шаардык Кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылган алып барат. Сессиядагы төрагалык кылган шаардык Кеңештин төрагасы болуп саналат. Анын жогунда сессияда төраганын орун басары же төрага,төраганын орун басары тапшырган же шаардык Кеңештин протоколдук чечими менен башка депутат (өзүнүн-өзү баш тартпаган) төрагалык кылат.
Сессияда төрагалык кылган ал баяндамачы (кошумча баяндамачы) болгон маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
12.13. Шаардык Кеңештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө укуктуу:
- эгер сөз сүйлөп жаткан Регламентти бузса, күн тартибинен тышкары сөз сүйлөсө, жүрүш-туруш этика эрежелерин сактабаса, ага сөз берилбейт;
- шаардык Кеңештин аппаратынын кызматкерин сессиянын өтүшүн камсыздоо үчүн чакырууга;
- депутаттарга жана кызматтык жактарга малым кат алуу үчүн кайрылууга;
- пландалбаган кайымайтыштарды токтотууга;
- депутаты тартипке чакыруу, азыркы Регламенттин жоболоруна ылайык депутатка сөгүш берүүнү шаардык Кеңешке сунуштоого;
- сессиянын жыйындар залында өзгөчө жагдайлар пайда болгон учурда, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулганда сессияны токтотууга;
12.14. Шаардык Кеңештин сессиясынын учурунда төрагалыктын уруксатысыз сессияда бир да сессиянын катышуучусунун сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок.
12.15. Шаардык Кеңештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Регламентти сактоого жана сессиянын күн тартибин карманууга;
- сессияда депутаттардын укугун сактоону камсыздоого;
- сессиянын жыйындар залында тартипти сактоону камсыздоого;
- сөз сүйлөө регламентинин убактысын сактоого, сөз сүйлөп жатканга белгиленген убакыттын өтүшү туралуу өз убагында эскертүүгө контрол жүргүзүүгө;
- бардык келип түшкөн сунуштарды белгилөөгө жана келип түшкөн тартиби боюнча добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө;
- кезеги менен сөз берүүгө;
- сессияны өткөрүүнүн тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын угууга (окуу) жана добушка кезексиз коюуга, анын ичинде өзүнүн альтернативалуу сунуштарын;
- сессиянын катышуучуларына сый-урмат көрсөтүүгө, сессиянын катышуучуларынын сөз сүйлөгөндөрүнө жеке эскертүү жана баа берүүдөн өзүн-өзү тыюуга, сөз сүйлөөдөн кийин түшүндүрмө берүүгө;
- эреже жана жол боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн эске алууга;
- аталыш боюнча добуш берүүгө коюлган сунуштарды редакциялоого жана аталыш боюнча добуш берүүнүн бланктарын толтурууну жетектөөгө.
1. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) туруктуу жашоосунда депутаттык фунцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2) депутаттык ыйгарым ыктыярдуу тапшырганда;
3) ушул Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
5) депутаттык соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) жыл ичинде Кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпаганда;
8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) Кеңеш таркатылганда.
14.1. Азыркы Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн пайдалануучу төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы саны Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы менен аныкталат.
- отурумда катышкандардын саны – добуш берүүнүн алдындагы акыркы каттоо учурунда катталган шаардык Кеңештин депутаттарынын саны.
14.2. Шаардык Кеңеш чечимдерди сессияда ачык же жашырын добуш берүү жолу менен кабыл алат.
Ушул Регламентте белгиленген добуш берүүнүн түрүн өзгөртүү тууралуу шаардык
Кеңештин чечими шаардык Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Бардык маселелер боюнча добуш берүү шаардык
Кеңештин отурумунун протоколуна киргизилет.
14.3. Бир маселе боюнча добуш берүүдө, чечим чыгарууга «Макул», «Каршы» же «Чечим кабыл алууда калыс колу» берүү менен шаардык Кеңештин депутаты бир добушка ээ.
14.4. Ачык добуш берүүнүн алдында төрагалык сессияда добуш берүүгө канча сунуш коюларын, канчалык көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынарын (шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан, сессияда катышкан депутаттардын санынан) билдирет. Добуш берүү жарыялангандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу жок.
Добуштарды эсептөөдөн кийин сессиядагы төрагалык чечим кабыл алынбагандыгын (четке кагылгандыгын) билдирет
Кворум жок болсо, сессиядагы төрагалык добуш берүүнү шаардык Кеңештин сессиясынын кийинки отурумуна жылдырат.
14.5. Жашырын добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жашырын добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.
