Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры №42/9-4
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду бекитүү боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 2016-жылдын 28-декабрындагы чыгыш №2148/1-4 Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду бекитүү боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 35-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Нускамага, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 29-декабрындагы отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду бекитүү боюнча Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун Комиссиясынын курамы бекитилсин (тиркемеге ылайык).
2. Бекитилген үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду бекитүү боюнча Комиссияны көзөмөлдөө жоопкерчилиги Токмок ш. мэриясынын жетекчилигине (Ж.Дж.Шамыралиев) жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |
| Тиркеме бекитилди Токмок шаардык кеңешинин токтому менен №42/9-4 29.12.2016-ж. |
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду бекитүү боюнча Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун комиссиясынын курамы
1 | Жумалиева Гулмира Танаевна | Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башкаруучусу, комиссиянын төрайымы; |
2 | Эсенгулов Жайылбек Акимбаевич | Токмок шаардык каржы бөлүмүнүн башкаруучусунун орун басары, комиссиянын катчысы (добуш берүү укугусуз); |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
3 | Асанбеков Нурлан Дуйшенбекович | КР Өкмөтүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү; |
4 | Руслан уулу Бакай | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү; |
5 | Табалдиев Миран Аманбаевич | Токмок ш. мэриясынын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
6 | Киртенов Жамангул Камчыбекович | “Жетинчи апрелдин Баатырлары” КБнын өкүлү; |
7 | Лавринович Ольга Викторовна | “Общество Корнелеуса” КФдин төрайымы; |
8 | Калданов Мирбек Омурбекович | “Жетинчи апрелдин Баатырлары” КБнын өкүлү; |
9 | Эшенов Элчибек Акматбекович | “Адилеттүү келечек” КФдин төрагасы; |
10 | Карыбеков Марат Кочконбаевич | Токмок ш. Коомдук алдын алуу борборунун төрагасы.
|
Жооптуу катчы | Р.А.Кадыркулова |