Загрузка документа…
ТАШ-КѲМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы
кезектеги XIX сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 5
2020-жылга карата шаардык Кеӊештин иш планынын долбоору жөнүндө
2020-жылга карата шаардык Кеӊештин иш планынын долбоору тууралуу шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеӊешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 19 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга карата шаардык Кеӊештин иш планынын долбоору тууралуу шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевдин маалыматы эске алынсын.
2. 2020-жылга карата шаардык Кеӊештин иш планынын долбоору бекитилсин.
/иш план тиркелет/
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | С. Кудайбердиев |
«Бекитилди»
Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин
XXIX чакырылышынын 27.12.2019-жылдагы
кезектеги 19-сессиясынын № 5 токтому.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеӊешинин 2020-жылга иш планы
I. Шаардык Кеӊештин сессияларында каралуучу маселелер:
I- к в а р т а л
1. 2019-жыл ичинде шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери тууралуу шаардык мэриянын аткарган иштери боюнча шаардын мэри Р.Асаналиевдин отчету.
2. 2019-жыл ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо шаардык салык башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча шаардык салык башкармалыгынын башчысы К.Эгембердиевдин отчету.
3. КРФМинин Таш-Көмүр шаарындагы башкармалыгынын 2019-жыл ичинде шаардык бюджеттин аткарылышы тууралуу КРФМинин Таш-Көмүр шаарындагы башкармалыгынын начальниги А.Досалиеванын отчету.
4. «Таш-Көмүр Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу «Таш-Көмүр Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Б.Кулдышевдин отчету.
5. Муниципалдык Менчик Департаментинин 2019-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу Муниципалдык Менчик Департаментинин директору О.Нурманбетовдун отчету.
6. Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгынын жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктары жана насостук станциялардын абалы тууралуу маалыматы.
7. Шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жыл ичинде аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык маданият бөлүмүнүн директору С.Садырбековдун отчету.
II-к в а р т а л
1. 2021-жылга шаардын бюджетинин долбоорунун алгачкы божомолу жөнүндө.
2. Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө.
3. Шаардык мэриянын шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн эл аралык уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен инвестиция, гранттарды тартуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө шаардык мэриянын отчету.
4. Шаардык мэриянын алдындагы жер талдоо комиссиясынын, конкурстук комиссиясынын, аукциондук комиссиясынын, турак жай комиссиясынын жана жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү жана кезекке коюу комиссиясынын аткарып жаткан иштери тууралуу шаардын I вице-мэри А.Райымжановдун отчету.
5. Коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн аткарган иштери тууралуу маалыматы.
6. Шаардын аймагындагы мектептерде 2019-2020-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабдановдун отчету.
III-к в а р т а л
1. Шаардын социалдык экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2020-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы боюнча шаардык мэриянын отчету.
2. «Таш-Көмүр Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу «Таш-Көмүр Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Б.Кулдышевдин отчету.
3. Муниципалдык Менчик Департаментинин 2020-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу Муниципалдык Менчик Департаментинин директору О.Нурманбетовдун отчету.
4. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Таш-Көмүр шаардык филиалынын 2019-жыл ичинде жана 2020-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу отчету.
5. Шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2019-жыл ичинде жана 2020-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу отчету.
6. Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2019-жыл ичинде жана 2020-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери, жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Т.Конкобаевдин отчету.
IV-к в а р т а л
1. 2021-жылга шаардын бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө.
2. Шаардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы жөнүндө.
3. «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын 2020-2021-жылда кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу маалыматы.
4. Таш-Көмүр РЭТ ишканасынын 2020-2021-жылда кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу маалыматы.
5. 2021-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча шаардык мэриянын программасы жөнүндө.
6. 2021-жылга карата шаардык Кенештин иш планын бекитүү жөнүндө.
Шаардык Кенештин аппаратынын Кеӊешмесинде каралуучу маселелер
1. Шаардык Кенеште кабыл алынган токтом, буйруктардын жана шаардын тургундарынан түшкөн арыз, каттардын аткарылышы.
аткарылышы: ар дайым.
2. Кеӊештин алдындагы туруктуу комиссиялардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана алардын аткарган иштерине анализ берүү.
аткарылышы: квартал сайын.
II.Шаардык Кеӊештин уюштуруу массалык иштери.
1. Шаардык депутаттардын (депутаттык фракциялардын) шайлоочуулар менен отчеттук чогулуштарын уюштуруу. аткарылышы: жылына бир жолу
2. Даталуу күндөрдү белгилөө жана өткөрүү.
3. Шаардык Кеӊештин депутаттарынын КР Жогорку Кеӊешке тажрыйба алмашуу үчүн иш сапарын уюштуруу. аткарылышы: II квартал