Жашырын добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык Кеңеш шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт. Шайлоочу органдардын курамына көрсөтүлгөн депутаттар эсептөө комиссия-
сынын курамындагы өзүнүн ишин добуш берүү учурунда токтото турушат.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт. Эсептөө комиссиясы өзүнүн чечимдерин өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
Жашырын добуш берүү бюллетендер эсептөө комиссиясынын сунушу жана шаардык Кеңештин чечими менен бекитилген формада жана санда шаардык Кеңештин депутаттарынын тийиштъъ саны боюнча эсептөө комиссиясынын контролунда даярдалат. Добуш берүү бюллетендеринде чечимдин долбоору боюнча «Макул», «Каршы» жооптордун түрлөрү каралышы керек. Эсептөө комиссиясында калган бюллетендер эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда анын төрагасы тарабынан жок кылынат.Добуш беръънън убактысы жана орду, аны өткөрүү тартиби ушул Регламентке ылайык эсептөө комиссиясы тарабынан белгиленет жана эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
14.6. Шаардык Кеңештин ар бир депутаттына анын депутаттык күбөлүгүнүн көрсөтүүсүндө депутаттардын тизмесине ылайык, жашырын добуш берүү үчүн бир бюллетень берилет, ал жөнүндө депутат көрсөтүлгөн тизмедеги аты-жөнүнүн тушуна кол коёт. Ар бир бюллетендин арткы бети эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү менен кол коюлууга тийиш.
Жашырын добуш берүү үчүн бюллетень эсептөө комиссиясы печатталган атайын ящикке салынат.
Эсептөө комиссиясы депутаттардын жашырын оюн билдирүүгө шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.
Депутаттардын добушун эсептөөдө белгисиз түрдөгү, депутаттардын оюн аныкталбаган бюллетендер жараксыз деп эсептелинет. Добуштарды эсептөөдө бюллетенге кошумча киргизүү эсептелбейт.
Жашырын добуш беръънън жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү менен кол коюлат. Эсептөө комиссиясынын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессиянын төрагалыгы чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Жашырын добуш беүүнүн жыйынтыгы шаардык Кеңештин токтому менен жол жоболоштурулат.
Добуш берүүнүн жүрүшүндө каталыктар аныкталса, шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими менен добуш берүү откөрүлөт.
14.7. Тартиптик маселелер боюнча чечим добуш берүүдө катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, эгер ушул Регламенте башка тартип каралбаса.
14.8. Добушка коюлуучу сунуштар жана оңдоолор жарыяланат жана алардын демилгечилери аталат.
15-глава. Шаардык Кеңештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары.
15.1. Шаардык Кеңештин сессияларында протокол жүргүзүлөт. Сессиялардын отурумдарынын протоколдорун жол жоболоштуруу шаардык Кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт. Шаардык Кеңетин отурумдарынын протоколдорунда төмөнкүлөр чагылдырылат:
Отурумда катышкан депутаттардын саны;
Сессиянын күн тартибиндеги маселелер;
Бул сессия үчүн депутаттардын арасына таркатылган документтердин аталышы жана редакциясы;
Сессиянын торагаларынын жана сөз сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү;
Добушка коюлган бардык маселелер жана сунуштар, алардын чечилиши;
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер.
Протокол сессиянын отурумунун төрагалары менен кол коюлат.
15.2. Шаардык Кеңештин сессиясында стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлөт. Стенограмманы шаардык Кеңештин аппараты жүргүзөт. Сессиянын ачык отурумунун стенограммасы атайын чыгарылыш менен жарыяланышы мүмкүн.
Сессиянын стенограммасы талкуунун жана чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүн, ошондой эле сессиянын отурумун өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду:
Сессиянын төрагалыгынын аты-жөнүн толук чагылдырышы керек.
16.1. Шаардык Кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом актылары токтом түрүндө
кабыл алынат.
16.2. Шаардык Кенештин токтомдору сессияда шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, ушул Регламентте каралган учурлардан башкасы.
16.3. Шаардык Кеңештин токтомдору шаардык Кеңештин төрагасы менен кол коюлат. Шаардык Кеңештин төрагасы жок болгон учурларда, шаардык Кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары кол коёт.
16.4. Шаардык Кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгы, эгер Кыргыз Респубилкасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте аларды жол жоболоштуруунун тартиби белгиленбесе, токтом жол жоболмтурулат.
17.1. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен киргизилген шаардык Кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштары шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.
17.2. Шаардык Кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышын контролдоо шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Шаардык Кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү шаардык Кеңештин токтому менен бекитилиши мүмкүн.
17.3. Шаардык Кеңештин Регламентин бузу менен кабыл алынган чечимдер аларды кабыл алган учурдан тартып жараксыз деп эсептелинет.
Бул Типтүү регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» «Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын шаардык Кеңештин иш тартибин аныктайт.